Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Ички иштер министрлиги менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары “Электрондук байкоо” пилоттук долбоорун ишке киргизди.

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Ички иштер министрлиги менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары “Электрондук байкоо” пилоттук долбоорун ишке киргизди.

Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Ички иштер министрлиги менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары “Электрондук байкоо” пилоттук долбоорун ишке киргизди.

2024-05-29 11:56:36

Бишкекте жаңы бөгөт коюу чарасы катары “Электрондук байкоо” пилоттук долбоору ишке кирди

Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Ички иштер министрлиги менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары “Электрондук байкоо” пилоттук долбоорун ишке киргизди.

Биринчи жолу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын тергөөчүлөрү бөгөт коюу чарасын "Электрондук байкоо" түрүндө колдонду.

"Электрондук байкоо" - бул аралыктан идентификациялоо мүмкүнчүлүгү менен айыпталуучунун турган жерин контролдоону камсыз кылган мониторингдин заманбап системасы. Система электрондук билериктер аркылуу, ошондой эле уюлдук телефондогу мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашырылат.

"Электрондук байкоонун" негизги өзгөчөлүктөрү:

Электрондук билериктер билекке тагылат жана аларды алып салууга же кайра программалоого болбойт. Жабдууларды жок кылуу аракеттери бузуу сигналын иштетет.

Мобилдик тиркеме айыпталуучунун телефонуна орнотулат, мында белгиленген убакыт аралыгында рандомиялык тартипте Face ID функциясы аркылуу аралыктан идентификациялоону ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү берилет.

"Электрондук байкоонун" негизги артыкчылыктарынын бири бул үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө анын эффективдүүлүгү. Система айыпталуучулардын айрым адамдарга же аймактарга жакындоо радиусун чектеп, жабыр тарткандарга кошумча коргоону камсыздай алат.

Электрондук байкоо Пробация департаментинин Мониторинг борбору аркылуу 24 саат бою адамдын кыймылын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү камсыз кылат. Тергөөчү же судья тарабынан белгиленген бул бөгөт коюу чарасынын шарттары аткарылбаган учурда пробация органдары эреже бузууларга тез чара көрө алышат.

Белгилей кетсек, бул чара өзгөчө оор кылмыштарга жана зомбулук көрсөтүү менен байланышкан оор кылмыштарга айыпталган адамдарга карата колдонулбайт.

Мындан тышкары, Пробация департаменти пилоттук режимде жазаны аткаруунун же шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуунун алкагында пробациянын кардарлары болуп саналган адамдар үчүн "Электрондук көзөмөл" системасын ишке киргизди.

Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER