Пробация департаменти жана "Аялдар тынчтык банкы" коомдук бирикмеси кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти жана "Аялдар тынчтык банкы" коомдук бирикмеси кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жана Европа Союзу тарабынан каржылануучу "Аялдар тынчтык банкы" коомдук бирикмеси менен биргеликте "Эл аралык стандарттарга ылайык сот адилеттигин жүргүзүүдө аялдардын укуктарынын сакталышына мониторинг" жана "СЕДЕП: Туруктуу экономикалык өнүгүү, укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана аялуу жаш аялдарды коргоо" долбоорлорун ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Меморандумдун максаты "Аялдар тынчтык банкы" фонду менен биргеликте пробация органдарында каттоодо турган аялдарды окутуу жана андан ары ишке орноштуруу аркылуу реабилитациялоо боюнча кызматташуу болуп саналат.