Террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондорду пробациялык көзөмөлдөө жана бошотулгандан кийин аларды көзөмөлдөө боюнча эки күндүк аймактык форум
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондорду пробациялык көзөмөлдөө жана бошотулгандан кийин аларды көзөмөлдөө боюнча эки күндүк аймактык форум
Бүгүн Бишкекте террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондорду пробациялык көзөмөлдөө жана бошотулгандан кийин аларды көзөмөлдөө боюнча эки күндүк аймактык форум өтүүдө.
Форумга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, Түркмөнстан Республикасынын, Казакстан Республикасынын өкүлдөрү, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кызматкерлери, ошондой эле Пробация департаментинин кызматкерлери катышууда.
Форумдун алкагында талкуулар, презентациялар жана семинарлар өтүп, анда эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү билим жана мыкты тажрыйба алмашуу үчүн чогулушат. Катышуучулар аймакта экстремизм менен терроризмдин кайра жанданышын алдын алууга багытталган реабилитация жана реинтеграциянын ыкмаларын изилдешет.