2023-жылдын 29-августунда Департаментте, кызматташуу жөнүндө үч тараптуу Меморандумга кол коюлду
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 2023-жылдын 29-августунда Департаментте, кызматташуу жөнүндө үч тараптуу Меморандумга кол коюлду
2023-жылдын 29-августунда Департаментте, Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана Билим берүү жана илим министрлигинин №1 кесиптик окуу жайынын ортосунда кызматташуу жөнүндө үч тараптуу Меморандумга кол коюлду.
Меморандумдун негизги максаты - пробациянын кардарларын кайра социалдаштыруу процессине тараптардын жигердүү катышуусуна көмөктөшүү, пробациянын кардарларын окуу-өндүрүштүк базалар жана окуу процессин уюштуруу үчүн каражаттар менен акысыз камсыз кылуу жана аларды андан ары ишке орноштуруу.
Меморандумду ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын 4-сентябрынан тартып Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин базасында пробациянын кардарларын окутуу башталат.