Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын аймактык пробация органдарынын кызматкерлери үчүн АИВ /СПИДдин алдын алуу боюнча маалыматтык лекцияга катышты
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын аймактык пробация органдарынын кызматкерлери үчүн АИВ /СПИДдин алдын алуу боюнча маалыматтык лекцияга катышты
2023-жылдын 23-августунда Ысык-Көл облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун дарыгерлери Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын аймактык пробация органдарынын кызматкерлери үчүн АИВ /СПИДдин алдын алуу боюнча маалыматтык лекция өткөрүштү.
Иш-чара 2022-жылдын 14-мартындагы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигини менен Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин биргелешкен буйругунун алкагында 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында АИВ жана кургак учук боюнча кызматтарды көрсөтүүдө укуктук тоскоолдуктарды жоюу боюнча ведомстволор аралык иш-чаралардын бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Тараптар пробациянын кардарларынын арасында АИВ-инфекциясын диагностикалоо жана алдын алуу маселелери боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү макулдашышты.