2023-жылдын 3-августунда Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринен турган жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 2023-жылдын 3-августунда Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринен турган жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү.
2023-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде, Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринен турган жумушчу топтун, ошондой эле Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясынын эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү.
Аталган жумушчу топ тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча коррекциялык программаны жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу боюнча иштер башталды.
Жыйындын жүрүшүндө эксперттер Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө коррекциялык программаларды өткөрүү жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Атап айтканда, Латвия Республикасынын Мамлекеттик пробация кызматынын эксперти Эвия Бурковская үй-бүлөлүк зомбулук жасаган соттолгондорго жана пробациянын кардарларына карата Латвияда колдонулуп жаткан коррекциялык программалар жөнүндө айтып берди.
Бүгүнкү күндө Пробация департаментинин жана Жазаларды аткаруу кызматынын ишине коррекциялык программаларды киргизүү ишмердүүлүктүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.