2023-жылдын 20-июль күнү пробациянын кардарларына электрондук мониторингди колдонуу боюнча тегерек стол болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 2023-жылдын 20-июль күнү пробациянын кардарларына электрондук мониторингди колдонуу боюнча тегерек стол болуп өттү.
Бүгүн, 2023-жылдын 20-июль күнү пробациянын кардарларына электрондук мониторингди колдонуу боюнча тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, Пробация департаментинин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө Эл аралык эксперт Кевин Лоури Кыргыз Республикасында электрондук мониторингди колдонуу боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырды, ошондой эле Пробация департаментинин кызматкери Кыргыз Республикасынын пробация органдарында электрондук мониторингди колдонуу жөнүндө айтып берди.
Мындан тышкары, пробациянын кардарларын көзөмөлдөөдө техникалык каражаттарды колдонуу тартиби жана механизми, жеке маалыматтарды башкаруу маселелери талкууланды.