Пробациянын кардарларынын керектөөлөрүнүн тобокелдиктерин баалоо боюнча «Пробация» АМТда модулду иштеп чыгуу жана киргизүү маселеси талкууланды.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробациянын кардарларынын керектөөлөрүнүн тобокелдиктерин баалоо боюнча «Пробация» АМТда модулду иштеп чыгуу жана киргизүү маселеси талкууланды.
Бүгүн, 11-июлда Департаментте жолугушуу болуп, анда пробациянын кардарларынын керектөөлөрүнүн тобокелдиктерин баалоо боюнча «Пробация» АМТда модулду иштеп чыгуу жана киргизүү маселеси талкууланды.
Жолугушууга Пробация департаментинин жетекчилиги жана кызматкерлери, "Укук" мамлекеттик ишканасынын , БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана Людвиг Больцман атындагы адам укуктарынын институтунун өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар «Пробация» АМТна айтылган модулду иштеп чыгуу жана андан ары ишке киргизүү маселелерин талкуулашты. Модулду иштеп чыгуунун максаты тобокелдиктерди баалоо жол-жоболорунун натыйжалуулугун жогорулатуу, пробациянын кардарларынын керектөөлөрүн так аныктоо жана түшүнүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
"Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги секторун колдоо: пробация системасын жана сот адилеттигин жакшыртуу жана санариптештирүү" долбоорунун алкагында пробациянын кардарларынын тобокелдиктерин жана муктаждыктарын баалоо методикасынын долбоору иштелип чыккан.