Ош шаарында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын пробация кызматкерлерине семинар өтүүдө.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ош шаарында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын пробация кызматкерлерине семинар өтүүдө.
12- 16-июь күндөрү Ош шаарында БУУ БКБнын "Террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштары үчүн соттолгондорго пробациялык көзөмөл" долбоорунун алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын пробация кызматкерлерине пробациянын кардарлары үчүн тобокелдиктерди жана муктаждыктарды баалоо тутумун колдонуу боюнча семинар өтүүдө.
Бул иш-чаранын максаты- пробация кызматынын кызматкерлеринин кесиптик потенциалын күчөтүү жана кардарларды социалдык реабилитациялоо жана реинтеграциялоо чараларын жекелештирүү үчүн иштелип чыккан системаны пайдаланууга даярдоо болуп саналат.
Тренер катары Латвия Республикасынын мамлекеттик пробация кызматынын эксперти - Александра Керна, ошондой эле Пробация департаментинин мурда окутулган кызматкерлери чыгышат.