Жайыл райондук пробация бөлүмүнүн кызматкерлери райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте бир нече мектептерде тааныштыруу лекцияларын уюштурушту
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Жайыл райондук пробация бөлүмүнүн кызматкерлери райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте бир нече мектептерде тааныштыруу лекцияларын уюштурушту
Жайыл райондук пробация бөлүмүнүн кызматкерлери райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте бир нече мектептерде тааныштыруу лекцияларын уюштурушту, ага 900 гө жакын 7-11-класстын окуучулары катышты. Бул лекциялар окуучуларды пробация органынын ишмердүүлүгү менен тааныштырууга, ошондой эле балдар арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган.
Окуучуларга Пробация департаментинин ишмердүүлүгү тууралуу видеороликтер жана презентациялар көрсөтүлдү. Жолугушуунун соңунда окуучулар кызыккан суроолорун берип, аларга жооп алышты.
Бул иш - чаранын максаты- окуучулардын пробация органынын биздин коомдо ойногон маанилүү ролу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу.