Бишкекте пробациянын кардарларынын тобокелдиктерин жана муктаждыктарын баалоо системасын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун отуруму болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Бишкекте пробациянын кардарларынын тобокелдиктерин жана муктаждыктарын баалоо системасын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун отуруму болуп өттү
2023-жылдын 25-28-апрелинде Бишкек шаарында Пробация департаментинин кызматкерлеринин катышуусунда пробациянын кардарларынын тобокелдиктерин жана муктаждыктарын баалоо системасын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун отуруму болуп өттү.
Жолугушуу БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын «Террористтик жана экстремисттик кылмыштар үчүн соттолгондорго пробациялык көзөмөл жүргүзүү» долбоорунун алкагында өттү.
Иш-чаранын максаты - пробациянын кардарларынын тобокелдиктерин жана муктаждыктарын баалоо, натыйжаларды адаптациялоо жана жакшыртуу боюнча комплекстүү системаны иштеп чыгуу.
Жолугушуунун жүрүшүндө эксперттик топ мыкты тажрыйбаларды, ошондой эле бул жааттагы жаңы тенденцияларды жана инновацияларды талкуулашты.