Пробация департаменти электрондук билериктерди талкуулады
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти электрондук билериктерди талкуулады
Пробация департаментинде АКШдан келген эксперт-консультант Кевин Лоури менен электрондук билериктерди киргизүү маселеси боюнча жолугушуу болуп өттү
Жолугушууга Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар кардарларды көзөмөлдөөнүн бир жолу катары пробация органдарынын ишмердүүлүгүнө электрондук билериктерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Келечекте электрондук билериктерди колдонуу кызматкерлерге пробациянын кардарларынын сот тарабынан жүктөлгөн көзөмөл талаптарын жана милдеттерин аткаруусун натыйжалуур көзөмөлдөөгө, ошондой эле мыйзам бузууларга жол берилген учурда ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.