Бүгүн, “Сити отель” мейманканасында тегерек стол өтүүдө
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Бүгүн, “Сити отель” мейманканасында тегерек стол өтүүдө
Бүгүн, “Сити отель” мейманканасында БУУнун онүктүрү программасы жана "Сорос-Кыргызстан" коомдук фонду уюштурган мамлекеттик социалдык заказ программасынын жана пробациянын кардарларына кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын долбоорлорун талкуулоо боюнча тегерек стол өтүүдө.
Иш – чаранын максаты пробациянын кардарларына жарандык секторду тартуу жолу менен социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча көйгөйлөрдү чечүү.
Бул иш-чарага Пробация департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле жарандык сектордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү каатышууда.
Бүгүнкү күндө Пробация департаментинин ишине мамлекеттик социалдык заказды киргизүү Департаменттин алдында турган артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат.