Пробация департаментинин өкүлдөрү Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде өткөн “Карьера күнү – 2023” иш-чарасына катышты
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинин өкүлдөрү Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде өткөн “Карьера күнү – 2023” иш-чарасына катышты
Пробация департаментинин өкүлдөрү Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде өткөн “Карьера күнү – 2023” иш-чарасына катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Департаменттин иши тууралуу маалымат берилип, брошюралар таратылды. Кызматкерлер кызыккан суроолоруна жооп берип, иш тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Студенттер өз кезегинде волонтердук ишке кызыгуусун билдирип, пробация органдарында окуу практикасынан өтүүнү каалашарын билдиришти.
Иш-чаранын максаты - бүтүрүүчүлөргө келечектеги кесибин аныктоодо жардам берүү.