Пробация департаментинин кызматкерлери үчүн тренинги болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинин кызматкерлери үчүн тренинги болуп өттү
Бүгүн, Пробация департаментинин кызматкерлери үчүн КРнын "Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү ", "Терроризмге каршы аракеттенүү" жөнүндө мыйзамдарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун эксперти, "Prevention Media" аналитикалык платформасы фондунун башчысы Алмаз Исмановдун тренинги болуп өттү.
Тренингде жеке маалыматтарды коргоодо санариптик сабаттуулуктун маанилүүлүгү, ошондой эле баардык кызматкерлер үчүн, айрыкча жазык сот адилеттиги тутумунда иштегендер үчүн медиа сабаттуулуктун маанилүүлүгү талкууланды.