Бүгүн, 3-мартта LEICA - (Борбордук Азияда тартипти камсыздоо) долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Бүгүн, 3-мартта LEICA - (Борбордук Азияда тартипти камсыздоо) долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
Бүгүн, 3-мартта LEICA - (Борбордук Азияда тартипти камсыздоо) долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Пробация департаментинин директорунун орун басары Д.Калматов, Окуу-методикалык башкармалыктын начальниги Р.Алымкулов, Теологиялык-иш секторунун бөлүм башчысы М.Ногойбаев катышышты.
Иш-чаранын алкагында 2023-жылга карата экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча теологиялык иш багытында эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун аягында тараптар кызматташтыкты мындан ары бекемдөөнүн жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.