Бүгүн, 2023-жылдын 16-февралында Бишкекте тегерек стол болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Бүгүн, 2023-жылдын 16-февралында Бишкекте тегерек стол болуп өттү.
Бүгүн, 2023-жылдын 16-февралында Бишкекте тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышышты.
Тегерек столдо 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Пробация институтун өнүктүрүү Стратегиясынын долбоору жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы сунушталып, талкууланды.
Бул иш-чара катышуучулар үчүн Кыргызстандагы пробация институтун өнүктүрүү боюнча пикир, тажрыйба алмашуу жана жаңы идеяларды жаратууга жакшы мүмкүнчүлүк болду.
Маалымат катары: Иш-чара Европа Биримдиги менен БУУ БКБнын биргелешкен "Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги секторун реформалоону колдоо (бардыгы үчүн сот адилеттиги) долбоорунун алкагында өттү.