Пробациянын кызматкерлери өз кардарларына азык-түлүк жактан жардам көргөзүүнү улантууда
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробациянын кызматкерлери өз кардарларына азык-түлүк жактан жардам көргөзүүнү улантууда
Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалды киргизүү мезгилинде пробация органдарынын кызматкерлери оор турмуштук кырдаалга кабылган пробациянын кардарлары үчүн кайрымдуулук жардамын көрсөтүү уланууда.
Алсак, Талас облусунун Талас шаарынын жана Талас районунун пробация органдарынын кызматкерлери "21-кылымдагы жаштардын ден-соолугу жана билим алуусу” КФ жана белгисиз бойдон калууну каалаган жеке ишкердин колдоосу менен пробациянын 10 кардарына азык-түлүк жардам көрсөтүштү.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай гуманитардык уюмунун колдоосу менен 6 пробациянын кардарларына гуманитардык–азык-түлүк жардам көрсөтүштү.
Азык-түлүк топтомдордун курамына зарыл болгон тамак-аш азыктары: ун азыктары, кант, өсүмдүк майы, акшак ж. б. кирди. Алар аз камсыз болгон жана көп балалуу пробациянын кардарларынын үй-бүлөлөрүнө берилди.