Пенитенциардык пробация
1. Пенитенциардык пробация - соттолгондорго карата колдонулуучу жана пробация органдарынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, түзөтүү мекемелеринин администрацияларынын, коммерциялык эмес уюмдар менен пробациянын кардарларынын аларды түзөтүү мекемелеринен бошотууга даярдоо боюнча биргелешкен ишинен турган пробация.
2. Адамдарды бошотууга даярдоодо аларды социалдык адаптациялоо боюнча иш жүргүзүлөт жана төмөнкүлөр боюнча чаралар көрүлөт:
1) жоготулган документтерди (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, айдоочунун күбөлүгү, пенсиялык күбөлүк, билими жөнүндө диплом же аттестат жана башкалар) жана жоготулган укуктарды (менчик укугу, жөлөкпул жана пенсия алууга укук, турак жайга укук, мураска укук жана башкалар) калыбына келтирүү;
2) андан ары ишке орноштуруу үчүн кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен байланыштарды түзүү;
3) соттолгондорго бош орундар жана иш ордун тандоо жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен байланыштарды түзүү, аларды калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарда каттоого көмөк көрсөтүү;
4) социалдык турак жайды издөө жана алуу үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана башка уюмдар жана мекемелер менен байланыштарды түзүү;
5) оор турмуштук кырдаалга кабылган адамдарга кызматтарды көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар менен байланыштарды түзүү;
6) бир жылдын ичинде түзөтүү мекемелеринен бошотулууга тийиш болгон кардарлар үчүн ушул Мыйзамдын 17-беренесине ылайык социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
7) медициналык жана пенсиялык камсыздандыруу менен камсыз кылуу;
8) бошотулгандан кийин эсепке коюу жана дарыланууну улантуу үчүн медициналык мекемелер менен байланыштарды түзүү;
9) мыйзамдарда каралган башка чаралар.
3. Адамдарды мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга даярдоодо рецидивдин ыктымалдуу тобокелдиктерин, криминогендик муктаждыктарды жана кайра социалдаштыруунун келечектерин чагылдырган пробациянын кардарынын ким экендигине социалдык изилдөө жүргүзүлөт.
Маалыматтарды чогултуу жана баалоо ушул Мыйзамдын 9-беренесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Түзөтүү мекемелеринен бошотулуучу адамдарга карата социалдык коштоо жүргүзүлөт, ал эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргүзүлүүчү реабилитациялык иш-чаралар процессинин, бошотулгандан кийин социалдык маанилүү ооруларды дарылоо курсунун үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат.