Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пенитенциардан кийинки пробация

Башкы / Пробация / Пробациянын түрлөрү / Пенитенциардан кийинки пробация

Пенитенциардан кийинки пробация

Пенитенциардан кийинки пробация деген эмне?

Бул - түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарга карата колдонулуучу жана аларды кайра социалдаштыруу максатында социалдык колдоо көрсөтүү боюнча иш жүргүзүүдөн турган пробация.

КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесинин 1- жана 2-пункту: Пенитенциардан кийинки пробация - түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарга карата колдонулуучу жана аларды кайра социалдаштыруу максатында социалдык колдоо көрсөтүү боюнча иш жүргүзүүдөн турган пробация. Мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарга карата түзөтүү мекемелеринде жүргүзүлүп келген социалдык колдоо жана кайра социалдаштыруу боюнча иш-чаралар улантылат.

Демек, соттолгон адам боштондука чыкты, эми ал пробациянын көзөмөлүнүн алдында турат. Ал түзөтүү мекемелеринен жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулгандан кийин, мыйзам талабы боюнча, 5 күндүн ичинде өзү жашаган дарек боюнча пробация органына барып каттоого турушу зарыл.

Пенитенциардык пробацияда түзөтүү мекемелери тарабынан бир жыл аралыгында жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотула турган соттолгон адамга карата, алардын өздүгүнө жана муктаждыгына жараша социалдык-укуктук жардам көрсөтүү, аларды кайра коомго аралаштыруу максатында жеке программа түзүлөт, сот тарабынан бошотулгандан кийин, программада каралган иш-чаралар, пробация кардары жашаган дареги боюнча пробация органы тарабынан улантылат.

Кардар боштондукка чыккандан кийин, пробация органдары кардарын боштондука даярдоодон реалдуу жардам көрсөтүүгө өтөт. Пробациянын кызматкерлери тарабынан, социалдык-укуктук жардам көрсөтүү максатында, түзүлгөн жекече программа жана пробация көзөмөлүнүн планы боюнча социалдык, укуктук жана психологиялык жардам, пайдалуу байланыштарды түзүүгө жана калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүлөт.

Эгер кардар макул болсо, пробациянын психологтору кеңешме тартибинде жаңы жашоо баштагандан кийин туруктуу иш менен камсыз кылуу максатында, кардардын туруктуу психологиялык мүнөзүн түзүүгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле пробациянын кардары үчүн пробациялык көзөмөл боюнча милдеттердин айрым бөлүгүн аткара турган ыктыярчыны бекитиши мүмкүн.

Ошондой эле, пробация органдары кардардын ишке орношуусуна, кесиптик билим алуусуна, жашаган жери боюнча каттоого туруу үчүн зарыл болгон документтерди алуусуна жана медициналык, социалдык кызматтарды алууга, пенсиондук камсыздоого көмөк көрсөтүшөт.

КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесинин 3-пункту: Түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдар жазык-аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте жашаган жерине акысыз жетүү, тамак-аш азыктары же акча, сезонго жараша зарыл кийим жана бут кийим менен камсыз кылынат.

Пробация кардарынын, программада көрсөтүлгөн талаптарды аткаруудан баш тартышы, пробация органынын, ага карата сотко жазадан бошотуу, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын өзгөртүү, сот тарабынан дайындалган айрым милдеттенмелерин жарым же болбосо толук жокко чыгаруу жөнүндөгү сунуштарды, ошондой эле пробация көзөмөлүнүн планынын пробация кардары тарабынан аткарылышы жөнүндөгү жыйынтык түзүүдө эске алынат, натыйжалары пробация органынын корутундусунда чагылдырылат.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER