Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Сотко чейинки пробация

Башкы / Пробация / Пробациянын түрлөрү / Сотко чейинки пробация

Сотко чейинки пробация

Сотко чейинки пробация маңызы биздин адистер күнөөлүү деп шектелген адам тууралуу "пробациялык баяндаманы" даярдоосунда турат.

Башкача айтканда, айыпталуучунун иши сотко келгенден кийин сот органынын талабына ылайык, инсанга карата ар-тараптуу социалдык-психологиялык изилдөөдөн турган тиешелүү маалыматтарды чогултулуп, аны баалап жана анын жыйынтыгын чагылдырган пробациялык баяндама түзүлүп, сотко сунуштама мүнөзүндө жөнөтүлөт.

Бул социалдык изилдөө, айыпталып жаткан инсандын ички дүйнөсүнүн өздүгү менен кылмыштык тобокелчиликтерин, криминогендик талаптарын аныктоо жана ага объективдүү баалоо жүргүзүлүүсүн камсыз кылышы керек, ошондой эле анын коомдон обочолонтпой түзөтүү мүмкүнчүлүгү бар же жоктугун тактап бериш керек.

Жыйынтыгында, сот эркинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындашы мүмкүн, анын негизинде пробациянын кардарына түзөтүү абакта эмес, коомдон обочолонбой жазаны өтөө аркылуу түз жолго түшүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Сотко чейинки пробация - айыпталуучуга карата колдонулуучу жана анын ким экендигин социалдык-психологиялык изилдөөдөн турган пробация, анын жыйынтыктары боюнча пробациялык баяндама түзүлөт. Ал айыпталуучуга карата пробациялык баяндаманы даярдоо жөнүндө соттун талабы боюнча жүзөгө ашырылат.

Маалыматтар төмөнкүлөр жөнүндө чогултулууга тийиш:

1) пробациянын кардарынын социалдык статусу;

2) үй-бүлөсү, башка социалдык байланыштары;

3) турак-жай жана социалдык-тиричилик шарттары;

4) билими;

5) жашаган, иштеген, окуган жери, ишинин түрү;

6) ден соолугунун абалы;

7) шыктары жана адаттары;

8) алкоголго, баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга көз карандылыгынын, психикалык бузулууларынын болушу;

9) оор турмуштук кырдаалга алып келген башка жагдайлар.

Маалыматтарды чогултуу мүнөздөмөлөрдү, пикирлерди, сунуштамаларды, түшүнүк каттарды, маалымкаттарды алуу, талап кылуу, мамлекеттик органдардын маалыматтар базаларын пайдалануу, актыларды жана башка документтерди түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Маалыматтарды жыйноо тартиби, пробация органынын укуктары, ыйгарым укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Маалыматтарды чогултуу өнөкөт тобокелдиктерин жана кардардын криминогендик муктаждыктарын, ошондой эле аны коомдон обочолонтпостон түзөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо менен айыпталуучунун ким экендигине объективдүү баа берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш.

Өзүнө карата пробациялык баяндама даярдалып жаткан айыпталуучу пробациялык баяндамага киргизүү үчүн маалыматтарды өзү, жактоочусу, жубайы же жакын туугандары аркылуу жазуу жүзүндө билдирүүгө жана берүүгө укуктуу.

Жыйналган маалыматтардын жана аларды баалоонун негизинде, коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазык жазаны жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө сунуштамалар чыгарылат, бул жөнүндө пробациялык баяндама түзүлөт.
Маалыматтардын жоктугунда же толук эместигинде, айыпталуучу соттун талабында көрсөтүлгөн даректе жашабаганда, айыпталуучунун ким экендиги тастыкталбаганда, айыпталуучу каза болгондо, анын айынан пробациялык баяндаманы түзүү талап кылынбай турган өтө оор кылмыш жасалганда пробациялык баяндаманы түзүү мүмкүн эместиги жөнүндө жүйөлүү корутунду түзүлөт, анда жыйналган маалыматтар чагылдырылат.

Пробациялык баяндаманы жана аны түзүү мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну түзүүнүн мөөнөтү соттун талабы келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күнгө чейинди түзөт.

Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER