Аткаруу пробациясы
Аткаруу пробациясы – бул пробациянын кардарларына социалдык жана укуктук чараларды колдонуу, аларга оор турмуштук кырдаалдан чыгуусуна көмөк көрсөтүү менен бирге алардын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү, мыйзам чегинде чегерилген жоопкерчиликтеринин аткарылуусуна, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын камтыган процесстин жүрүүсү.
Соттолуучу аткаруучу пробациянын кардары болуп калды. Кийинкиси эмне?
Аткаруу пробациясы белгилүү бир иш-чараларды жүзөгө ашырууну билдирет, бул: кардарга оор турмуштук кырдаалдан чыгууга көмөктөшүү, социалдык-укуктук жардам көрсөтүү белгиленген болжолдуу иш-чараларды жүзөгө ашырууну камтыйт, мындайча айтканда, маалыматтык-талдоо ишин уюштуруу, социалдык-психологиялык өзгөчөлүктөрүн аныктоо, алардын муктаждыктарын менен социалдык укуктук жана психологиялык жардамга муктаж экендигин билүү, пробациялык көзөмөлдүн зарыл көлөмүн жана интенсивдүү деңгээлин аныктоо болуп саналат.
Кардардын керектөөсүнө жараша биздин кызматкерлер пробациянын кардарлары үчүн социалдык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча жеке программаны жана пробациялык көзөмөл планын жеке тартипте түзөт.
Алар төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) ишке орношууга жана билим алууга көмөк көрсөтүү;
2) социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү;
3) пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна, улгайган жарандар үчүн стационардык социалдык мекемелерге жиберүү;
4) юридикалык жардам көрсөтүү;
5) жоголгон укуктарын калыбына келтирүү жана зарыл болгон документтерди алуу;
6) социалдык пайдалуу байланыштарды калыбына келтирүү жана калыптандыруу;
7) медициналык кызматтын жардамын алуу, пробациянын кардарларын медициналык жана пенсиялык камсыздандыруу;
8) жабырлануучу менен жарашуу;
9) социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык пробациянын кардарларына социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды жана компенсацияларды төлөөнү камсыз кылуу;
10) Адеп-ахлактык, баалуулук багыттарды өзгөртүүгө, агрессиядан арылууга, жеке мамилелер көйгөйлөрүнөн арылууга, жабырлануучулар менен элдешүүгө багытталган психокоррекциялык терапия боюнча жеке жана топтук, психологиялык тренингдерди өткөрүү;
11) жеке психологиялык иш, атайын программаларга катышууга пробациянын кардарларын шыктандыруу.