Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2021-жылдын 11-апрелинде Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынды
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы Мыйзамы менен колдонууга киргизилди).
Биз, Кыргыз Республикасынын эли, өз тагдырыбызды өз алдынча чечүү укугун туу тутуп;
укук үстөмдүүлүгүн, адилеттүүлүктү жана тең укуктуулукту камсыз кылуу максатында;
чыныгы элдик бийликтин негиздерин бекемдеп;
ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап;
Кыргыз Республикасынын элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп;
мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо үчүн майтарылбас эркти көрсөтүп;
адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жана урматтоого умтулууну ырастап;
жалпы адамзаттык принциптерди жана баалуулуктарды таанып;
социалдык адилеттикке, экономикалык бакубатчылыкка, билимге, илимге жана руханий өнүгүүгө умтулуп;
элдин эркиндиги үчүн курман болгон баатырларды эсте сактап;
азыркы жана келечек муундардын алдында Мекен үчүн жоопкерчиликти түшүнүп, ушул Конституцияны кабыл алабыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бул жерден таанышыңыз.