Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартиби (мындан ары - Тартип) коомдон обочолонтууга байланышпаган жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларын аткаруунун, пробация кардарларын контролдоону, көзөмөлдөөнү уюштуруунун жана ишке ашыруунун, мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүдө кайра социалдаштырууда аларга көмөк көрсөтүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- пробация органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - коомдон обочолонтууга байланышпаган жазыктык жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну, түзөтүү мекемелеринен шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга социалдык-укуктук функцияларды аткаруу менен көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- пробациянын кардары (мындан ары - кардар) - "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде статусу аныкталган жеке жак;
- пробациянын волонтеру (мындан ары - волонтер) - пробация органдарына ыктыярдуу жана акысыз жардам көрсөтүүчү адам;
- ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм) - коомдон обочолонтууга байланышпаган жазыктык жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну, түзөтүү мекемелеринен шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга социалдык-укуктук функцияларды аткаруу менен көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү;
- "Пробация" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Пробация" АМС) - пробациянын кардарлары, Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында, пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, аларга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого арналган маалыматтык система;
- социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасы (мындан ары - Программа) - аймактык бөлүм тарабынан түзүлгөн, пробациянын кардарынын ким экендигин жана керектөөлөрүн иликтөөгө негизделген, ага социалдык-укуктук жардам көрсөтүү программасы;
- пробациялык көзөмөлдөө планы (мындан ары - План) - пробациянын кардарына сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруусун контролдоону ишке ашыруу боюнча аймактык бөлүм тарабынан түзүлгөн документ;
- электрондук көзөмөлдөө - аймактык бөлүм тарабынан кардарлардын көзөмөлдөө талаптарын жана пробациялык милдеттерин сактоосун көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун кошумча ыкмасы катары техникалык каражаттарды колдонуу;
- техникалык каражаттар - кардарлар менен үзгүлтүксүз байланышты жана белгиленген убакыт ичинде алардын кыймылына аралыктан байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу электрондук көзөмөлдөөгө арналган программалык жана техникалык каражаттар.
3. Кардарлар Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде, пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарына жана милдеттерине ээ.
4. Ыйгарым укуктуу органдын ушул Тартипте жана пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптары Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жарандар жана кызмат адамдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар же мекемелер үчүн аткарууга милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын аткарбоо, маалыматтарды өз убагында бербөө же туура эмес берүү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.
2-глава. Ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн функциялары
5. Ыйгарым укуктуу орган аймактык бөлүмдөрдү башкарат жана алардын ишин контролдойт.
6. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү функцияларды аткарат:
- компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар, коомчулук менен кызматташтыкты уюштурат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде "Пробация" АМСинин иштөөсүн камсыз кылат;
- жарандарды кабыл алат, пробация ишинин маселелери боюнча сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карайт;
- кызматкерлерди, волонтерлорду кесиптик даярдоодогу муктаждыктарды аныктайт;
- пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды аткарат.
7. Аймактык бөлүмдөр:
- коомдон обочолонтууга байланышпаган жазык жазаларын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткарышат;
- соттун талабы боюнча айыпталуучуларга карата пробациялык баяндамаларды даярдоону ишке ашырышат;
- кардарлардын кайталанган кылмыштарды, жоруктарды жана башка укук бузууларды жасоосун алдын алуу максатында аларга көзөмөлдү жана контролду жүргүзүшөт;
- жыл ичинде жаза өтөгөндөн кийин түзөтүү мекемелеринен бошотулууга тийиш болгон кардарларды, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон кардарларды даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт;
- "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган формаларда кардарга социалдык-укуктук, психологиялык жардам көрсөтүшөт.
3-глава. Пробациянын кардарларын каттоо жана эсепке алуу
1-§. Кардарларды каттоо
8. Аймактык бөлүм ага келип түшкөн пробациялык баяндаманы даярдоо жөнүндө соттун токтомунун же соттук актынын мыйзамдуу күчүнө киргендиги жөнүндө соттун буйругунун негизинде соттук актынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө менен кардарды эсепке алат.
Соттук чечимди жана соттук актынын мыйзамдуу күчүнө киргендиги жөнүндө буйрукту алгандан кийин пробациялык баяндаманы даярдоо жөнүндө соттун талабын кошпогондо, аймактык бөлүм өкүм чыгарган сотко аны аткарууга келтирүү жөнүндө билдирүү жөнөтөт.
9. Кардарды каттоо төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- 1ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча сотко чейинки пробациянын кардарларын эсепке алуу журналында;
- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча аткаруу пробациясынын кардарларын эсепке алуу журналында;
- ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча пенитенциардык пробациянын кардарларын эсепке алуу журналында;
- ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча пенитенциардан кийинки пробациянын кардарларын эсепке алуу журналында;
- "Пробация" АМСинде.
Ошондой эле аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан кардардын эсептик картасы таризделет, кийин ал жазалардын түрлөрү, жазык-укуктук таасир этүүнүн чаралары, пробациялык көзөмөл, шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жалпы картотекага киргизилет.
10. Кардарды каттоо, эсептик картаны тариздөө, "Пробация" АМСине кардар тууралуу маалыматтарды киргизүү кардарга карата соттук акты келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аймактык бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
Кардардын жашаган жери өзгөргөн учурда аны каттоо ушул пунктта белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
11. Кардарлар катталгандан кийин аймактык бөлүм ыйгарым укуктуу органга эркиндигин чектөө, коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаларга соттолгон, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза өтөөдөн бошотулган, түзөтүү мекемелеринен шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган кардарларга, ошондой эле эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган жашы жете элек адамдарга карата Кыргыз Республикасынан чыгууга чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө кабарлоо жөнөтөт.
12. Кардарлардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусуна чектөөлөрдү алып салуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын (мындан ары - ТМЭБС) колдонуу менен аймактык бөлүмдүн келип түшкөн кабарлоосунун негизинде төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жазанын түрлөрү боюнча мөөнөтүн өтөгөндө, пробациялык көзөмөлдүн, жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларынын мөөнөтү бүткөндө жана шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуунун мөөнөтү бүткөндө;
- соттун өкүмү ( аныктамасы, токтому) жокко чыгарылганда;
- аймактык бөлүмдүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууга уруксаты (ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган) берилгенде.
13. Ыйгарым укуктуу орган аймактык бөлүмгө кардар эсептен чыгарылган күнү кардардан чектөөлөр алып салынгандыгы же чыгууга уруксат берилгендиги жөнүндө кабарлайт.
14. Кардар белгиленген мөөнөттө эсепке алуу үчүн келбеген учурда аймактык бөлүм 30 календардык күндүн ичинде кардардын турган жерин жана келбегендигинин себептерин аныктоо боюнча чараларды көрөт.
Жүйөөлүү себептер жок болгон учурда аймактык бөлүм кардардын келбегендиги тууралуу өкүм чыгарган сотко кабарлоо жөнөтөт.
Кардардын катуу ооруп калуусу, жубайынын, жакын тууганынын каза болушу же оорусунун оор формасы, ошондой эле ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгондо (форс-мажордук жагдайлар), өзгөчө кырдаалдын киргизилиши, өзгөчө абалдын, аскердик абалдын жана санитардык карантиндик чаралардын киргизилиши жүйөлүү себептер болуп саналат.
2-§. Кардарларды эсепке алуу
15. Кардар каттоого туруу үчүн аймактык бөлүмгө келгенден кийин аймактык бөлүмдүн кызматкери алгачкы таанышуу аңгемелешүүсүн жүргүзөт, анын жүрүшүндө кардардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери (паспорту, аскердик билети, айдоочулук күбөлүгү) текшерилет жана сурамжылоо жүргүзүлөт, анда аларга берилген маалыматтар коомдон обочолонтуусуз жазык жазаларын, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу үчүн пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотулгандардын жана жаза өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулгандардын келип түшкөн материалдарында көрсөтүлгөн маалыматтары менен салыштырылат.
16. Эгерде кардар жашы жете элек болсо, аңгемелешүү ата-энесинин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн, асырап алуучуларынын) милдеттүү катышуусунда, ал эми алар жок болгон учурда - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин катышуусунда жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда аңгемелешүүгө ички иштер органдарынын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкери тартылат.
17. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө аймактык бөлүмдүн кызматкери:
- ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү форма боюнча жарандыгы, катталган жана/же жашаган, иштеген жана окуган жери, байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почтасы), аны менен чогуу жашаган жакын туугандары, ошондой эле анын жакын баарлашуу чөйрөсүнө кирген адамдар жөнүндө маалыматтар чагылдырылуучу анкетаны түзөт;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыны аткаруу үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды, Планды жана Программаны түзүү үчүн керектүү документтердин бар экендигин аныктайт;
- кардарга укуктары жана милдеттери, эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазык жазаларын, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын өтөөнүн, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотуунун жана жаза өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуунун тартиби жана шарттары, аларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги түшүндүрөт жана аны менен таанышкандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча тил кат алат.
18. Жүргүзүлгөн аңгемелешүүнүн жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча кардар менен аңгемелешүү жөнүндө маалым кат түзүлөт.
19. Кардар эсепке алынгандан кийин аймактык бөлүм негизги документ болуп эсептелүүчү кардардын өздүк делосун түзөт.
20. Сотко чейинки пробациянын кардарынын өздүк делосу төмөнкүдөй документтерден түзүлөт:
- өздүк делонун тизмегинен;
- 3x4 см өлчөмүндөгү сүрөтү менен кардардын анкетасынан;
- пробациялык баяндаманы даярдоо жөнүндө соттун талабынан (токтому);
- турак жай жана социалдык-тиричилик шарттарын текшерүү актысынан;
- жашаган жери боюнча каттоо эсеби жөнүндө даректик маалым каттан, үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалым каттан жана башка социалдык байланыштар жөнүндө маалым каттан;
- иштеген жана окуган жеринен мүнөздөмөдөн (иштеген жана окуган жери болгон учурда);
- алкоголдон, баңги каражаттарынан жана психотроптук заттардан көз карандылыгы, психикалык бузулууларынын бар экендиги жөнүндө маалыматтардан;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин (алар бар болсо) көчүрмөлөрүнөн;
- соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө документтерден;
- кардардын (айыпталуучунун) ким экендигин психологиялык изилдөөнүн корутундусу;
- пробациялык баяндамадан;
- пробациялык баяндаманы түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө мотивациялык корутундудан;
- кардардын социалдык статусун ырастоочу документтерден (никелешүүсү (бузулгандыгы) жөнүндө, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүнөн, аны ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп таануу жөнүндө маалым каттан).
21. Пенитенциардык пробациянын кардарынын өздүк делосу төмөнкү документтерден түзүлөт:
- өздүк делонун тизмегинен;
- түзөтүү мекемесинин жазуу түрүндөгү кабарлоосунан;
- эсептик картасынан;
- 3x4 см өлчөмүндөгү сүрөтү менен кардардын анкетасынан;
- Программадан;
- Программадан баш тартуу тууралуу актыдан;
- "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде белгиленген тартипте топтолгон маалыматтардан.
22. Аткаруу жана пенитенциардан кийинки пробациянын кардарынын өздүк делосу эки бөлүктөн түзүлөт:
1) 1-бөлүгү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- өздүк делонун тизмегин;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча кардардын каттоо бланкын;
- 3x4 см өлчөмүндөгү сүрөтү менен кардардын анкетасын;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыны (өкүм, аныктама, токтом) жана буйрукту;
- өкүмдү (аныктаманы, токтомду) чыгарган сотко ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча аны аткарууга келтирүү жөнүндө чакырууну;
- эркиндигин чектөө, коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза дайындалган, кылмыштарды, жоруктарды жасоо үчүн соттолгон кардарлардын, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык өтөөдөн бошотулган, түзөтүү мекемелеринен шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдардын, ошондой эле эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө түрүндөгү тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары дайындалган жашы жете элек адамдардын Кыргыз Республикасынан чыгууларына чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө кабарлоону;
- кардардын укуктары жана милдеттери, жаза, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын өтөөнүн, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза өтөөдөн бошотуунун, шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуунун тартиби жана шарттары, аларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги менен таанышкандыгы жөнүндө кардардын тил катын;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин (алар бар болсо) көчүрмөлөрүн;
- соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө документтерден;
2) 2-бөлүгү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кардар менен аңгемелешүү жөнүндө маалым каттарды (кардар аймактык бөлүмгө ар бир келген учурда түзүлөт);
- жашаган, иштеген жана окуган жеринен маалым каттарды (иштеген же окуган жери болгон учурда);
- иштеген жана окуган жеринен мүнөздөмөлөрдү (иштеген жана окуган жери болгон учурда);
-Программаны;
- эркин формада түзүлгөн кардардын Программага катышуудан баш тартуусу жөнүндө актыны;
- Планды;
- кардарга чыгарылган эскертүүлөрдү (катар номерлөө менен);
- кардардын социалдык статусун ырастоочу документтерди (никелешүүсү (бузулгандыгы) жөнүндө, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн, аны ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп таануу жөнүндө маалым катты);
- кардарды кайра социалдаштыруу маселелери боюнча документтерди;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча электрондук көзөмөлдү колдонуу жөнүндө кардардын арызын;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча электрондук көзөмөлдү колдонуу жөнүндө келишимди;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча электрондук көзөмөлдөө графигин;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча пробациянын кардарына карата электрондук көзөмөлдү белгилөө жөнүндө токтомду;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча пробациянын кардарына карата электрондук көзөмөлдү токтотуу жөнүндө токтомду;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча байланыштын жоктугунун себептерин аныктоо жөнүндө актыны;
- техникалык каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын.
23. Кардардын өздүк делосунун номери титулдук баракта төмөнкүдөй тартипте ыйгарылат: № X-Y-Z-P-G, мында:
X - номенклатуралык делонун номери;
Y - аймактык бөлүмдүн индекси;
Z - пробациянын түрү;
P - делонун катар номери;
G - эсепке алынган жыл.
24. Кардар фамилиясын, атын, атасынын атын (атасынын аты бар болсо) өзгөрткөн учурда, ал бул тууралуу аймактык бөлүмгө үч күндүк мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү жана кардардын өздүк делосунда көктөлгөн эсептик документтерге жана "Пробация" АМСине бул жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилет.
25. Кардардын өздүк делосу жоголгон учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлөт, жыйынтыгы боюнча күнөөлүүгө карата тартиптик жоопкерчилик чаралары көрүлөт, ал эми өздүк дело калыбына келтирилет, бул тууралуу калыбына келтирилген өздүк делонун титулдук барагына "Калыбына келтирилген" белгиси коюлат.
26. Кардардын өздүк делосуна тиркелген бардык документтер боо өткөрүлөт, хронологиялык тартипте номерленет жана өздүк делонун тизмегине киргизилет. Кардарлардын өздүк делолору, жалпы картотека сейфтерде же мөөр басылган, күйбөй турган металл шкафтарда сакталат.
27. Аймактык бөлүм төмөнкү учурларда кийин эсептик картаны жалпы картотекадан алуу менен жана аларды архивге которуу менен беш жумуш күндүн ичинде "Пробация" АМСине жана пробация кардарларын эсепке алуу журналына өзгөртүүлөрдү киргизет:
- кардар бошотулганда;
- жазаны андан ары өтөө жана жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларын ишке ашыруу үчүн башка аймактык бөлүмгө которулганда;
- өкүм (аныктама, токтом) өзгөртүлгөндө (жокко чыгарылганда);
- мунапыс актысы же ырайым кылуу актысы колдонулганда;
- кардар каза болгондо.
28. Ыйгарым укуктуу орган мониторинг жүргүзүү максатында аймактык бөлүмдөрдөн кардардын өздүк делосунун материалдарын суратып алууга укуктуу.
29. Эсептен чыгарылган күндөн тартып кардарлардын өздүк делолору аймактык бөлүм тарабынан архив иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоо үчүн ыйгарым укуктуу органга берилет.
4-глава. Сотко чейинки пробацияны ишке ашыруу тартиби
30. Сотко чейинки пробация аймактык бөлүм тарабынан айыпталуучунун ким экендигин социалдык-психологиялык изилдөө жүргүзүүнү билдирет, анын жыйынтыктары боюнча пробациялык баяндама түзүлөт.
31. Пробациялык баяндаманы даярдоо үчүн пробациялык баяндаманы даярдоо жөнүндө соттун талабы негиз болуп саналат, ал сотко чейинки пробациянын кардарларын эсепке алуу журналында катталат.
32. Пробациялык баяндаманы даярдоодо мүнөздөмөлөрдү, пикирлерди, сунуштамаларды, түшүнүк каттарды, маалым каттарды алуу, суратып алуу, мамлекеттик органдардын маалыматтар базаларын пайдалануу, актыларды жана кардардын ким экендиги жөнүндө башка документтерди түзүү жолу менен "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде каралган маалыматтарды топтоо ишке ашырылат.
33. Аймактык бөлүм зарыл болгон маалыматтарды алуу үчүн, анын ичинде "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын пайдалануу аркылуу суроо-талаптарды төмөнкүлөргө жөнөтөт:
- укук коргоо органдарына - кардардын мурдагы криминогендик таржымалы тууралуу маалыматты;
- саламаттык сактоо уюмдарына - ден соолугунун абалы, алкоголдук, баңгилик, психотроптук көз карандылыгы же башка маң кылуучу заттардан көз карандылыгы, психикалык бузулуусу жөнүндө маалымат алуу үчүн;
- социалдык коргоо органдарына - кардардын социалдык статусу жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн;
- кардар окуп жаткан же окуган билим берүү уюмдарына;
- кардардын иштеген, мурдагы иштеген жери боюнча уюмдарга (эгер бар болсо) - кардардын иши жөнүндө маалымат алуу үчүн.
34. Пробациялык баяндаманы даярдоо мезгилинде үй-бүлөдөгү мамилелер, кардардын жашоо образы, анын ар кандай адаттарга ыктоосу жөнүндө маалымат алуу максатында, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча интервью алуу аркылуу айыпталуучу, жубайы, анын жакын туугандары, кошуналары менен жолугушуулар уюштурулат.
Жүргүзүлгөн аңгемелешүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык бөлүмдүн кызматкери анын маңызын жана мазмунун чагылдырган эркин формадагы маалым катты түзөт.
35. Аймактык бөлүмдүн кызматкери кардардын үй-бүлөсүнө барган учурда анын турак-жай жана социалдык-тиричиликтик жашоо шарттарын текшерет, анын жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча акт түзөт.
36. Пробациялык баяндаманы даярдоо мезгилинде аймактык бөлүмдүн кызматкери жеке аңгемелешүү жүргүзүү үчүн айыпталуучуну чакырат (же ага барат), зарыл болгон учурда айыпталуучунун жактоочулары менен өз ара аракеттенет жана алардан зарыл маалыматтарды алат, кардардын жеке психологиялык өзгөчөлүктөрү, ошондой эле анын социалдык-психологиялык жана башка жардамдарды алууга муктаждыктары жөнүндө консультацияларды өткөрүү жана квалификациялык корутунду алуу үчүн психолог адистерди, социалдык кызматкерлерди тартат.
37. Айыпталуучунун психологиялык портретин түзүү үчүн аймактык бөлүмдүн психологиялык иш боюнча кызматкери психодиагностикалык методикаларды колдонуу менен анын психологиялык өзгөчөлүктөрүн, кылмыш жасоо мотивдерин аныктоо боюнча иш жүргүзөт.
38. Пробациялык баяндаманы түзүүдө аймактык бөлүмдүн кызматкери айыпталуучунун өзүнөн же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнөн, коргоочусунан, жубайынан же жакын туугандарынан алынган маалыматтарды эске алат.
39. Айыпталуучунун ким экендигинин социалдык-психологиялык портретин түзүүдө кайтадан кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасоо тобокелдиктери жана криминогендик муктаждыктары бааланат жана коомдон обочолонтууга байланышпаган жазаларды, жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларын дайындоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 84-беренесинде каралган пробациялык милдеттерди аткаруу убактысын жана жерин конкреттештирүү менен кардарларга жүктөө мүмкүндүгү жөнүндө сунуштар чыгарылат.
Пробациялык баяндаманын жыйынтыктоочу бөлүгүндө кардарга пробациялык көзөмөл колдонулган учурда, аны оңдоого мүмкүндүк берүүчү кошумча милдеттерди жүктөө жөнүндө сунуштар баяндалышы мүмкүн.
40. Айыпталуучунун ким экендигинин социалдык-психологиялык портретин түзүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык бөлүм тарабынан ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча пробациялык баяндама түзүлөт.
41. Пробациялык баяндаманы түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө мотивациялык корутунду "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 9-бөлүгүндө белгиленген жагдайларга жараша эркин формада даярдалат.
5-глава. Аткаруу пробациясын ишке ашыруу
1-§. Аткаруу пробациясынын жалпы шарттары
42. Аткаруу пробациясы соттун чечими менен коомдон обочолонтуусуз жазалоо жана жазык-укуктук таасир этүүнүн төмөнкүдөй түрдөгү мажбурлоо чаралары дайындалган адамдарга карата колдонулат:
- коомдук жумуштар;
- белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу;
- түзөтүү жумуштары;
- эркиндигин чектөө;
- жашы жетпегендерге карата тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын жана эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө;
- пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотуу;
- эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу.
43. Кардарларга карата аткаруу пробациясында аймактык орган төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- алардын жүрүм-турумун көзөмөлдөөнү;
- сот тарабынан жүктөлгөн пробациялык милдеттердин жана пробация органы тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы контролдонот;
- кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасоонун алдын алуу;
- тарбиялык таасир этүү;
- кайра социалдаштырууга жана турмуштук оор кырдаалдан чыгууга көмөктөшүү.
44. Кардар эсепке алуу үчүн келгенден кийин аймактык бөлүмдүн кызматкери:
- кардардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерди текшерет;
- кардардын өздүк делосун түзүү жана "Пробация" АМСине маалымат киргизүү үчүн, анын ичинде "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын, "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу аркылуу кардардын жеке маалыматтарын идентификациялайт;
- кардардын жашаган жеринин дарегин жана башка байланыш маалыматтарын аныктайт;
- таанышуу аңгемелешүүсүн жүргүзөт, анын жүрүшүндө кардар жөнүндө кошумча маалыматтарды аныктайт;
- кардардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;
- коомдон обочолонтууга байланышпаган жазаларды, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө, көзөмөлдөө талаптарын, сот тарабынан жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткаруу жана жаза өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуунун тартибин түшүндүрөт жана аларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет;
- кардарды каттоону жүргүзөт жана "Пробация" АМСине маалыматтарды киргизет;
- План түзөт.
2-§. Пробациялык көзөмөлдөө планы
45. План аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан Программаны эске алуу менен ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлөт.
46. План эркиндигин чектөө түрүндөгү жазага соттолгон адамдарга, эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасы дайындалган адамдарга, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотулгандарга, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулгандарга карата сот тарабынан аларга карата көзөмөлдөө талаптары жана пробациялык милдеттер дайындалган учурда түзүлөт.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери кардарга укуктары жана милдеттери, эркиндигин чектөө, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары (эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын), пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү жазаны өтөө тартиби жана шарттары, аларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги менен таанышкандыгы тууралуу тил кат талап кылат.
47. План төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кардардын фамилиясын, атын, атасынын атын (эгер атасынын аты болсо);
2) пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген көзөмөлдөө талаптарынын жана пробациялык милдеттердин тизмегин;
3) кардардын сот жана пробация орган тарабынан жүктөлгөн милдеттер менен таанышкандыгы тууралуу белги коюу менен аларды аткаруунун тартибин жана шарттарын;
4) кардардын аймактык бөлүмгө келүүсүнүн мезгилдүүлүгүн;
5) жашаган, иштеген жана окуган жерине баруулардын санын;
6) байланыш жана техникалык каражаттарды пайдаланууну;
7) электрондук көзөмөлдү пайдалануу жөнүндө маалыматты;
8) кардарга волонтерду бекитүү, алардын өз ара мамилелеринин тартибин жана жүргүзүлгөн иштин натыйжаларын;
9) Программанын бар же жок экендиги тууралуу маалыматты;
10) жазуу жүзүндө чыгарылган эскертүүлөрдүн санын;
11) сотко жөнөтүлгөн сунуштар жөнүндө маалыматты;
12) Кыргыз Республикасынын пробация чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка иш-чаралар жөнүндө маалыматты;
13) тартылган жеке же юридикалык жактар, Планды ишке ашырууга катышкан башка органдар жөнүндө маалыматты;
14) Планга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты;
15) Пландын аткарылышы жөнүндө жыйынтыктоочу жана орто аралык корутундулар жөнүндө маалыматты.
48. План аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилет.
49. Пландын пункттарын аткаруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөктөшүүсү менен аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине жүктөлөт.
50. Аймактык бөлүм байланыш жана электрондук көзөмөлдөөнүн техникалык каражаттарын пайдалануу, суроо-талаптарды жиберүү, иштеген, жашаган, окуган жерине баруу аркылуу кардардын жүрүм-турумун жана ага сот тарабынан жүктөлгөн көзөмөлдөө талаптарынын жана пробациялык милдеттердин аткарылышын контролдойт, бул тууралуу Планда белги коюлат.
51. Кардардын Планды жана Программаны аткарбоосу Кыргыз Республикасынын жазык, жазык-процесстик жана жазык-аткаруу мыйзамдарында каралган кесепеттерге алып келет.
52. План кардардын жүрүм-турумуна жана анын Планды жана Программаны аткарышына жараша аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан оңдолууга тийиш.
53. Планды жана Програманы аткаруунун же аткарбоонун жыйынтыгы, анын ичинен пробациялык көзөмөлдүн тартибин жана шарттарын бузуу корутундуда чагылдырылат.
Корутундунун негизинде аймактык бөлүм Кыргыз Республикасынын жазык, жазык-процесстик жана жазык-аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко сунуш киргизүүгө укуктуу.
§ 3. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны аткаруу
54. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык бөлүмдөр менен макулдашуу боюнча квартал сайын коомдук жумуштарды аткаруу үчүн объекттерди аныктайт, алардын тизмеси аймактык бөлүмдөргө жиберилет.
55. Кардарды каттоо жана эсепке алуу ушул Тартиптин 3- главасына ылайык жүргүзүлөт.
56. Аймактык бөлүм 10 жумуш күн мурда объекттин (ишкананын, уюмдун же мекеменин) администрациясына соттук актынын көчүрмөсүн тиркөө менен кардарды жиберүү жөнүндө кабарлайт.
57. Объекттин (ишкананын, уюмдун же мекеменин) администрациясы кардардын коомдук жумуштарды аткаруусун контролдоочу жооптуу адамды аныктайт жана анын байланыш маалыматтарын аймактык бөлүмгө жиберет.
58. Аймактык бөлүм соттун өкүм мыйзамдуу күчүнө киргени жөнүндө буйругу келип түшкөн күндөн тартып он күндөн кечиктирбестен, кардарга ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык форма боюнча коомдук жумуштарды аткаруу үчүн жолдомо берет.
59. Аймактык бөлүм кардар катталган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга кардардын Кыргыз Республикасынан чыгуусуна чектөөлөр белгиленгени жөнүндө кабарлайт.
60. Аймактык бөлүм кардар үчүн коомдук жумуштардын объектин аныктоодо анын жашаган жерин, негизги ишинин жана окуусунун (болсо) графигин, ден соолугунун абалын, дене боюнун мүмкүнчүлүктөрүн жана жашын эске алат.
61. Аймактык бөлүм объекттин администрациясы менен бирдикте кардардын жүрүм-турум эрежелерин жана милдеттерин, коомдук жумуштарды аткаруунун тартибин жана шарттарын аныктайт, алар төмөнкүлөрдү карайт:
1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык коопсуз эмгек шарттарын камсыздоо;
2) кардар үчүн аныкталган жумуштун түрүнүн ал тарабынан аткарылышын контролдоо;
3) иштеген убакытты эсепке алуу табелин жүргүзүү;
4) учурдагы айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен кардар тарабынан аткарылган жумуштардын актыларын түзүү жана аймактык бөлүмгө жиберүү;
5) кардардын жүрүм-туруму же коомдук жумуштарды аткаруудан качуусу жөнүндө аймактык бөлүмгө маалымдоо жана кабарлоо.
62. Аймактык бөлүм кардардын иштеген убактысынын жалпы эсебин коомдук жумуштарды аткаруу үчүн аныкталган ишкананын, уюмдун жана мекеменин администрациясы тарабынан берилген иштеген убакытты эсепке алуу табелине ылайык жүргүзөт.
63. Кардар коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны өтөө тартибин жана шарттарын бузган учурда аймактык бөлүм Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында каралган жоопкерчилик жөнүндө кардарга жазуу жүзүндө эскертет.
64. Иштеген убакытты эсепке алуу, коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 44-46 -беренелерине ылайык аныкталат.
65. Кардардын жүрүм-турумун, ал тарабынан коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны өтөө тартибинин жана шарттарынын сакталышын контролдоо максатында аймактык бөлүм кардардын иштеген жерине барат, анда баруунун жыйынтыгы боюнча эркин формада акт түзүлөт.
66. Кардар медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун негизинде I же II топтогу майып деп таанылганда же өкүм чыгарылгандан кийин медициналык маалым кат менен ырасталган кош бойлуу болуп калса, аймактык бөлүм сотко кардарды жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуш жиберет.
67. Кардарга жумуш берүүчүнүн чечими менен ырасталган негизги иштеген жеринен бала багуу боюнча өргүү берилгенде, аймактык бөлүм жети жумуш күндүн ичинде сотко коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны айып түрүндөгү жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуш жиберет.
68. Кардар аскер кызматына чакырылган учурда аймактык бөлүм коомдук жумуштардын иштелбей калган саны жөнүндө аскер комиссариатына кабарлайт.
69. Кардар коомдук жумуштарды аткаруудан кыянаттык менен качкан учурда, аймактык бөлүм сотко коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 65-беренесинин 5-бөлүгүнө же Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 45-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык башка жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуш жиберет.
Кардардын жазаны өтөөдөн кыянаттык менен качуусу ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча жазанын башка түрү менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүү чыгарылгандан кийин кайталап бузуу болуп таанылат.
70. Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазаны өтөө кардар соттун өкүмү менен аныкталган коомдук жумуштардын белгиленген сандагы саатын иштеп бүткөн күнү токтотулат.
4-§. Белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу
71. Аймактык бөлүм соттун өкүм мыйзамдуу күчүнө киргендиги жөнүндө буйругу жана өкүмдүн көчүрмөсү келип түшкөн күндөн тартып он күндөн кечиктирбестен билдирүүнү төмөнкүлөргө жиберет:
1) кардарды ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө мамлекеттик же муниципалдык кызмат органдарында анын иштеген жери боюнча;
2) кардарга тыюу салынган иштин тиешелүү түрү менен алектенүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдарга.
72. Кардарды каттоо жана эсепке алуу ушул Тартиптин 3-главасына ылайык жүргүзүлөт.
73. Аймактык бөлүм ырастоочу документтерди талап кылуу аркылуу кардардын иштеген жери боюнча уюмдун администрациясы жана кардарга тыюу салынган иштин тиешелүү түрү менен алектенүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жазанын аткарылышын контролдойт.
74. Аймактык бөлүм Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 50-беренесине ылайык кардардын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун шарттарын жана тартибин контролдойт, мөөнөтүн эсептейт.
75. Кардар аскер кызматына чакырылган учурда аймактык бөлүм жаза өтөө мөөнөтүн көрсөтүү менен анын жазаны өтөөсү жөнүндө аскер комиссариатына кабарлайт.
76. Кардар тарабынан белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө тартиби жана шарттары бузулган учурда, аймактык бөлүм ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча жазык жоопкерчилиги жөнүндө кардарга жазуу жүзүндө эскертет.
5-§. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруу
77. Аймактык бөлүм өкүмдүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен өкүм мыйзамдуу күчүнө киргендиги жөнүндө соттун буйругу келип түшкөн күндөн тартып он күндөн кечиктирбестен, ушул Тартиптин 9-тиркемесине ылайык формада кардардын иштеген жери боюнча билдирүүнү жиберет.
78. Кардарды каттоо жана эсепке алуу ушул Тартиптин 3-главасына ылайык жүргүзүлөт.
79. Аймактык бөлүм кардар катталган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга кардардын Кыргыз Республикасынан чыгуусуна чектөөлөр белгиленгени жөнүндө кабарлайт.
80. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза кардардын негизги иштеген жери боюнча эмгек акысынын (акчалай камсыздоо) кармалган бөлүгүнөн акча каражаттарынын 50 пайызын тиешелүү эсепке которууну эске алуу менен, мамлекеттин кирешесине анын эмгек акысынын (акчалай камсыздоо) суммасынан акча каражаттарын ар ай сайын которуу менен өтөлөт.
81. Түзөтүү жумуштарын өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кардар ишке чыккан күн саналат.
82. Жаза өтөө мөөнөтүнө төмөнкүлөр кирбейт:
1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган жүйөсүз себептер боюнча кардар иштебеген убакыт;
2) алкоголду, баңги, психотроптук каражаттарды же башка мас кылуучу заттарды колдонуунун натыйжасында мас болуудан улам ооруган убакыт;
3) бөгөт коюу чарасы катары тандалып алынган үй камагында же камакта кармалган убакыт.
83. Кардар иштеген ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясы ай сайын аймактык бөлүмгө төмөнкүлөрдү жиберет:
1) кардардын иш убактысын эсепке алуу табелинин көчүрмөсүн;
2) кармап калуулар жана которуулар жөнүндө маалыматтар менен эмгек акы жөнүндө маалым катты.
84. Кардар иштеген ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясы аймактык бөлүмгө кардардын баш тартуусу, жумуштан которулушу, бошотулушу, өргүү берүүлөр, сыйлоо жана тартиптик чараларды колдонуу жөнүндө өз убагында кабарлайт.
85. Кардардын ар айлык эмгек акысынан (акчалай камсыздоо) талаптагыдай жана өз убагында кармап калууну жана кармалган сумманын мамлекеттин кирешесине которулушун контролдоо максатында аймактык бөлүм зарыл болгон учурда кардар иштеген ишкананын, уюмдун же мекеменин финансы кызматтарынан, социалдык камсыздандыруу жана салык салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан тиешелүү маалыматтарды сурайт.
86. Кардарга ар жылдык акы төлөнүүчү жана кошумча өргүү берүү аймактык бөлүм менен макулдашуу боюнча жумуш берүүчү тарабынан ишке ашырылат.
87. Кардар себептерин баяндоо менен иштеген жеринин өзгөргөнү жөнүндө аймактык бөлүмгө беш күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлайт.
88. Кардарды өз каалоосу боюнча бошотуу аймактык бөлүмдүн макулдугу менен жүргүзүлөт. Аймактык бөлүмдүн макулдашуудан баш тартуусу жүйөлөнгөн токтом менен таризделет.
89. Кардар иштеген жерин жоготкондо аймактык бөлүм Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 54-беренесине ылайык сотко төмөнкүлөрдү жиберет:
1) кылмыш жасаган (бир айдын ичинде ыктыярдуу ишке орношпогон) адамга карата, - түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 67-беренесинде каралган тартипте коомдук жумуштар түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунушту;
2) жорук жасаган (эмгекке жөндөмсүз болуп калганда) адамга карата, - түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 48-беренесинде каралган тартипте айып түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунушту.
90. Кардар өкүм чыгарылгандан кийин медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун негизинде I же II топтогу майып деп таанылганда же медициналык маалым кат менен ырасталган кош бойлуу болуп калса, аймактык бөлүм сотко кардарды жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуш жиберет.
91. Кардар жумуш берүүчүнүн чечими менен ырасталган бала багуу боюнча өргүүгө чыкканда, аймактык бөлүм жети жумуш күндүн ичинде сотко түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны айып түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуш жиберет.
92. Кардар түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянаттык менен качкан учурда аймактык бөлүм ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин сотко кардар соттолгон жазаны Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинин (беренесинин бөлүгү) санкциясы менен каралган башка кыйла оор жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуш жиберет.
93. Түзөтүү жумуштарынын мөөнөтү аяктаган күнү аймактык бөлүм ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясына кардардын айлык акысынан кармап калууларды токтотуу жөнүндө кабарлайт.
Кардар башка негиздер боюнча жаза өтөөдөн бошотулган учурда, аймактык бөлүм тиешелүү соттук актыны алгандан кийин кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен ишканага, уюмга же мекемеге кабарлайт.
6-§. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны аткаруу
94. Аймактык бөлүм өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып он календардык күндүн ичинде эркиндигин чектөө түрүндөгү жазага соттолгон адамды эсепке алат. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын мөөнөтү кардар эсепке алынган күндөн тартып эсептелет.
95. Кардарды эсепке алуу ушул Тартиптин 3-главасына ылайык жүргүзүлөт.
96. Аймактык бөлүм кардар катталган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу органга кардардын Кыргыз Республикасынан чыгуусуна чектөөлөр белгиленгени жөнүндө кабарлайт.
97. Эркиндигин чектөөгө соттолгон адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 46-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган милдеттерди аткарууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 46-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган сот тарабынан жүктөлгөн кошумча милдеттерди аткарууну эске алуу менен План түзүлөт.
98. Кардардын Планды жана Программаны аткаруудан баш тартуусу аймактык бөлүм тарабынан эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны айыпка алмаштыруу жөнүндө сотко сунуш даярдоо тууралуу чечимди кабыл алууда эске алынат.
99. Аймактык бөлүм он календардык күндүн ичинде ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясына аймактык бөлүмгө кабарлабастан кардардын иштеген жана/же окуган жерин өзгөртпөө милдети жөнүндө маалымдайт.
100. Кардар эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөө тартибинин шарттарын жүйөөлүү себептерсиз аткарбаган учурда, аймактык бөлүм кардарга ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча кайталап бузууда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.
101. Кардар жүйөлүү себептерсиз эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөө тартибинин шарттарын кайталап бузган учурда, аймактык бөлүм сотко эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны айыпка алмаштыруу жөнүндө сунуш жиберет.
7-§. Жаза өтөөдөн бошотулган адамдарга карата пробациялык көзөмөлдү колдонуу
102. Аймактык бөлүм пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн бошотулган адамды соттун чечими аймактык бөлүмгө келип түшкөн датадан тартып соттун өкүмү менен белгиленген мөөнөткө эсепке алат.
103. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.
104. Кардарды каттоо жана эсепке алуу ушул Тартиптин 3-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
105. Аймактык бөлүм кардар катталган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу органга кардардын Кыргыз Республикасынан чыгуусуна чектөөлөр белгиленгени жөнүндө кабарлайт.
106. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазаны өтөөдөн бошотулган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 84-беренесинде каралган сот тарабынан дайындалган көзөмөлдөө талаптарын жана пробациялык милдеттерди аткаруу зарылдыгын эске алуу менен ушул Тартиптин 5-главасынын 2-параграфында каралган Планды түзүлөт.
107. Кардарга карата анын керектөөлөрүн эске алуу менен ушул Тартиптин 142-пунктунда каралган Программа түзүлөт.
108. Кардардын Планды жана Программаны аткаруудан баш тартуусу аймактык бөлүм тарабынан төмөнкү сунуштарды даярдоодо эске алынат:
1) жазаны жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын алмаштыруу жөнүндө;
2) сот тарабынан белгиленген милдеттерди жарым-жартылай же толук жокко чыгаруу жөнүндө, ошондой эле кардардын Планды жана Программаны аткаруусу жөнүндө корутунду түзүүдө.
109. Аймактык бөлүм он календардык күндүн ичинде тиешелүү уюмду же окуу жайды кардардын иштеген жана/же окуган жерин аймактык бөлүмдү кабарлабастан алмаштырбоо боюнча милдети жөнүндө маалымдайт.
110. Сот тарабынан жазаны өтөөдөн бошотуу менен пробациялык көзөмөл дайындалган кардар аскер кызматына чакырылган учурда, аймактык бөлүм аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелердин командачылыгы пробациялык көзөмөлдү жүргүзүүсү үчүн аскер комиссариатына өкүмдү (аныктаманы, токтомду) жиберет.
111. Кардар ага көз карандысыз жагдайлар боюнча (оору, табигый кырсык жана башка форс-мажордук жагдайлар) сот тарабынан жүктөлгөн белгилүү бир милдеттерди аткарууга жөндөмсүз болгон жана ага кошумча милдеттерди жүктөө зарылдыгы келип чыккан учурда, аймактык бөлүм сотко мурда белгиленген милдеттерди толук же жарым-жартылай жокко чыгаруу же аларды толуктоо жөнүндө сунуш жиберет.
112. Кардар үчүн сот тарабынан белгиленген пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин аймактык бөлүм пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниет аткаргандыгын, түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда оң натыйжаларга жетишкендигин, зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көргөндүгүн эске алуу менен, сотко кардарга карата мурда белгиленген милдеттерди жарым-жартылай же толук алып салуу жөнүндө сунуш жиберет.
Сунушта аймактык бөлүм толук же жарым-жартылай жокко чыгаруу сунуш кылынган милдеттердин түрүн көрсөтөт.
113. Кардар тарабынан көзөмөлдөө талаптары жана ага жүктөлгөн пробациялык милдеттер жүйөлүү себептерсиз бузулган учурда, аймактык бөлүм ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык кайталап бузууда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө кардарга жазуу жүзүндө эскертет.
Кардар жыл ичинде жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин көзөмөлдөө талаптарын жана ага жүктөлгөн пробациялык милдеттерди жүйөлүү себептерсиз кайра бузган учурда, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 168-беренесине ылайык, аймактык бөлүм сотко ага карата мурда белгиленген милдеттерди толуктоо жөнүндө сунушту же пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жана кардарды соттун өкүмү боюнча дайындалган жазаны өтөө үчүн жөнөтүү жөнүндө сунушту жиберет.
114. Кардарга дайындалган жазадан бошотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн аймактык бөлүм пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү аяктагандан кийин сотко Программада жана Планда каралган иш-чараларды аткарууну эске алып, анын жүрүм-турумун мүнөздөгөн материалдарды тиркөө менен анын пробациялык көзөмөлдөн өтүшү жөнүндө корутундуну жиберет.
6-глава. Пенитенциардык пробацияны ишке ашыруу
115. Түзөтүү мекемесинин администрациясы жазасын өтөп бүткөн соттолгондорду жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгондорду бошотууга чейин бир жыл мурда жазуу жүзүндө жана электрондук түрдө ыйгарым укуктуу органга кабарлайт.
116. Пенитенциардык пробациянын кардарын эсепке алуу максатында ыйгарым укуктуу орган түзөтүү мекемесинен жазуу жүзүндөгү жана электрондук түрдөгү кабарлоолорду алгандан кийин пенитенциардык пробациянын кардарларын эсепке алуу журналына жана "Пробация" АМСине анын маалыматтарын киргизүү аркылуу каттайт.
Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу органдын кызматкери үч жумуш күндүн ичинде пенитенциардык пробациянын кардарынын эсепке алуу картасын тариздейт.
117. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери пенитенциардык пробациянын кардары катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде түзөтүү мекемесинин администрациясы менен макулдашуу боюнча кардарга барат, анын процессинде:
1) түзөтүү мекемесиндеги кардардын өздүк делосун иликтейт;
2) жеке аңгемелешүү жүргүзөт;
3) кардардын жүрүм-туруму, анын коомго интеграцияланышына мүмкүндүк берүүчү түзөтүүнүн жана кайра социалдаштыруунун жыйынтыктары, рецидивдин потенциалдуу тобокелдиктери, криминогендик керектөөлөрү жана кайра социалдашуу келечеги, жаза өтөө мезгилиндеги эмгекке жана окууга болгон мамилеси, кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүүсү, психологиялык абалы, социалдык керектөөлөрү, реабилитациялык программаларга катышуусу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле соттолгонго чейинки анын ким экендигин мүнөздөгөн башка маалыматтарды, анын ичинен жашаган, иштеген жана окуган жеринен чогултат.
Кардар кармалган түзөтүү мекемеси алыс жайгашкан учурда, жакынкы аймактык бөлүмдүн кызматкери барат.
Маалыматтарды топтоо жана баалоо "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде белгиленген тартипте, ушул Тартиптин 4-главасында көрсөтүлгөн талаптарды эске алуу менен ишке ашырылат.
118. Ушул Тартиптин 117-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемесинин тарбиялоо кызматы ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин же аймактык бөлүмдүн кызматкеринин катышуусунда, ушул Тартиптин 9-главасын эске алуу менен Программаны иштеп чыгат жана түзөт.
119. Программа жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин же аймактык бөлүмдүн кызматкеринин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгү менен "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Программаны ишке ашырууга ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан коомдук бирикмелер жана башка уюмдар катыша алышат.
120. Ушул Тартиптин 117-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органга же аймактык бөлүмгө тиешелүү бөлүгүндө Программаны ишке ашыруу үчүн маалыматтар Программа түзүлгөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемесинин администрациясына берилет.
121. Соттолгондун ким экендигин социалдык изилдөөнүн жана Программаны аткаруусунун жыйынтыгы боюнча, ыйгарым укуктуу органдын же аймактык бөлүмдүн материалдар сотко жиберилгенге чейин 30 күн мурда берилген сунуштамаларын эске алуу менен түзөтүү мекемесинин администрациясы шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон соттолгонго карата корутунду чыгарат.
122. Ыйгарым укуктуу орган же аймактык бөлүм менен биргеликте түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан соттолгон менен жүргүзүлгөн иш-чаралар шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулгандан кийин да аймактык бөлүмдөр тарабынан пенитенциардан кийинки пробация мезгилинде улантылат.
7-глава. Пенитенциардан кийинки пробацияны ишке ашыруу
123. Шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга карата түзөтүү мекемесинин администрациясы ыйгарым укуктуу органга соттун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн соттук актынын жана башка соттук чечимдердин көчүрмөсүн көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн жиберет.
124. Ыйгарым укуктуу орган көзөмөлдү жана контролду андан ары жүргүзүү үчүн соттолгондун тандалып алынган жашаган жери боюнча материалдарды бөлүштүрөт жана аны аймактык бөлүмдөргө жиберет.
125. Аймактык бөлүм мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыны алган күндөн тартып, ушул Тартиптин 3-главасына ылайык каттайт жана өздүк делону түзөт.
126. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган кардар бошотулган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө тандалып алынган жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө келүүгө милдеттүү, ал жөнүндө түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан тил кат алынат.
127. Аймактык бөлүм кардар катталган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу органга кардардын Кыргыз Республикасынан чыгуусуна чектөөлөр белгиленгени жөнүндө кабарлайт.
128. Аймактык бөлүм жазанын өтөлбөгөн мөөнөтүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардын көмөгү менен кардарды кайра социалдаштыруу максатында анын жүрүм-турумун көзөмөлдөйт.
129. Кардардын сот тарабынан жүктөлгөн көзөмөлдөө талаптарын жана пробациялык милдеттерди аткаруусун контролдоо (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 84-беренесине ылайык сот тарабынан көзөмөлдөө талаптары жана пробациялык милдеттер дайындалган учурда) байланыш жана электрондук көзөмөлдөөнүн техникалык каражаттарын пайдалануу, суроо-талаптарды жөнөтүү, жашаган, иштеген, окуган жерине баруу аркылуу аймактык бөлүм тарабынан ишке ашырылат, бул тууралуу Планга белги коюлат.
130. Кардар тарабынан бузуулар аныкталган учурда аймактык бөлүм Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 168-беренесинде каралган чараларды көрөт.
8-глава. Кардардын турган жерин аныктоо боюнча иш-чараларды уюштуруу
131. Кардар Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарында каралган мөөнөттө келбеген учурда, ошондой эле аны аймактык бөлүмгө өз убагында келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан жүйөлүү себептерден (кардар катуу ооруганда, жубайы же анын жакын тууганы каза болгондо же оор түрдөгү оору менен ооруганда, форс-мажордук жагдайларда) тышкары, жаза өтөөдөн кыянаттык менен качкан кардарга карата аймактык бөлүм мөөнөт аяктагандан беш календарлык күндөн кийин аныктоо иш-чараларын жүргүзөт.
132. Аныктоо иш-чараларын жүргүзүүдө аймактык бөлүмдүн кызматкери:
1) суроо-талаптарды жиберүү аркылуу башка аймактык бөлүмдөрдүн, ички иштер органынын, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын (анын ичинде моргдордун) эсепке алуу маалыматтары боюнча кардарды текшерет;
2) кардардын байланыштары жана болжолдуу турган жери жөнүндө маалыматтар же кардардын турган жерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү башка маалыматтар белгилүү болгон туугандарын, кошуналарын жана башка жарандарды тиешелүү актыларды түзүү менен (түшүндүрмө алуу, жашаган, иштеген, окуган жерине баруу жана башка) сурамжылоо жүргүзөт;
3) иштеген жана/же окуган жери боюнча анын болжолдуу турган жери жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу - жашаган жери боюнча каттоосу жөнүндө маалыматтарды аныктайт.
133. Ушул Тартиптин 132-пунктунда каралган аныктоо иш-чаралары 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
134. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кардар аныкталбаган учурда, аймактык бөлүм үч жумуш күндүн ичинде сотко чогултулган материалдардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен сунуш киргизет, мында материалдардын түп нускалары кардардын делосуна тиркелет.
135. Сот тарабынан эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган жана кардарды издөө жарыяланган учурда, аймактык бөлүм соттук актыны алган күндөн тартып ыйгарым укуктуу органга издөө чараларын көрүү үчүн кабарлоо жиберет.
136. Укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн кардар кармалган учурда аймактык бөлүм сурап жаткан тарапка кардардын өздүк делосун жазаны андан ары аткаруу үчүн расмий өткөрүп берет.
137. Соттук кароого чейин кардардын турган жери аныкталган учурда аймактык бөлүм ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча пробациянын кардарына жазуу жүзүндөгү эскертүү чыгаруу менен мурда жиберилген сунушту кайра сурап алат.
9-глава. Кардарды кайра социалдаштырууга көмөк көрсөтүүнү уюштуруу
138. Социалдык-укуктук жардам алууга көмөк көрсөтүү сотко чейинки, аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробация колдонулган адамдарга карата жүзөгө ашырылат.
139. Кардарларга социалдык жардам көрсөтүү маселелерин чечүүдө аймактык бөлүм төмөнкү органдар менен өз ара аракеттенет:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу;
2) калкты каттоо;
3) саламаттыкты сактоо;
4) эмгек жана социалдык өнүктүрүү;
5) билим берүү;
6) ички иштер.
140. Көмөк көрсөтүүнү уюштуруу аймактык бөлүмдүн социалдык иш боюнча кызматкеринин кардар менен аңгемелешүүсүнөн башталат.
141. Аймактык бөлүм кардар келгенде жана аны эсепке алууда үч жумуш күндүн ичинде:
1) ден соолугунун абалын, билиминин деңгээлин жана иш менен камсыз болуусун, жашаган жеринин бар экендигин аныктоо менен кардардын ким экендигин изилдейт, ошондой эле социалдык-укуктук жана психологиялык жардамдын көлөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды тактайт;
2) материалдык колдоо, ишке орноштуруу, башка социалдык керектөөлөрдү камсыз кылуу маселелери боюнча кардарга социалдык көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроо-талаптарды мамлекеттик органдарга (саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык өнүктүрүү, билим берүү) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберет;
3) кардардын керектөөсүнө жараша Программа иштеп чыгат;
4) социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүүнүн тартибин түшүндүрөт.
142. Кардардын ким экендигин жана турмуштук кырдаалын алдын ала изилдөөнүн натыйжалары боюнча пробациянын аймактык бөлүмүнүн социалдык жана психологиялык иштер боюнча кызматкерлери тарабынан ушул Тартиптин 10-тиркемесине ылайык форма боюнча Программа түзүлөт.
143. Программа төмөнкү иш-чараларды камтыйт:
1) социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү;
2) ишке орношууга көмөк көрсөтүү;
3) системалуу түрдө эмгек иши менен алектенүү үчүн оң психологиялык багыт алууну калыптандыруу;
4) билим алууга жана кесипке ээ болууга көмөк көрсөтүү;
5) юридикалык жардам берүү;
6) ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана турган жери же жашаган жери боюнча каттоо үчүн зарыл болгон документтерди алууга жардам көрсөтүү;
7) медициналык, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга, пенсиялык камсыздоого көмөк көрсөтүү;
8) тобокелдиктерди баалоо (кылмыш жасоо рецидивинин коркунучу, девианттык жүрүм-турумга жакындыгы, психоактивдүү заттарга көз карандылыгынын болушу жана башка тобокелдиктер);
9) социалдык пайдалуу байланыштарды калыбына келтирүү жана калыптандыруу.
144. Программа алты айлык мөөнөткө чейин түзүлөт, анын аралыгында ал кардардын жүрүм-турумуна жана анын керектөөлөрүнүн өзгөрүүсүнө жараша өзгөртүлүшү мүмкүн.
145. Программага ылайык аймактык бөлүмдүн социалдык иш боюнча кызматкери төмөнкү иш-чараларды жүргүзүү аркылуу социалдык-укуктук жардам көрсөтүү үчүн кардардын ким экендигин изилдөө, анын керектөөлөрүн жана муктаждыктарын аныктоо боюнча функцияларды ишке ашырат:
1) кардар менен жекече таанышуу аңгемелешүүсүн жүргүзүү;
2) пробациянын бардык түрү боюнча кардардын ким экендигин социалдык изилдөө жана социалдык статусун аныктоо (билим деңгээли, үй-бүлөлүк абалы, кесибинин болушу, материалдык абалы);
3) кардардын керектөөлөрүн жана социалдык-укуктук жардамга муктаждыгын баалоо;
4) жакын туугандарынан, мыйзамдуу өкүлдөрүнөн, кошуналарынан, иши, кызматы, окуусу боюнча кесиптештеринен, зарыл болгон учурда башка адамдардан интервью алуу;
5) ажыратылган укуктарды жана документтерди калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү, керектүү документтерди алууга жардам берүү;
6) жашаган жери боюнча же адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызматтарды алууга көмөк көрсөтүү;
7) зарыл болгон учурда билим жана адистик алууга көмөк көрсөтүү;
8) социалдык пайдалуу байланыштарды калыбына келтирүү жана калыптандыруу;
9) ишке орношууга көмөк көрсөтүү;
10) мыйзамга баш ийген жүрүм-турумду калыптандырууга, коомдогу жүрүм-турумдун жалпы кабыл алынган эрежелерин сактоого таасир этүү;
11) калкты социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жашы жете электер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана улгайган жарандар реабилитациялык борборлорго жана социалдык стационардык мекемелерге алардын муктаждыктарынын негизинде жиберилет;
12) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка коммерциялык эмес уюмдар менен кызматташууда убактылуу социалдык турак жай алуу үчүн реабилитациялык борборлорго (социалдык жатаканаларга) багыттоого көмөк көрсөтүү;
13) пенитенциардык пробацияда кардардын ким экендигине социалдык изилдөө жүргүзүү;
14) пенитенциардык пробацияны колдонууда Программаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
15) Программаны иштеп чыгуу;
16) сотко чейинки пробацияда пробациялык баяндаманы түзүү жана социалдык изилдөө жүргүзүү;
17) аткаруу жана пенитенциардан кийинки пробацияда Планды түзүүгө көмөктөшүү.
146. Кардардын ким экендигин изилдөө жана төмөнкү иш-чараларды өткөрүү аркылуу психологиялык жардам көрсөтүү аймактык бөлүмдүн психологиялык иштер боюнча кызматкеринин функцияларынан болуп саналат:
- кардар менен иштөө боюнча документтерди жүргүзүү;
- ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча кардардын социалдык-психологиялык портретин түзүү (жеке-психологиялык өзгөчөлүктөрү, биографиялык маалыматтар, криминалдык жүрүм-турумдун психологиялык өбөлгөлөрү);
- ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча психологиялык изилдөөнүн корутундусун чыгаруу үчүн кардардын ким экендигин изилдөө максатында сурамжылоо жүргүзүү, интервью алуу;
- кооптонууну, агрессивдүүлүктү, суициддик жүрүм-турумду, алкоголдон, баңги, психотроптук каражаттардан же башка ээликтирүүчү заттардан көз карандылыкты психологиялык жактан баалоо;
- кардардын психикалык абалына баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча психологиялык корутунду түзүү;
- кардарды реабилитациялык программаларга катышууга мотивациялоо;
- кардардын укук бузган жоруктарынын терс экендигин түшүнүүгө көмөктөшүү;
- кардардын рецидивге баруу тобокелдигин жана криминалдык ой жүгүртүүсүн аныктоо;
- жүрүм-турумду түзөтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн кардарлар менен иштөөнүн жеке жана топтук формасын өткөрүү жана иш планын түзүү;
- кардарлар тарабынан укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди пландоо жана өткөрүү;
- социалдык-психологиялык жана реабилитациялык программаларды пландоо жана өткөрүү;
- консультация берүү жана дарылоо үчүн кардарды саламаттык сактоо уюмдарына жиберүү (зарыл болгон учурда);
- кардар менен жабырлануучунун ортосунда келип чыккан талаштарды жана чыр-чатактарды жөнгө салууга көмөктөшүү (медиация);
- кардарларды коомго натыйжалуу кайра интеграциялоо үчүн аларга карата стигманы азайтуу же жокко чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүү;
- объективдүү жана калыс маалыматтарды берүү жана пробациялык баяндаманы түзүүгө көмөктөшүү;
- пенитенциардык пробацияны колдонууда кардарды реабилитациялоо программасын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Программаны иштеп чыгуу, анын ичинде кардарларга психологиялык жардам көрсөтүү боюнча программаны;
- пробациялык көзөмөлдүн зарыл болгон көлөмү жана интенсивдүүлүк деңгээли жөнүндө сунуштамалар.
147. Программаны ишке ашыруу максатында аймактык бөлүм кардарга реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык, коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракеттешүүнү уюштурат, ошондой эле волонтерлор тартылат.
148. Программаны аткаруунун жыйынтыгы боюнча кардардын катышуусу менен аймактык бөлүм Программаны ийгиликтүү аяктоо же аны улантуу жөнүндө чечим кабыл алат.
149. Пробациянын кардарынын жана жабырлануучунун ортосундагы талаштарды (чыр-чатактарды) жөнгө салуу үчүн, ошондой эле тараптардын ыктыярдуу макулдугу боюнча ишке ашырыла турган өз ара алгылыктуу чечимине жетишүү максатында пробациянын бардык түрлөрүндө жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү боюнча иш уюштурулат (медиация).
150. Аймактык бөлүмдүн кызматкеринин кардар жана жабырлануучу тарап менен өз-өзүнчө аңгемелешүүсү медиацияны колдонуунун милдеттүү шартынан болуп саналат.
151. Тараптар медиацияга катышууга макулдук бергенде аймактык бөлүм медиатор адисти тартуу үчүн медиаторлордун уюмуна суроо-талап жиберет.
152. Медиациянын тараптары медиация жол-жобосуна жеке өзү катышат. Эгерде тараптардын бири медиация жол-жобосуна жүйөлүү себептер менен өзү катыша албаса, анда ал ыйгарым укуктары ишеним кат менен таризделген өзүнүн өкүлүнө ыйгарым укук берет.
153. Медиация жол-жобосу медиацияны колдонуу жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн тартып башталат. Жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү тартиби жана шарттары медиация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
154. Жарашуу сот органдары тарабынан бошотуу, жазаны жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын алмаштыруу, сот тарабынан белгиленген милдеттерди жарым-жартылай же толук жокко чыгаруу жөнүндө маселелерди кароо учурунда, ошондой эле кардардын Планды аткарышы жөнүндө корутундуну кароодо эске алынат.
10-глава. Ювеналдык пробацияны жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
1-§. Жашы жете элек кардарларга карата коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазаларды жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу
155. Аймактык бөлүмдөр жашы жете электерге карата коомдон обочолонтуу менен байланышпаган төмөнкүдөй түрдөгү жазаларды, тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо-кызыктыруу чараларын аткарат:
- коомдук жумуштар;
- эркиндигин чектөө;
- түзөтүү жумуштары;
- пробациялык көзөмөл;
- эскертүү менен жүрүм-турумду чектөө.
156. Жашы жете элек кардарларга карата белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазанын кошумча түрү колдонулушу мүмкүн.
157. Жашы жете элек кардарларга карата аймактык бөлүмдөрдүн иши ушул Тартиптин 3 жана 5-главасына ылайык төмөнкүлөрдү эске алуу менен ишке ашырылат:
- ата-энесинин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (камкорчу, көзөмөлчү, асырап алуучу), ал эми алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, зарыл болгон учурда ички иштер органдарынын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмдүн кызматкеринин милдеттүү түрдө катышуусунда;
- эркин формадагы тиешелүү актыны түзүү менен камкорчу жана көзөмөлчү органдын өкүлдөрү менен биргеликте квартал сайын жашы жете элек кардардын турак жай-тиричилик шарттарын текшерүүнү;
- купуялуулук принцибин эске алуу менен башка кардарлардан өзүнчө жашы жете элек кардар менен жекече иш жүргүзүүнү;
- жашы жете элек кардардын окуусунан же негизги жумушунан бош убактысында коомдук иштер түрүндөгү жазаны аткарууну - окуган же иштегендер үчүн күнүнө 2 сааттан, ал эми калгандар үчүн - күнүнө 4 сааттан ашпаган убакытта;
- соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) менен белгиленген өлчөмдө эмгек акысынан акча каражаттарын мамлекеттин кирешесине ай сайын которуу менен жашы жете элек кардардын негизги иштеген жери боюнча түзөтүү иштер түрүндөгү жазаны аткарууну;
- эскертүү менен жүрүм-турумду чектөө түрүндө жашы жете элек кардарга карата тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткарууда жалпы кабыл алынган моралдык-этикалык жана укуктук ченемдердин кардарлар тарабынан сакталышы боюнча иштерди жүргүзүүнү.
2-§. Жашы жете электерге карата пробациялык көзөмөлдү колдонуу
158. Аймактык бөлүм сот тарабынан белгиленген мөөнөткө пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн бошотулган жашы жете элек кардарды каттоого коюуда ушул Тартиптин 3-главасына жана 5-главасынын 5 жана 6-параграфына ылайык ата-энесинин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (камкорчу, көзөмөлчү, асырап алуучу), ал эми алар жок болгон учурда - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, зарыл болгон учурда - ички иштер органдарынын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкеринин милдеттүү түрдө катышуусунда комплекстүү чараларды көрөт.
159. Жашы жете элек кардарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди эске алуу менен План түзүлөт.
160. Жашы жете элек кардар тарабынан пробациялык көзөмөлдүн шарттары жүйөлүү себепсиз бузулган учурда аймактык бөлүм кардарга кайталап бузуудагы мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.
Жашы жете элек кардар жыл ичинде пробациялык көзөмөлдүн шарттарын жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин жүйөлүү себепсиз кайталап бузган учурда аймактык бөлүм сотко ага мурда белгиленген милдеттерге карата чараларды кошумчалоо жөнүндө ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча сунуштама жиберет.
Жашы жете элек кардар пробациялык көзөмөлдүн шарттарын жыл ичинде жүйөлүү себепсиз эки же андан көп жолу бузган учурда, аймактык бөлүм сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жана жашы жете элек кардарды дайындалган жазаны өтөөгө жиберүү жөнүндө сунуштама киргизет.
161. Жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарган жана жаңы кылмыш жасабаган жашы жете элек кардар боюнча аймактык бөлүм пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү аяктагандан кийин, сотко аны дайындалган жазадан бошотуу жөнүндө сунуштама жиберет.
3-§. Жашы жете электерге карата эскертүү менен жүрүм-турумду чектөө түрүндө тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруу
162. Аймактык бөлүм соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он күндүн ичинде эскертүү менен жүрүм-турумду чектөө түрүндө тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасына соттолгон жашы жете элек кардарды ата-энесинин, аларды алмаштырган адамдардын, мыйзамдуу өкүлдөрдүн, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каттоого алат.
163. Эскертүү менен жүрүм-турумду чектөө түрүндө тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасынын мөөнөтү аймактык бөлүмгө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун, аныктамасынын) көчүрмөсү менен соттун буйругу келип түшкөн күндөн тартып эсептелет жана жашы жете элек кардарды эсепке алуу ушул Тартиптин 3-главасына ылайык ишке ашырылат.
164. Эскертүү менен жүрүм-турумду чектөө түрүндө тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасына соттолгон жашы жете элек кардар соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндөн кечиктирбей аймактык бөлүмгө келүүгө милдеттүү.
165. Аймактык бөлүм жашы жете элек кардар катталган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбей, ыйгарым укуктуу органга жашы жете элек кардардын Кыргыз Республикасынан чыгуусуна чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө кабарлайт.
166. Аймактык бөлүм он календардык күндүн ичинде тиешелүү уюмдарга же окуу жайга кардардын иштеген жана/же окуган жерин аймактык бөлүмгө билдирүүсүз алмаштырбоо милдеттенмеси жөнүндө маалымдайт.
167. Жашы жете элек кардарга карата Программа жана План ушул Тартиптин 5 жана 8-главаларына ылайык түзүлөт.
168. Жашы жете элек кардар тарабынан тыюу салуулардын жана милдеттенмелердин сакталышын жана аткарылышын текшерүү боюнча иш- чаралар (айына бир жолудан кем эмес) Планга эркин формадагы акты түзүү менен киргизилет.
Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү жашы жете элек кардардын жүрүм-турумуна жараша өзгөрүшү мүмкүн.
169. Жашы жете элек кардар андан көз каранды болбогон (оору, табигый кырсыктар, форс-мажор) жагдайлар боюнча сот тарабынан жүктөлгөн белгилүү милдеттерди аткарууга жөндөмсүз болгон учурда аймактык бөлүм чектөөлөрдү өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн сотко өтүнүч кат жиберет.
170. Жашы жете элек кардар Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 151-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган милдеттерди аткарбоо эскертүү менен жүрүм-турумду чектөө түрүндө тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасынын тартибин жана шарттарын бузуу болуп санала тургандыгы жөнүндө эскертилет.
171. Жашы жете элек кардар тарабынан эскертүү менен жүрүм-турумду чектөө түрүндө тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын өтөө тартиби жана шарттары бузулганда же башка укук бузуулар болгондо аймактык бөлүм жашы жете элекке карата тарбиялык мүнөздөгү кыйла катаал чараны же жазык жазасын колдонуу жөнүндө сотко өтүнүч кат жиберет.
11-глава. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдындагы пробация боюнча кеңеш
172. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдындагы пробация боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү деңгээлде пробацияны ишке ашыруу маселелери боюнча координациялоочу орган болуп саналат.
173. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат.
174. Кеңеш 7ден кем эмес адамдан турат.
175. Кеңеш төмөнкү органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт:
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү органдарынын;
- билим берүү органдарынын;
- саламаттык сактоо органдарынын;
- ички иштер органдарынын;
- калкты каттоо органдарынын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
- пробация органдарынын.
176. Кеңештин курамына коомчулуктун (аксакалдар сотторунун, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын, эмгек жамааттардын же бизнес коомчулуктун) өкүлдөрү кириши мүмкүн.
177. Кеңештин төрагасы (жетекчиси) болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы саналат. Кеңештин төрагасы (жетекчиси) Кеңештин ишин уюштурат, Кеңештин ишине тиешелүү арыздар жана билдирүүлөр менен чыгат, Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
178. Кеңештин жеке курамы жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын чечими менен бекитилет.
179. Кеңеш өзүнүн ишин пландык негизде ишке ашырат жана кварталда бир жолудан кем эмес жыйын өткөрөт.
180. Кеңештин катчылыгынын функцияларын аймактык бөлүм аткарат.
181. Кеңештин катчылыгы:
- Кеңештин төрагасына жыйындын күн тартибин түзүү боюнча сунуш киргизет;
- жыйын өткөрүлүүчү күнгө чейин үч жумуш күндөн кечиктирбей, жыйындын өтүү убактысы жана жери, кароого киргизилген маселелердин тизмеси тууралуу Кеңештин мүчөлөрүнө маалымдайт;
- Кеңештин жыйындарынын протоколдорун жүргүзөт;
- Кеңештин жыйындарында кабыл алынган документтерди Кеңештин мүчөлөрүнө таратууну камсыздайт;
- Кеңештин чечимдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессин координациялайт;
- Кеңештин иши менен байланышкан маалыматты жалпылайт.
182. Жыйынга Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 катышкан учурда Кеңештин жыйыны укуктуу деп эсептелет.
183. Кеңештин чечими кворум болгондо жыйынга катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
184. Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө келип чыккан пробация маселелерин ыкчам чечүү максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен тиешелүү чечим (токтом, буйрук) чыгарылат.
185. Кеңештин негизги максаты болуп пробация институтун киргизүү жана өнүктүрүү максатында чараларды координациялоо жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун жана башка катышуучулардын өз ара иш-аракеттенүүсү саналат.
186. Кеңеш төмөнкү принциптердин негизинде иштейт:
- мыйзамдуулукту сактоо;
- макулдашылган чечимдерди аткарууда аткаруучулардын жеке жоопкерчилиги;
- маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
- кызлыктардын кагылышын болтурбоо.
187. Кеңештин негизги милдеттеринен болуп пробация институтун (пробациялык ишти) киргизүү жана өнүктүрүү боюнча ар жылдык пландарды иштеп чыгуу жана ушул Тартиптин 175-пунктунда белгиленген мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан анын ишке ашырылышын контролдоо саналат.
188. Кеңеш максатка жетүү жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
- пробация институтун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу маселелери боюнча аймактык бөлүмдүн маалыматын угат;
- жергиликтүү деңгээлдеги пробация системасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин отчётторун, ошондой эле пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу менен байланышкан көйгөйлүү маселелерди угат;
- кардарлардын социалдык адаптациялануусуна, кайра социалдашуусуна жардам көрсөтүү (билим алуу, ишке орноштуруу, медициналык тейлөө, реабилитациялык программаларга катышуу, кардарларды социалдык мекемелерге жайгаштыруу, документтерди жана ажыратылган укуктарды калыбына келтирүү) жана кардарлардын арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча пробациялык иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- реалдуу өнөктөштүк мамилелер принцибинде иштейт жана бардык мүчөлөрдү чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга жана өз пикирин айтууга толук укуктуу бирдей өнөктөш катары карайт.
189. Кеңеш өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан пробация маселелери боюнча иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга укуктуу.
12-глава. Кардарды каттоодон чыгаруу тартиби
190. Кардарды аймактык бөлүмдүн каттоосунан чыгарууга негиздердин бар экендигин ырастаган документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
- сот актылары (өкүмдөр, токтомдор, аныктамалар);
- мунапыс же ырайым кылуу жөнүндө актылар;
- кардардын каза болгондугу тууралуу күбөлүк;
- жаза мөөнөтүн жана жазыктык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларын өтөө.
191. Кардарды эсептен чыгаруу "Пробация" АМСине, кардарларды эсепке алуу журналына жазууларды киргизүү аркылуу жалпы картотекадан эсепке алуу картасын алып салуу жана кардардын өздүк ишин ушул Тартиптин 29-пунктуна ылайык архивге өткөрүп берүү менен беш жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
192. Кардар жашаган жеринин өзгөргөндүгүнө байланыштуу жазанын мөөнөтү аяктаганга чейин аймактык бөлүм тейлеген аймактан чыгып кеткен учурда жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө билдирүү жана эсепке алуу үчүн кардардын өздүк иши жиберилет.
193. Кардардын жаза өтүүчү жаңы орду боюнча аймактык бөлүм жеке ишин алган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде жөнөтүүчүгө кабыл алгандыгы жана эсепке койгондугу жөнүндө расмий түрдө маалымат берет.
194. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы болбогон кардарды чыгарып салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча нускамага ылайык ишке ашырылат.
13-глава. Кардарларды электрондук көзөмөлдөө
195. Электрондук көзөмөл төмөнкү кардарларга карата белгиленет:
1) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарга жана көзөмөлгө алынууга тийиш болгондорго;
2) ушул Тартиптин 146-пунктунда каралган баалоого ылайык аныкталган рецидивге баруу тобокелдиги болсо, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигин чектөө түрүндөгү жазага соттолгондорго жана жазык жазасынан бошотулгандарга;
3) пробация чөйрөсүндөгү мыйзамда жана (же) сот тарабынан белгиленген чектөөлөрдү, талаптарды жана милдеттерди бузган пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотулгандарга.
196. Ушул Тартиптин 195-пунктунда көрсөтүлбөгөн кардарларга карата да арыздын негизинде жана ыктыярдуу негизде электрондук көзөмөл колдонулушу мүмкүн.
197. Аймактык бөлүм электрондук көзөмөлдү колдонууда кардар менен ыйгарым укуктуу орган бекитүүчү форма боюнча келишим түзөт.
198. Программага жана Планга жараша ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча электрондук көзөмөлдөө графиги (мындан ары - график) белгиленет. Графикте көзөмөлдүн жана текшерүүлөрдүн интенсивдүүлүгү, пробациянын кардарынын жашаган жери боюнча жана административдик-аймактык бирдиктин ичинде болбой калууга укуктуу болгон мезгили каралган.
График келишимдин иш жүзүндөгү шарттарын, кырдаалдын өзгөрүүсүн эске алуу менен өзгөрүшү мүмкүн.
199. Электрондук көзөмөл ачык жана айкын түрдө жүргүзүлөт.
Электрондук көзөмөлдөө кардарлардын жана үчүнчү жактардын кат алышууларынын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүнүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашууларынын купуялуулугу боюнча укуктарын бузбоого тийиш.
200. Электрондук көзөмөлдүн натыйжасында алынган маалыматтар пайдаланылышы чектелген маалымат болуп саналат. Мындай маалыматтарга электрондук көзөмөл белгиленген кардар, ошондой эле түздөн-түз электрондук көзөмөлдү жүргүзүүчү аймактык бирдиктин кызматкери жеткиликтүү болот.
Ыйгарым укуктуу органдын жана аймактык бөлүмдүн башка кызматкерлери аталган маалыматка ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругунун негизинде жеткиликтүү болушат.
201. Кардардын техникалык каражаттарга карата медициналык каршы көрсөткүчтөрү болгон учурда аларды колдонууга тыюу салынат.
202. Ыйгарым укуктуу орган "Пробация" АМСинин жана техникалык каражаттардын коопсуз жана талаптагыдай иштөөсүн камсыз кылат.
203. Электрондук көзөмөлдү колдонуу аймактык бөлүмдүн кардарларды жеке, түздөн-түз контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча укуктарын чектебейт.
204. Электрондук көзөмөлдү белгилөө жөнүндө чечим аймактык бөлүмдүн жетекчиси менен макулдашуу боюнча кардарды түздөн-түз контролдоочу жана көзөмөлдөөчү аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан кабыл алынат. Чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү токтом түрүндө таризделет. Токтом кардардын өздүк делосуна киргизилет, көчүрмөсү көзөмөлдөөчү прокурорго жана ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
205. Токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) электрондук көзөмөлдү белгилөөнүн мөөнөтү (мезгили), ал сот тарабынан дайындалган жазадан же сыноо мөөнөтүнөн ашпоого тийиш;
2) "Пробация" АМСинде кардарга бекитилген техникалык каражаттын түрү, модели.
206. Кардардын техникалык каражаты (уюлдук телефон же башка түзүлүш) техникалык мүнөздөмөлөргө шайкеш келгенде "Пробация" АМСинде катталууга тийиш.
Кардардын техникалык каражаты жок болсо, "Пробация" АМСинде каттоодон кийин келишимге ылайык ага убактылуу пайдаланууга берилет.
207. Аймактык бөлүмдүн кызматкери аймактык бөлүмдүн жетекчиси менен макулдашылган токтомдун көчүрмөсүн бир жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга жиберет. Ыйгарым укуктуу орган эки жумуш күндүн ичинде токтомдун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерет.
Токтомду жокко чыгарууга негиздер жок болгон учурда ыйгарым укуктуу орган техникалык түзүлүштү "Пробация" АМСинде каттайт жана токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөттө активдештирет. Техникалык каражатты пайдаланган кардарга жана аймактык бөлүмдүн кызматкерине техникалык каражаттын "Пробация" АМСинде катталгандыгы жөнүндө бир жумуш күндүн ичинде билдирилет.
Техникалык каражатты берүүдө (бекитүүдө) техникалык каражат убактылуу пайдаланууга берилген кардарлар ал жөнүндө аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан түздөн-түз кабарланат.
208. Электрондук көзөмөл негизсиз же мыйзамсыз колдонулган учурда, чечим кабыл алган кызматкерге жана чечимди кабыл алууга макулдук берген аймактык бөлүмдүн жетекчисине карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу менен токтом жокко чыгарылууга тийиш.
209. Байланыш кызматы үчүн акы төлөө ыйгарым укуктуу орган менен байланыш оператору түзгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
210. Электрондук көзөмөлдү белгилөө жөнүндө токтомдордун көчүрмөлөрү архив иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталуучу бирдиктүү реестрге киргизилүүгө тийиш. Сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин аталган токтомдордун көчүрмөлөрү жок кылынат.
211. Техникалык каражатты каттоо жөнүндө билдирүү алганда аймактык бөлүмдүн кызматкери кардарга келишимде жана графикте каралган анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, ошондой эле кол коюу менен эскерткичти тапшырып, техникалык каражатты пайдалануунун эрежеси менен тааныштырат.
212. Аймактык бөлүм техникалык каражаттарды берген учурда кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт, ага техникалык каражатты түздөн-түз берген аймактык бөлүмдүн кызматкери менен кардар кол коюшат.
213. Кардар техникалык каражатты дайыма жумуш абалында кармоого милдеттүү. Техникалык каражат бузулган учурда, ал өзүнө карата электрондук көзөмөлдү жүргүзүүчү аймактык бөлүмдүн кызматкерине бул жөнүндө дароо билдирүү үчүн чара көрүүгө тийиш. Аймактык бөлүмдүн кызматкери билдирүүнү алгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде бул жөнүндө ыйгарым укуктуу органга билдирет.
214. Электрондук көзөмөл төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кардарга бекитилген электрондук түзүлүштүн чыныгы географиялык ордун (геолокация) убакыт боюнча аралыктан байкоо;
- кардарды визуалдык жана үн аркылуу идентификациялоо;
- аймактык бөлүмдүн кызматкеринин контролдук чалуулары;
- "Пробация" АМСинен авто чалуулар;
- кардардын техникалык каражаттын корпусун санкцияланбаган алып салуусун жана ачуусун контролдоо.
215. Кардар техникалык каражатка "Пробация" АМСинен жана аймактык бөлүмдүн кызматкеринен келип түшкөн чалууларга, билдирүүлөргө жооп кайтарууга жана келип түшкөн суроолорго жооп берүүгө милдеттүү.
216. Кардар менен байланыш (сигнал) жок болсо же белгиленген чектөөлөр бузулгандыгы аныкталса, ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкери бул фактыны ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине жана кардарга карата электрондук көзөмөлдү ишке ашыруучу аймактык бөлүмдүн кызматкерине маалымдоо менен бир эле мезгилде ыйгарым укуктуу орган бекитүүчү форма боюнча маалыматтарды эсепке алуу журналында токтоосуз белгилейт.
217. Байланыштын (сигналдын) жоктугунун себеби белгиленген учурда, ыйгарым укуктуу органдын жана аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- "Пробация" АМСинин техникалык каражаттарынын оң абалда экендигин текшерүү (ыйгарым укуктуу органдын деңгээлинде);
- кардардын жашаган же турган жерине баруу;
- аймактык бөлүмдүн жетекчилигине билдирүү менен тиешелүү актыны түзүү.
218. Аймактык бөлүмдүн кызматкери кардарды кол койдуруп, акты менен тааныштырат жана аныкталган бузуулар боюнча түшүнүк катты талап кылат.
Кол коюудан же түшүнүк кат жазуудан баш тартуу өзүнчө акты менен бекитилет.
219. Кардар техникалык каражатты пайдалануу боюнча аныкталган бузууларга макул болбогон учурда, аймактык бөлүмдүн кызматкери тиешелүү актыларды түзүү, күбөлөрдөн маалымат суратуу, фото жана видео материалдарды чогултуу менен бузуулар аныкталган жер боюнча маалыматтарды текшерет.
Кардар бузууда көрсөтүлгөн белгилүү убакыттын ичинде өзүнүн турган жери тууралуу далилдерди берүүгө тийиш.
220. Кардардын көзөмөл талаптарын жана пробациялык милдеттерди бузуу фактысы ырасталган учурда, аймактык бөлүм тарабынан кайталап бузууда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө билдирүү менен ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндөгү эскертүү чыгарылат.
221. Кардардын башка административдик-аймактык бирдиктин аймагына көчүп кетүүсүнө байланыштуу жашаган жери өзгөргөн учурда кардар бул жөнүндө жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө билдирет.
Жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдүн кызматкери кардардын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде "Пробация" АМСине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органга кабарлоо жиберет жана ушул Тартиптин 192-пунктуна ылайык мурдагы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөн өздүк ишин талап кылат.
Пробациянын кардарынын жашаган жеринин өзгөрүшүнүн билдирүү мүнөзүнө жаза өтөө жери боюнча пробация органында каттоодо турган мезгилде 6 айдын ичинде бир жолу жол берилет.
Кардардын жашаган жери 6 айдын ичинде бир жолудан көп өзгөрүлсө, аймактык бөлүмдүн кызматкери "Пробация" АМСине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органга билдирүү жиберет. Өздүк иш ушул Тартиптин 192-пунктуна ылайык жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө жиберилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 354 токтомунун редакциясына ылайык)
222. Көзөмөл талаптарынын жана пробациялык милдеттердин өзгөрүшү, жазанын жокко чыгарылышы же өзгөрүлүшү же болбосо техникалык себептер боюнча техникалык каражаттарды кардарга карата андан ары колдонууга мүмкүн болбосо, аймактык бөлүм кардарга карата электрондук көзөмөлдү токтотуу жөнүндө токтом чыгаруу менен электрондук көзөмөлдү токтотот жана техникалык каражаттарды чыгарып алат (алмаштырат) жана (же) алып салат жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт.
223. Электрондук көзөмөлдөө мөөнөтү аяктаганда аймактык бөлүмдүн кызматкери электрондук көзөмөлдү токтотот, техникалык каражаттарды алуу боюнча чараларды көрөт жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт.
Электрондук көзөмөлдү токтотуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган бекитүүчү форма боюнча токтом түрүндө кабыл алынат. Электрондук көзөмөлдү токтотуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү бир жумуш күндүн ичинде "Пробация" АМСинде каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
224. Электрондук көзөмөлдү колдонууда түзүлгөн бардык арыздар, даттануулар жана аларга жооптор, түшүнүк каттар, актылар, келишимдер, графиктер, токтомдор жана башка документтер кардардын өздүк ишине киргизилүүгө тийиш.
225. Кардар каралган жаза чараларын аткаруу учурунда колдонулуп жаткан техникалык каражаттарды бузуу же жок кылуу аркылуу мамлекетке зыян келтирген учурда келишимде көрсөтүлгөн тартипте жана өлчөмдөрдө жоопкерчилик тартат.
226. Электрондук көзөмөлдү колдонууга байланышкан ыйгарым укуктуу органдын жана аймактык бөлүмдүн кызматкерлеринин чечимдерине, ошондой эле аракеттерине же аракетсиздигине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга мүмкүн.