Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтому
Абакта кыска мөөнөттүн ичинде болсо да, адам өзүнүн өмүрүн толугу менен жоготушу мүмкүн. Камалгандар көп учурда үй-бүлөсүнөн, жумушунан же мүлкүнөн ажырап калат. Эркиндикке чыккандан кийин күн астында орун үчүн күрөш күрөшүү жанан адаптация башталат. Кээ бир камалгандар бошотулгандан кийин кайра мыйзам бузууга барышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин алдындагы Пробация департаменти өз кардарларына түзөтүү жана ресоциалдаштыруу үчүн шарттарды түзүп жана алардын кайра укук бузуусун алдын алуу аркылуу коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында түзүлгөн .