Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө Тартиби
Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө
Тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө Тартиби (мындан ары - Тартип) пробация органдарына волонтерлорду тандоону жана алардын иштөө тартибин жөнгө салат.
2. Пробациянын волонтерлорунун иштөөсү Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтому менен бекитилген Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартибине, ошондой эле ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) пробация кызматкерлери - пробация чөйрөсүндө, анын ичинде психологиялык жана социалдык иш менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик жарандык кызматчылар;
2) пробация кардары – статусу Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренеси менен аныкталган жеке жак;
3) пробация волонтеру (мындан ары - волонтер) - Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесинин талаптарына шайкеш келген жеке жак;
4) пробация органы - коомдон обочолонтуу жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары менен байланышпаган жазык жазаларын аткарууну, түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарга көзөмөлдү социалдык-укуктук иш-милдеттерди аткаруу менен жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
4. Пробация чөйрөсүндөгү волонтердук иш алып баруу төмөнкү принциптер менен жүргүзүлөт:
1) пробация волонтерлорунун ишинин акысыздыгы, ыктыярдуулугу, мыйзамдуулугу;
2) волонтердук ишти жүзөгө ашырууда маалыматтын айкындуулугу жана жалпыга жеткиликтүүлүгү;
3) гумандуулук, волонтердук ишти жүзөгө ашырууда адамдын укуктары менен эркиндиктерин сактоо;
4) жынысына, туткан динине, улутуна, тилине, социалдык статусуна, курагына карабастан бардыгынын теңчилиги;
5) тилектештик, ак-ниеттүүлүк жана волонтердук иштин катышуучуларынын кызматташтыгы.
5. Волонтерлордун негизги милдеттери пробациянын кардарларына пробациялык көзөмөл жүргүзүүдө, жазаларды аткарууда жана алар менен социалдык-тарбиялык иш жүргүзүүдө пробация органына көмөк көрсөтүү болуп саналат.
6. Волонтерлор өздөрүнүн ыйгарым укуктарын пробация органынын жетекчилиги астында жана тапшырмасы боюнча жүзөгө ашырат.
7. Волонтерлорду тартуу жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар аркылуу, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык кампанияларды жүргүзүү, пробациянын борбордук органынын сайтына маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу пробация органы тарабынан ишке ашырылат.
2-глава. Пробация органдарына волонтерлорду тандоо
8. Волонтердук ишке пробациянын кардарларынын укуктарын бузган волонтердун беделине терс таасир тийгизүүчү аракеттерге жана жоруктарга жол берүү жүйөлөрү боюнча пробация органы тарабынан мурда волонтердук курамынан чыгарылган адамдар тартылбайт.
9. Волонтердук иш менен алектенүү үчүн пробациянын волонтерлоруна талапкер жеке адам (мындан ары - талапкер) пробациянын аймактык органына жазуу жүзүндө арыз берет (1-тиркеме).
Арызга тиркелет:
өздүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү (паспорт, айдоочулук күбөлүк);
психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалым каттар;
билими жөнүндө документтер же күбөлөндүргөн көчүрмөлөр;
окуган же иштеген жеринен мүнөздөмө;
пробация волонтерунун анкетасы (2-тиркеме).
Арыздар Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамында каралган тартипте жана мөөнөттө каралат.
10. Арызды кабыл алгандан кийин пробациянын аймактык органы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине талапкердин соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат алуу үчүн суроо-талап жиберет, анын жыйынтыгы анкетага тиркелет.
11. Талапкер Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык келсе, ал аңгемелешүүгө чакырылат.
Талапкерлер аңгемелешүүнү өткөрүү датасы, орду жана убактысы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен почта байланышы аркылуу аңгемелешүү өткөрүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен кабарланат.
12. Талапкерлер менен аңгемелешүү комиссиялык түрдө жүргүзүлөт, комиссиянын курамына пробациянын аймактык органынын жетекчиси жана эки кызматкери кирет.
13. Аңгемелешүү процессинде төмөнкү маселелер каралат:
1) мындан мурунку волонтерлук же коомдук иштеги тажрыйбасы;
2) кызыкчылыктары, кызыгуулары, көндүмдөрү;
3) адамдар менен, анын ичинде калктын аялуу катмарлары менен жеке жана топтук иштөө көндүмдөрү;
4) волонтер катары 1 жылдан кем эмес иштөөгө даярдыгы;
5) билими боюнча адистиги;
6) психоэмоционалдык туруктуулугу.
Аңгемелешүү убагында адамдын волонтердук ишке жөндөмдүүлүгү, анын жүйөлүүлүгү, демилгелүүлүгү, жоопкерчилиги жана талапкерди мүнөздөгөн башка маалыматтар аныкталат.
14. Тандалып алынган талапкерлер өзүнө волонтерлуктун негиздерин, пенитенциардык өзгөчөлүктү, пробациялык ишти, жазык-аткаруу иши жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды камтыган атайын окуудан өтүшөт.
15. Окутуу пробациянын аймактык органдарында пробация органдарынын кызматкерлеринин ичинен атайын дайындалган тренерлер тарабынан жүргүзүлөт.
Окутуулар пробация органдарына берилген окутуу мекемелеринин базасында да жүргүзүлүшү мүмкүн.
16. Өткөрүлгөн окутуулардын жыйынтыгы боюнча талапкер менен пробациянын аймактык органынын жетекчисинин ортосунда келишим түзүлөт, ал эсепке алуу журналында катталат.
17. Келишим жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) волонтердук иштин сыпаатамасы (милдеттер);
2) волонтердук ишти жүзөгө ашыруу мезгили;
3) тараптардын укуктары жана милдеттери;
4) келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик;
5) чыгашага алып келгендиги үчүн жоопкерчилик;
6) келишимди узартуунун шарттары;
7) келишимди бузуунун шарттары.
Келишимдин жана эсепке алуу журналынын типтүү формалары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин (мындан ары - Пробация департаменти) чечими менен бекитилет.
18. Волонтер катары ишке уруксат Пробация департаментинин чечими менен таризделет, анын негизинде пробация волонтерунун күбөлүгү берилет.
Пробациянын волонтерунун күбөлүгүнүн формасы Пробация департаменти тарабынан бекитилет.
19. Жакты волонтерлордун курамына киргизүү жөнүндө жазуу пробациянын волонтерлорун эсепке алуу журналына киргизилет.
20. Волонтерлорду пробациянын волонтерлорунун курамынан чыгаруу төмөнкүдөй учурда жүзөгө ашырылат:
1) түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык тараптардын биринин демилгеси боюнча келишимдин бузулушу;
2) келишимдин узартылбоосу.
3-глава. Волонтердук иштин багыты, волонтердук ишти уюштуруу
21. Волонтердук иш төмөнкүдөй багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
1) пробациянын кардарларынын иштеген жана окуган жери боюнча көзөмөлдөө иш-чараларын жүзөгө ашырууда пробация органдарына көмөк көрсөтүү;
2) пробациянын кардарлары менен социалдык иштерди жүргүзүүгө катышуу;
3) пробациянын кардарларына социалдык укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программаларын түзүүгө жана ишке ашырууга катышуу;
4) пробациянын кардарлары менен жеке-профилактикалык иштерди жүргүзүүдө катышуу;
5) пробациянын кардарларына тарбиялык таасир этүүдө пробация органдарына жардам берүү;
6) пробациянын кардарларына консультациялык, психологиялык, юридикалык, кайрымдуулук жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган жардам көрсөтүүнүн башка түрлөрүн көрсөтүү;
7) пробациянын кардарын ишке орноштурууда, аларды социалдык-пайдалуу иш-чараларга тартууда көмөк көрсөтүү;
8) пробациянын кардарларына пробациялык программаларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
9) пробациянын кардарларын оңдоого жана алардын кайталап укук бузууларды жасоосун алдын алууга багытталган чараларды ишке ашырууга катышуу;
10) пробациянын кардарларына социалдык адаптацияланууда, үй-бүлөлүк, туугандык жана башка социалдык-пайдалуу байланыштарын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү;
11) пробация органдарына реабилитациялоо борборлорун түзүү жана аларга пробациянын кардарларын жайгаштыруусунда көмөк көрсөтүү;
12) пробациянын максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келбеген иштин башка багыттары.
22. Мыйзам менен аныкталган жана аларга соттун чечими менен жүктөлгөн милдеттерди пробациянын кардарларынын сактоосу үчүн көзөмөлдүк иш-чараларды жүзөгө ашырууга байланышкан волонтердук иш төмөнкүлөргө катышууну карайт:
1) иштеген же окуган жери боюнча пробациянын кардарларын текшерүүгө;
2) соттун чечими менен пробациянын кардарларына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын текшерүүгө;
3) турган орду белгисиз болгон пробациянын кардарларына алгачкы издөө менен байланышкан иш-чараларга.
23. Волонтердун ишин жүргүзүүгө волонтердун негизги милдеттери пробациянын аймактык органы тарабынан волонтердун макулдугу менен жана иш тажрыйбасын, билимин, моралдык, ишкердик сапаттарын, волонтердун айткан сунуштарын жана каалоолорун эске алуу менен аныкталат.
24. Конкреттүү пробациянын кардарына карата волонтердук иш менен байланышкан иш-чараларды пробациянын аймактык органы пробация кардары менен иштөөдөгү жеке программасында аныкталат.
25. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча волонтер аймактык пробация органына эркин түрдөгү отчет тапшырат.
26. Пробациянын кардарынын мыйзам менен аныкталган жана соттун чечими менен ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы жөнүндө фактылар волонтер тарабынан белгилүү болгондо, волонтер келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө пробациянын аймактык органына маалымдоого тийиш.
Документтин түп нускасы