Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат, алар Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин милдеттери болуп адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды, айлана-чөйрөнү, коомдук башкаруу тартибин укукка каршы кол салуулардан коргоону укуктук камсыз кылуу саналат. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин принциптерин жана негиздерин белгилейт, кандай жосундар укук бузуулар болуп саналарын, алар жөнүндө иштерди кароо тартибин, аларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын жана кошумча укуктук кесепеттердин түрлөрүн аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси менен бул жерден таанышсаңыздар болот.