Нельсон Манделанын эрежелери
Бириккен Улуттар Уюмунун камактагыларга мамиле кылууга карата минималдуу стандарттык эрежелери
(Нельсон Манделанын эрежелери)
Алдын-ала эскертме 1
Төмөнкү эрежелер пенитенциардык мекемелердин үлгүлүү тутумдарын тыкыр сүрөттөөнү максат кылбайт, алар заманбап ой жорумдун жалпыга таанылган жетишкендиктеринин негизинде жана азыркы таптагы көбүрөөк канааттандырган тутумдардын негизги элементтерин эске
алуу менен камактагыларга мамиле кылуу жана түрмөлөрдү башкаруу жаатындагы принципиалдуу жана практикалык көз караштан алганда адатта туура деп эсептелинген нерселерди баяндап берүүгө арналган.
Алдын-ала эскертме 2
1. Юридикалык, социалдык, экономикалык жана географиялык шарттардын көп түрдүүлүгүн эске алганда ушул эрежелердин бардыгын бир эле убакта бардык жерде колдонуу мүмкүн эмес экендиги анык. Антсе да алар аларды ишке ашыруу жолунда кездешкен практикалык кыйынчылыктарды жеңүүгө болгон умтулууга такай дем берип турушу керек, анткени, жалпысынан алганда, аларда Бириккен Улуттар
Уюму кабыл алынууга жөндүү деп эсептеген минималдуу шарттар чагылдырылган.
2. Экинчи жагынан, алар өзүнө ой жорум дайыма алдыга илгерилеп турган ишмердүүлүк жаатын камтып турат. Ошондой эле өздөрүндө баяндалган принциптерге шайкеш келген жана белгиленген максаттарга жетүүгө багытталган тажрыйба топтоого же практиканы ишке киргизүүгө жолтоо болууну максат кылбайт. Ушул жагынан алганда борбордук түрмө администрациясы айрым учурларда бул эрежелерден четтеп иш кылышы жөндүү эле болот.
Алдын-ала эскертме 3
1. Эрежелердин I бөлүгү түрмөлөрдү жалпы башкаруу маселесине байланышкан жана камактагылардын кылмыш-жаза иштери боюнча же жарандык иштер боюнча камалгандыгына, азырынча иши тергөөдө экендигине же соттолгондугуна карабастан бардык категорияларына, анын ичинде сот дайындаган “коопсуздук чараларынын” же түзөтүү иштеринин предмети болгон камактагы адамдарга да тиешелүү болуп саналат.
I. ЖАЛПЫ КОЛДОНУЛГАН ЭРЕЖЕЛЕР
Негизги принциптер
Эреже 1
Камактагы адамдардын бардыгынын инсандыгына жана адамдык ар-намысына, ариетине сый-урмат менен мамиле кылынышы керек. Камактагы бир дагы адам кыйноолорго, ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамиле кылуунун же жазалоонун
түрлөрүнө дуушар болбошу керек, бардык камактагы адамдарды мындай көрүнүштөрдөн коргоо зарыл жана эч кандай жагдай буларды актоо үчүн негиздүү жүйө болуп бере албайт. Камактагыларды кайтаруу, алардын, кызматкерлердин, кызмат көрсөткөн адамдардын жана келген адамдардын коопсуздугу дайыма камсыздалып турууга тийиш.
Эреже 2
1. Ушул эрежелерди бейтарап негизде колдонуу керек. Расасына, терисинин түсүнө, жынысына, диний, саясий же башка ынанымдарына, улуттук же социалдык тегине, мүлктүк абалына, кайда төрөлгөндүгүнө же башка жагдайларга карап басмырлоого жол берилбейт. Камактагылардын диний ынанымдарына жана адеп-ахлактык түшүнүктөрүнө сый-урмат менен мамиле кылуу зарыл.
2. Басмырлоого жол бербөө принцибин иш жүзүндө колдонуу максатында түрмө администрациясы камактагылардын жекече керектөөлөрүн, анын ичинде түрмөдө камакта отургандардын аялуу катмарынын муктаждыктарын эске алышы керек. Өзгөчө муктаждыктары бар камактагылардын укуктарын коргоо жана колдоого алуу үчүн чаралар көрүлүшү зарыл жана мындай чаралар басмырлагандай мүнөздө болбошу керек.
Эреже 3
Адамдарды камоо же аларды курчап турган чөйрөдөн бөлүп салууга багытталган башка чаралар аларды эркинен ажыратып жана өзүн-өзү аныктоого болгон укугун алып койгондуктан, алардын азап чегишине алып келет. Ошондуктан, өзүнчө бөлүп камоо жөндүү болгон же болбосо муну тартипке чакыруу максатында жасаган учурлардан тышкары мезгилдерде түрмө тутуму мындай абалдан жаралган азап чегүүнү күчөтпөшү керек.
Эреже 4
1. Түрмөгө камоо же ушуга окшогон эркинен ажыратуу жөнүндө өкүмдүн максаты, негизинен, коомду кылмышкерлерден коргоо жана рецидивизм учурларын азайтуу болуп саналат. Камоо мөөнөтү, мүмкүнчүлүккө жараша, мындай адамдардын боштондукка чыккандан кийин мыйзамга баш ийип жашап жана өз алдынча турмушун жөндөп кете ала тургандай кылып коомго кайра аралашуусун камсыздоо үчүн пайдаланылган учурда гана бул максаттарга жетүүгө болот.
2. Буга байланыштуу түрмө администрациясы менен компетенттүү органдар билим алуу, кесиптик даярдыктан өтүү жана иштөө үчүн тийиштүү жана колдон келген мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө, ошондой эле башка жардамдарды, анын ичинде түзөтүү, адеп-ахлактык, руханий, социалдык, медициналык жана спорттук мүнөздөгү жардамдарды көрсөтүүгө тийиш. Мындай программалар, иш-чаралар жана
кызмат көрсөтүүлөр камактагыларды кайра тарбиялоодогу жекече муктаждыктарды эске алуу менен ишке ашырылышы керек.
Эреже 5
1. Түрмө режими түрмөдөгү жашоо менен эркиндиктеги турмуштун ортосундагы айырмачылыкты - камактагылардын жоопкерчилик сезимин алсыздантып же алардын инсандык ар-намысына сый-урмат менен мамиле кылууну төмөндөткөн айырмачылыкты болушунча азайтууга умтулушу керек.
2. Түрмө администрациясы дене-боюнда, психикасында мандеми бар же башка кемчиликтери бар камактагылардын тең укуктуулук негизинде толук кандуу жана натыйжалуу жашоосун камсыздоо үчүн аларды жайгаштыруу жана көнүп кетүүсүнө колдоо көрсөтүү боюнча бардык колдон келген чараларды көрөт.
Эреже 6
Бардык камоо жайларында камактагылардын өздүк иши менен иштөөнүн стандартташтырылган тутуму болууга тийиш. Каттоонун электрондук базасы же барактарына катар номер менен кол коюлган журнал ушундай тутум катары кызмат кыла алат. Эсепке алуу жазууларына ишенимдүү көзөмөлдү камсыздоо жана бул тутумда камтылган каалагандай маалыматты уруксатсыз алууну же аны өзгөртүүнү болтурбоо үчүн жол-жоболор каралышы зарыл.
Эреже 7
Камоо жөнүндө жарактуу буйрук болмоюнча эч ким түрмөгө кабыл алынбашы керек. Ар бир камалган адам алып келинген учурда камактагылардын өздүк иши менен иштөө тутумуна төмөнкү маалымат киргизилет:
a) камактагылардын өз жыныстык таандыгын кандай кабыл ала турганына сый мамиле кылып, алардын чыныгы инсандык өздүгүн аныктоого мүмкүндүк берген так маалыматтар;
b) камоонун себептери жана мындай чечим кабыл алууга жооптуу орган, камакка алынган датасы, убактысы жана орду;
c) камак жайларга келген жана андан чыккан күнү жана сааты, ошондой эле каалагандай которуулардын күнү жана сааты;
d) денеге көзгө көрүнгөн каалагандай зыян келүүсү жана буга чейинки орой мамилеге болгон даттануу;
e) жеке буюмдарын тизмектеп жазуу;
f) үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары, анын ичинде, мүмкүн болгон учурда, балдарынын аты-жөнү, жаш курагы, жашаган жери жана камкордукка алуу жана камкорчулук макамы жөнүндө маалымат;
g) өзгөчө кырдаалдар учурунда байланышуу үчүн кенен маалымат жана камактагы адамдын жакын туугандары жөнүндө маалыматтар.
Эреже 8
Камактагылар камакта болгон учурда алардын өздүк иши менен иштөө тутумуна, мүмкүн болгон учурда, төмөнкү маалымат киргизилет:
a) сот процессине байланышкан маалымат, анын ичинде соттук угуулардын датасы жана юридикалык өкүлчүлүк;
b) баштапкы баалоо жана квалификация жөнүндө отчеттор;
c) жүрүм-туруму жана тартипти сактоосу жөнүндө маалымат;
d) өтүнүчтөр менен арыздануулар, анын ичинде кыйноолорго же башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басынткан мамиленин же жазалоонун түрлөрүнө дуушар болгондугу жөнүндө арыздар, эгер алар купуялуу мүнөздө болбосо;
e) тартиптик жаза чегерилгендиги жөнүндө маалымат;
f) дене-бойго каалагандай зыян келтирүүнүн же өлүмгө дуушар кылуунун жагдайлары жана себептери жөнүндө маалымат, өлүмгө дуушар болгон учурларда сөөгү алпарыла турган жер жөнүндө маалымат.
Эреже 9
7 жана 8-эрежелерде сөз болгон эсепке алуу боюнча жазуулар ачыкка чыгарылбайт жана ушундай эсепке алуу маалыматтарын колдонуу кесиптик милдеттерине кирген адамдарга гана берилет. Ар бир камактагы адамга ички мыйзамдарга ылайык уруксат берилген кыскартуулары менен өзүнө тиешелүү болгон эсепке алуу боюнча жазуулар жеткиликтүү болушу керек, жана ал эркиндикке чыккан учурда ушундай эсепке алуу боюнча жазуулардын расмий көчүрмөсүн алууга укуктуу.
Эреже 10
Камактагылардын өздүк иши менен иштөө тутумдары түрмөдөгү контингентти мүнөздөгөн тенденциялар, анын айырмачылык белгилери, анын ичинде пенитенциардык мекемелерде камалган адамдардын
саны туурасында ишенимдүү маалыматтарды алуу үчүн да колдонулат, бул чечимдерди илимий жактан негиздеп кабыл алууга өбөлгө түзүү максатында жасалат.
Эреже 11
Камактагылардын ар кыл категориялары өз-өзүнчө жайларга же бир эле жайдын ар башка бөлүктөрүнө алардын жынысын, жаш курагын, буга чейинки соттолгондугун, камалуунун юридикалык себептерин жана алар карманышы керек болгон режимди эске алуу менен жайгаштырылат; ошентип:
a) мүмкүнчүлүккө жараша эркектер менен аялдарды өз-өзүнчө жайларга жайгаштыруу керек; эгер эркектер менен аялдар бир эле мекемеде кармала турган болсо, аялдарды толугу менен бөлүп, өзүнчө жайларга жайгаштыруу керек;
b) иши тергөөдө болгон адамдарды соттолгондордон бөлүп, өзүнчө жайгашыруу керек;
с) карыз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн соттолгондорду жана жарандык иштер боюнча камалган башка адамдарды кылмыш кылган адамдардан өзүнчө жайгаштыруу керек;
d) укук бузган жаш балдарды улуу адамдардан бөлүп, өзүнчө жайгаштыруу керек.
Эреже 12
1. Камалган адамдар камераларда же бөлмөлөрдө түнөгөн жерлерде алардын ар биринин өзүнчө камерасы же бөлмөсү болушу керек.
Эгер кандайдыр бир өзгөчө себептерден улам, айталы, түрмөдөгү адамдардын саны убактылуу өтө көбөйүп кеткен учурда, борбордук түрмө башкармалыгына бул эрежени колдонуудан баш тартууга туура келет, антсе да бир эле камерага же бөлмөгө эки камалган адамды жайгаштыруу ылайыксыз болуп саналат.
2. Жалпы камералар болгон жерлерде аларга жайгаштырылган камактагыларды мындай шартта бири-бири менен батышып жашай ала тургандыгына ынанса боло тургандай кылып тыкыр иргеп алуу зарыл. Мекеменин мүнөзүнө ылайыктуу болгон көзөмөл түнкүсүн такай жүргүзүлүп турушу керек.
Эреже 13
Камактагы адамдар колдонгон бардык жайлар, өзгөчө - уктоочу жайлар бардык санитардык талаптарга жооп бериши керек, мында климаттык шарттарга, өзгөчө бул жайлардын кубатурасына, алардын минималдуу аянтына, жарыктандырылышына, жылытылышына жана желдетилишине тийиштүү көңүл бурулушу зарыл.
Эреже 14
Камактагылар жашаган жана иштеген жайларда:
a) терезелердин чоңдугу камактагылар күндүз күндүн жарыгында окуп жана иштей ала тургандай жетиштүү көлөмдө болушу керек, ошондой эле бөлмөдө жасалма желдетүү тутуму бар-жок экендигине карабастан таза аба кирип турушун камсыздай тургандай жасалышы керек;
b) жасалма жарыктандыруу камактагылар окуган же иштеген учурда алардын көрүү органдарына күч келбей тургандай жетиштүү деңгээлде болушу керек.
Эреже 15
Санитардык эрежелер ар бир камактагы адам өзүнө керек болгон учурларда таза жана ыңгайлуу шарттарда табигый муктаждыктарын канааттандырып алышы үчүн жетиштүү деңгээлде камсыздалышы керек.
Эреже 16
Мончолор менен душта жуунуучу жайлар ар бир камалган адам ар бир климат үчүн ылайыктуу болгон температурада жуунуп же душка чайканып алса боло тургандай жетиштүү санда болушу керек, ошондой эле жалпы гигиенанын шарттары кандай талап кылса, ошончо жолу муну жасоого, айталы, жыл мезгили менен географиялык районду эске алуу менен мээлүүн климатта жок дегенде жумасына бир жолу буга мүмкүнчүлүгү болушу керек.
Эреже 17
Түрмөнүн камактагылар такай колдонгон бардык бөлүктөрү дайыма тийиштүү тартипте жана таптаза шартта кармалышы керек.
Эреже 18
1. Камактагы адамдар өздөрүн таза алып жүрүшүн талап кылуу керек. Бул үчүн аларды тазалыкты жана ден-соолугун сактоо үчүн зарыл болгон таза суу жана керектүү буюм-тайымдар менен камсыздоо зарыл.
2. Камактагы адамдар өздөрүнүн адамдык ар-намысына шайкеш келген сырткы келбетин сактай алышы үчүн алардын чач жасалгасына жана сакалына кам көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек, анын ичинде эркектерге такай сакалын алып турууга уруксат берүү зарыл.
Эреже 19
1. Өзүнүн кийимин кийүүгө укугу жок камактагы адамдарга ушул климатка шайкеш келген жана алардын ден-соолугун канааттандыраарлык абалда сактоого мүмкүнчүлүк берген бир комплект формалуу кийим берүу керек. Бул кийим намыска шек келтирген же басынткан мүнөздө болбошу керек.
2. Кийим-кечек таза жана тыкан болушу керек. Шейшептерди жууганга берүү же тазасын алуу гигиенанын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
3. Камактагы адам бийликтин уруксаты менен мекемеден сырткары жакка барган өзгөчө учурларда гана ага өз кийимин кийүүгө же башка көзгө анчейин урунбаган кийимди кийүүгө уруксат берилет.
Эреже 20
Эгер камактагы адамга өзүнүн кийимин кийип жүрүүгө уруксат берилсе, аларды түрмөгө кабыл алуу учурунда ошол кийимдери таза жана кийип жүрүүгө ылайыктуу болушу үчүн чаралар көрүлүүгө тийиш.
Эреже 21
Ар бир камактагы адамга улуттук же жергиликтүү ченемдерге ылайык өзүнчө, атайын уктоого ылайыкталган буюм-тайымдары бар керебет берилишин камсыздоо керек, алар берилип жатканда таза абалда болуп, тыкан пайдаланылып, дайыма таза болушу үчүн бат-бат алмаштырылып турушу керек.
Эреже 22
1. Түрмө башкармалыгы кадимки убактарда ар бир камактагы адамга алардын ден-соолугун жана күч-кубатын калыбында кармап тургандай, сапаттуу, жакшы даярдалган жана тийиштүү идишке куюлган тоюмдуу тамак-аш берилишин камсыздашы керек.
2. Ар бир камактагы адам суусаган учурда ичкенге таза ичүүчү суу менен камсыздалышы керек.
Эреже 23
1. Таза абада иштебеген бардык камактагылардын ылайыктуу аба ырайы болгон учурда күнүнө жок дегенде бир саат короодо дене-бойго көнүгүүлөрдү жасап алууга укугу бар.
2. Тийиштүү дене-бойлук абалда болгон жаш балдарга жана ылайыктуу курактагы башка камактагыларга дене-бойлук машыгууга жана көнүгүүлөр учурунда ойногонго мүмкүнчүлүк болушун камсыздоо зарыл. Бул үчүн зарыл болгон аянтчалар, орнотмолор жана жабдуулар болушу керек.
Эреже 24
1. Камактагыларды медициналык-санитардык тейлөө менен камсыздоо мамлекеттин милдети болуп саналат. Камактагыларга коомдо орун алган медициналык-санитардык тейлөөнүн стандарттарынын деңгээлине шайкеш тейлөө камсыздалууга тийиш. Ошондой эле аларга зарыл
болгон медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөр алардын укуктук макамынын белгиси боюнча эч кандай басмырлоосуз жана акысыз негизде жеткиликтүү болушу камсыздалышы керек.
2. Медициналык-санитардык тейлөө саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдардын тутуму менен тыгыз байланышта, ошондой эле дарылоо менен кам көрүүнүн, анын ичинде АИВ, кургак учук жана башка жугуштуу ооруларды, ошондой эле баңгизатка көз карандылыкты дарылоонун үзгүлтүксүз болушу камсыздала тургандай болуп уюштурулууга тийиш.
Эреже 25
1. Ар бир түрмө мекемесинде медициналык-санитардык кызмат болушу зарыл, ага камактагылардын дене-бойлук жана психикалык саламаттыгын баалоо, колдоого алуу, коргоо жана жакшыртуу боюнча милдеттер жүктөлгөн, мында медициналык-санитардык жардамга өзгөчө муктаждыктары бар же ден-соолугунда аларды калыбына келтирүүгө кедергисин тийгизген көйгөйлөрү бар камактагы адамдарга көбүрөөк көңүл бурулууга тийиш.
2. Медициналык-санитардык кызматтын курамына квалификациясы жетиштүү деңгээлде болгон, толук клиникалык көз карандысыз жана психология менен психиатрия жаатында жетиштүү тажрыйбасы
менен билими бар кызматкерлер бар болгон көп профилдүү бригада киргизилиши керек. Ар бир камалган адам квалификациялуу тиш дарыгеринин кызматынан пайдаланууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл.
Эреже 26
1. Медициналык-санитардык кызмат бардык камактагы адамдарга так, жаңыланып турган жана купуялуулугу сакталган жекече медициналык карталарды түзүп, толтуруп турууга тийиш. Бардык камактагы адамдарга каалаган учурда өздөрүнүн медициналык карталарын алуу мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болушу керек. Ошондой эле камактагы адам башка бир адамды өз медициналык картасын алуу үчүн дайындай алат.
2. Камактагы адам которулган учурда медициналык карталар кабыл алуучу медициналык-санитардык кызматка берилиши керек, ал эми карталарда камтылган медициналык маалыматтар купуя мүнөздө болуп саналат.
Эреже 27
1. Кыйчалыш учурларда бардык түрмө мекемелери медициналык жардамдын токтоосуз жеткиликтүү болушун камсыздоого тийиш. Адистин кызмат көрсөтүүсүнө же хирургиялык кийлигишүүгө муктаж болгон оорулуу камактагы адамдарды атайылаштырылган мекемелерге же жарандык ооруканаларга которуу керек. Жазаларды аткаруу кызматынын өзүндө ооруканалар болсо, алардын кызматкерлеринин саны жетиштүү болуу менен аларга жөнөтүлгөн камактагы адамдарга керектүү дарылоо менен кам көрүүнү камсыздоо үчүн тийиштүү түрдө жабдылган болушу зарыл.
2. Клиникалык чечимдер жооптуу медициналык адистер тарабынан гана кабыл алынышы зарыл жана түрмөнүн медициналык билими жок кызматкерлери тарабынан четке кагылбашы же аткарылбай калбашы керек.
Эреже 28
Аялдар жайгашкан түрмө мекемелеринде кош бойлуу аялдарга жана төрөп жаткан аялдарга кам көрүүгө жана аларды дарылоого ылайыкталган өзгөчө жайлар болушу керек. Мүмкүн болгон жерлерде төрөт түрмөдөгү эмес, жарандык ооруканада өтүшүнө кам көрүү керек. Эгер ымыркай түрмөдө төрөлгөн болсо, бул жагдай туурасында анын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнө жазуунун кереги жок.
Эреже 29
1. Балага ата-энесинин бирөөсү менен түрмөдө калуусуна уруксат берүү баланын кызыкчылыктарын көздөө менен гана кабыл алынууга тийиш. Балага ата-энесинин бирөөсү менен түрмөдө калуусуна уруксат берилген жерлерде төмөнкүлөр зарыл:
a) Балдар ата-энелеринин кам көрүүсүндө болбогон мезгилдерде аларды жайгаштыруу үчүн балдарга кам көрүү боюнча жетиштүү квалификациялуу кызматкерлери бар ички же сырткы кызматтардын болушун камсыздоо;
b) атайын балдар медициналык-санитардык тейлөөсүн, анын ичинде жаңы келгендеги ден-соолугунун абалын медициналык кароодон өткөрүүнү жана адистердин алардын өсүп-өнүгүүсүнө такай көзөмөл кылып туруусун камсыздоо.
2. Ата-энесинин бирөөсү менен түрмөдө болгон балдарга эч убакта камалган адамдарга жасалган мамиле жасалбашы керек.
Эреже 30
Дарыгер же башка квалификациялуу медициналык адистер, алардын ошол дарыгерге отчет берүүгө милдеттүү же милдеттүү эместигине карабастан, ар бир камактагы адамды кабыл алып, аны менен маектешип, келээри менен тез арада, ал эми кийинчерээк - зарыл болгон убактарда медициналык кароодон өткөрүп турууга тийиш. Мында төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл бурулат:
a) медициналык-санитардык тейлөөгө болгон муктаждыкты аныктоого жана дарылоо үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө;
b) түрмөгө жаңы камалган адамдар түрмөгө кабыл алынганга чейин орой мамилеге дуушар болгон каалагандай учурларды аныктоого;
c) эркиндигинен ажырагандыктан улам дуушар болгон психологиялык же башка стресстин каалагандай белгилерин аныктоого, анын ичинде өз жанын кыюу же дене мүчөлөрүнө зыян келтирүү тобокелдигин, ошондой эле баңгизаттарды, медициналык дары-дармектерди же алкоголь ичимдиктерин колдонууга байланышкан абстиненция белгилерин аныктоого; тийиштүү жекече чараларды көрүүгө же тийиштүү дарылоо ишин колго алууга;
d) камалган адамдардын жугуштуу оорулары бар экендигине күмөн саноо болгон учурларда аларды башкалардан клиникалык бөлүп коюуну жана мындай камалган адамдарды карантин мөөнөтү ичинде тийиштүү дарылоодон өткөрүүнү камсыздоого;
e) зарыл болгон учурларда камалган адамдардын жумуш кылууга, кара күч талап кылган кыймыл-аракетти жасоого жана башка ишмердүүлүккө катышууга жарактуулугун аныктоого.
Эреже 31
Дарыгердин же, эгер бул мүмкүн болсо, башка квалификациялуу медициналык адистердин, бардык оорулуу, психикалык же дене-бойлук саламаттыгында көйгөйлөрүм бар деп даттанган, же алардын өзгөчө көңүлун бурган каалаган камактагы адамга күнүнө барып турууга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бардык медициналык текшерүүлөр толук купуялуулук шарттарында ишке ашырылууга тийиш.
Эреже 32
1. Дарыгер же башка медициналык адистер менен камактагы адамдардын ортосундагы мамиле коомдо бейтаптарга карата кандай этикалык жана кесиптик стандарттар колдонулса, ошондой эле стандарттар менен жөнгө салынышы керек. Анын ичинде:
a) камактагылардын психикалык жана дене-бойлук саламаттыгын коргоо, ооруну клиникалык өбөлгөлөрдүн негизинде гана алдын алуу жана дарылоо милдети;
b) камактагылардын өз ден-соолугуна өз билишинче кам көрүшү жана дарыгер менен бейтаптын ортосундагы түшүнүп туруп макул болуу принциптеринин сакталышы;
c) медициналык маалыматтын купуялуулугу, эгер бул бейтапка же башка адамдарга реалдуу жана түздөн-түз коркунуч жаратпаса;
d) кыйноолор же башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамиле кылуунун же жазалоонун түрлөрү сыяктуу иш- аракеттерге, анын ичинде камактагы адамдын ден-соолугуна зыян келтире турган, айталы организмдин клеткаларын, ткандарын жана камактагы адамдын органдарын кесип алуу түрүндөгү медициналык же илимий тажрыйба жүргүзүүгө таптакыр тыюу салуу.
2. Ушул эреженин 1 d) пунктунун жоболоруна каршы келбеген жагдайда камактагы адамдарга - эркин жана түшүнүп туруп макулдук берилген жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык шартта - эгер бул алардын ден-
соолугуна олуттуу пайда алып келе турган болсо, анда коомдо жеткиликтүү болгон клиникалык сыноолорго жана башка медициналык илимий изилдөөлөргө катышууга, ошондой эле туугандары үчүн клеткасын, организмдин ткандарын жана органын берүүчү донор болууга уруксат берилсе болот.
Эреже 33
Дарыгер камактагы адамдын камалган абалда болушунан же камактагы кайсы бир шарттардан улам дене-бойлук же психикалык саламаттыгына зыян келген же зыян келиши ыктымал деп эсептеген ар бир учурда түрмө мекемесинин директоруна бул туурасында кабарлап турат.
Эреже 34
Эгер камактагы адамды ал жаңы келген учурда медициналык кароодон өткөргөндө же кийинчерээк ага медициналык жардам көрсөткөн учурларда медициналык адистерге кандайдыр бир кыйноолордун же башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамиле кылуулардын же жазалоонун белгилери жөнүндө маалым болсо, алар мындай учурларды документтештирип, компетенттүү медициналык, административдик же соттук органдарга кабарлашы керек. Камактагы адамды же ага байланышы бар адамдарды зыян келүү тобокелдигине дуушар кылбоо үчүн тийиштүү процессуалдык кепилдиктерди сактоо зарыл.
Эреже 35
1. Дарыгер же саламаттык сактоо жаатындагы компетенттүү орган такай негизде инспекция өткөрүп, түрмө мекемесинин директоруна төмөнкү маселелер боюнча кабарлап турушу керек:
а) тамак-аштын саны, сапаты, даярдалышы жана таратуу шарттары;
b) мекемедеги жана анда камалгандардын гигиенасы жана тазалыгы;
с) мекемедеги санитария, жылытуу, жарыктандыруу жана желдетүү;
d) камактагылардын кийим-кечегинин, уктоого ылайыкталган буюм- тайымдарынын жарактуулугу жана тазалыгы;
е) бул иш атайылаштырылган персоналга жүктөлбөгөн учурларда дене тарбияга жана спортко байланышкан эрежелерди сактоо.
2. Түрмө мекемесинин директору ушул эреженин 1-пунктуна жана
33- эрежеге ылайык ага жөнөтүлуп туран кеңештер менен баяндамаларды эске алышы керек жана бул баяндамаларда камтылган кеңештер менен сунуштамаларды турмушка ашыруу үчүн токтоосуз чараларды көрүшү керек. Эгер бул кеңештер менен сунуштамалар түрмө директорунун компетенциясынын чегинен тышкары болсо же ал буларга макул болбосо, директор жогору жактагы органга токтоосуз өз баяндамасын, дарыгердин же саламаттык сактоо жаатындагы компетенттүү мамлекеттик органдын кеңештери менен сунуштамаларын берүүгө тийиш.
Эреже 36
Тартип менен тыкандык сакталышы үчүн көзөмөлдүн ишенимдүүлүгүн, түрмө мекемесинин коопсуз иштешин жана андагы жатакананын тийиштүү эрежелерин сактоону камсыздоого зарыл болгон чектөөлөрдү гана киргизүү керек.
Эреже 37
Төмөнкү аспектилер дайыма мыйзам аркылуу же компетенттүү административдик органдын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынып турушу керек:
a) тартиптик мыйзам бузууну түзгөн жүрүм-турум;
b) камактагы адамга чегерүү мүмкүн болгон жазанын түрү жана узактыгы;
c) ушундай жаза чегерүүгө укугу бар орган.
d) камактагыларды жалпы контингенттен мажбурлап бөлүп салууга байланышкан каалагандай чаралар, мисалы, жалгыз камап коюу, обочо кармоо, сегрегациялоо, карцерге отургузуу же камактагы шарттарды чектөө тартиптик жазалоо же тартипти жана коопсуздукту сактоо чарасы катары болгон күндө да, анын ичинде мажбурлап бөлүп салуу чараларын колдонууну жана колдонуу тартибин кайра карап чыгууну, ошондой эле аларды жокко чыгарууну жөнгө салган принциптер менен жол-жоболорду ишке киргизүү.
Эреже 38
1. Тартиптик мыйзам бузуулардын алдын алуу же жаңжалдарды жөнгө салуу үчүн түрмө администрациясына, мүмкүнчүлүккө жараша, жаңжалдардын алдын алуу, ортомчулук механизмдерин же башка
каалагандай башка альтернативдүү талаш-тартыштарды чечүү ыкмаларын колдонуу сунушталат.
2. Ушул тапта же буга чейин башкалардан бөлүп камалган адамдарга карата түрмө администрациясы алар түрмөдөн боштондукка чыккандан кийин аларга жана алардын жамаатына камакта болуунун ыктымалдуу терс кесепеттерин азайтуу үчүн зарыл болгон чараларды көрөт.
Эреже 39
1. Камактагыларга карата жазалоо чаралары мыйзамда каралган же 37-эрежеде сөз болгон ченемдик-укуктук актыларда көрсөтүлгөн шарттарда гана, ошондой эле адилеттүүлүк принциптерине ылайык жана тийиштүү укуктук жол-жоболор боюнча гана ишке ашырылууга
тийиш. Камактагы адам эч качан бир эле иш-аракет же мыйзам бузуу үчүн кайталап жазаланбашы керек.
2. Түрмө администрациясы жазалоо чарасы менен ошол чара көрүүгө алып келген мыйзам бузуунун шайкештигин камсыздап, бардык колдонулган тартиптик жазалоо чараларынын эсебин жүргүзүп турушу керек.
3. Тартиптик жазалоо чарасын көрүү алдында түрмө администрациясы камактагы адамдын психикалык оорусу же анын өнүгүүсүндөгү мандемдер анын жүрүм-турумуна жана мыйзам бузууга барышына, же тартиптик чара көрүүгө себепчи болгон иш-аракеттерди жасашына таасир этиши мүмкүн беле деген маселени карап чыгышы керек. Түрмө администрациясы камактагы адамдын психикалык оорусунун же акыл- эсинин жетишсиздигинин кесепети болгон иш-аракети үчүн ошол адамга тартиптик жазалоо чараларын дайындабаш керек.
Эреже 40
1. Камактагы адамдарды түрмө мекемесин тейлөө боюнча ишке тартиптик жазалоо чарасы катары мажбурлоого болбойт.
2. Ошентсе да бул эреже социалдык, билим берүү же спорттук ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрлөрү үчүн жоопкерчилик камактагылардын өздөрүнө жүктөлгөн өз алдынча башкаруу тутумунун тийиштүү деңгээлде иштешине тоскоолдук жаратпашы керек. Мында камактагылар аларды кайра тарбиялоо максатында түзүлгөн топтордун курамында болуп, тийиштүү көзөмөл алдында иштешет.
Эреже 41
1. Тигил же бул камактагы адамга карата тартиптик жазалоо чаралары көрүлгөндүгү туурасында кандай билдирүү болбосун токтоосуз түрдө компетенттүү органга кабарланышы керек, ал орган бул билдирүүлөрдү кечеңдетпестен иликтөөнү колго алууга тийиш.
2. Камактагыларга алар түшүнгөн тилде аларга кандай айыптар тагылып жаткандыгын токтоосуз маалымдоо зарыл жана алардын өздөрүн коргоо үчүн жетиштүү убактысы жана шарттары болушу керек.
3. Сот адилеттигинин кызыкчылыгы талап кылган учурларда, анын ичинде олуттуу тартип бузуу боюнча айып тагылган жагдайда камактагыларга өзүн өзү коргоого же юридикалык жардамдан пайдаланууга уруксат берилет. Эгер камактагылар тартиптик
териштирүүлөрдүн алкагындагы угууларда колдонулган тилди түшүнбөсө же ал тилде сүйлөбөсө, аларга квалификациялуу котормочунун жардамы акысыз негизде көрсөтүлөт. Камактагылардын аларга чегерилген тартиптик жазалоону сот аркылуу кайрадан карап чыгуу үчүн мүмкүнчүлүгү болушу керек.
4. Тартип бузуу кылмыш катары куугунтукталган учурларда камактагылар кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө колдонулган бардык процессуалдык кепилдиктерге, анын ичинде эч кандай тоскоолдуксуз жактоочунун кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга укугу болушу керек.
Эреже 42
Ушул эрежелерде каралган камактагы жалпы шарттар, анын ичинде жарыктандырууга, желдетүүгө, температурага, санитарияга, тамак- ашка, таза ичүүчү суу менен камсыздоого, короодо сейилдөө жана дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо жеткиликтүү болушуна, жеке гигиенага, ден-соолугун коргоого жана зарыл болгон жеке мейкиндикти бөлүп
берүүгө байланышкан шарттар бардык камактагы адамдар үчүн бирдей камсыздалышы керек.
Эреже 43
1. Эч бир жагдайда кыйноолорго же башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамиле кылууларга же жазалоолорго төп келген чектөөлөр же тартиптик жазалоо чаралары дайындалбашы керек. Анын ичинде практиканын төмөнкү түрлөрүнө тыюу салынууга тийиш:
a) аныкталбаган мөөнөткө жалгыз камап коюу;
b) узак убакытка жалгыз камап коюу;
c) камактагы адамды жарыгы жок же такай жарык күйүп турган камерага жайгаштыруу;
d) камалган адамды уруп-сабоо же тамак-аштын же таза ичүүчү суунун белгиленген көлөмүн азайтып берүү;
e) жамааттык жазалоо.
2. Тартип бузгандыгы үчүн жазалоо катары эч качан жоошутуу каражаттарын колдонууга болбойт.
3. Тартиптик жазалар же чектөө чаралары үй-бүлөсү менен жолугушуу үчүн тыюу салууну камтыбашы керек. Үй-бүлөсү менен байланышууга чектөө киргизүү узак эмес убакытка гана жана бул коопсуздук менен тартипти сактоо үчүн талап кылынган убакта гана чегерилиши керек.
Эреже 44
Ушул эрежелердин максаттары үчүн жалгыз камап коюу деген камактагылардын эркиндигин 22 саат бою же андан көп убакытка адамдар менен мазмундуу сүйлөштүрбөстөн чектеп коюу дегенди билдирет.
Узак убакытка жалгыз камап коюу деген катары менен 15 күндөн ашуун убакытка жалгыз камап коюу дегенди билдирет.
Эреже 45
1. Жалгыз камап коюу жазасын өзгөчө учурларда, болушунча кыска мөөнөткө, көз карандысыз көзөмөл болгон шартта жана компетенттүү органдын санкциясы менен гана чегерүү зарыл. Бул жаза камактагы адамдын өкүмүнөн улам чегерилбеши керек.
2. Эгер психикалык оорусу же дене-боюнда мандеми бар камактагы адамдарга карата жалгыз камап коюу түрүндөгү жаза колдонулганда алардын абалы начарлап кете турган болсо, аларга мындай жаза чегерүүгө тыюу салынат. Жалгыз камап коюу жана буга окшогон чараларды аялдарга жана жаш балдарга байланышкан жагдайларда колдонууга мурдагыдай эле тыюу салынган, бул туурасында Бириккен Улуттар Уюмунун кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыш-жаза сот адилеттиги жаатындагы башка стандарттарында жана ченемдеринде сөз кылынат.
Эреже 46
1. Медициналык кызматкерлер тартиптик жазаларды чегерүүгө же башка чектөөчү чараларды кабыл алууга катышпашы керек. Анткен менен алар мажбурлап жалгыз калтыруунун каалагандай формасына дуушар болгон камактагы адамдардын ден-соолугуна өзгөчө көңүл бурушу керек, анын ичинде күнүнө мындай камактагы адамдарга барып, алардын же түрмө кызматкерлеринин өтүнүчү боюнча тийиштүү медициналык жардам көрсөтүп же дарылап турушу зарыл.
2. Медициналык кызматкерлер түрмө мекемесинин директоруна тартиптик жазалардын же башка чектөө чараларынын ушул жазалар же чектөөлөр чегерилген камактагы адамдын дене-бойлук же психикалык саламаттыгына тийгизген кандай болбосун терс таасири жөнүндө токтоосуз кабарлап турушу зарыл. Ошондой эле камактагы адамдын дене- бойлук же психикалык абалына байланышкан себептен улам жазалоо чарасын же чектөөнү токтотуу же өзгөртүү зарыл деп эсептеген учурда өз пикирин директорго кабарлоого тийиш.
3. Медициналык кызматкерлер камактагы адамды мажбурлап бөлүп салуу режимин карап көрүүгө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу болушу керек, бул мындай жаза камактагы адамдын ден-соолугу начарлап кетишине же психикалык оорусу менен дене-бойлук мандемдеринин күчөшүнө алып келбешин камсыздоо максатында жасалат.
Эреже 47
1. Табияты боюнча ар-намысты басынткан же денени ооруткан кишендерди, чынжырларды же башка жоошутуу каражаттарын пайдаланууга тыюу салынышы керек.
2. Жоошутуунун башка каражаттарын, эгер мыйзамда буга уруксат берилсе, төмөнкү жагдайларда гана колдонуу керек:
a) камактагыларды башка жакка которуу учурунда качып кетүүнү болтурбоо максатында, мында камактагы адам сот же административдик органдын алдына бараары менен жоошутуу каражаттары алынып салынышы керек;
b) көзөмөлдөөнүн башка чараларынан майнап чыкпаган учурларда камактагы адамга өзүнө же башкаларга зыян келтирүүсүнө, же материалдык зыянга учуратуусуна тоскоолдук кылуу керек болгондо түрмө директорунун буйругу менен колдонулса болот; мындай учурларда
директор бул туурасында дарыгерге же башка квалификациялуу адистерге токтоосуз эскертип, жогору жактагы административдик органга кабарлайт.
Эреже 48
1. Эгер жоошутуу каражаттарын колдонууга 47-эреженин 2-пунктуна ылайык уруксат берилсе, төмөнкү принциптер колдонулат:
a) эч кандай чектөөсүз башка жакка которууга байланышкан
тобокелдиктерди четтетүү үчүн көзөмөлдөөнүн анча катаал эмес каражаттарынан майнап чыкпаган учурларда гана жоошутуу каражаттары колдонулушу керек;
b) жаралган тобокелдиктердин деңгээлин жана мүнөзүн эске алуу менен камактагы адамды башка жакка которууга көзөмөл кылуу үчүн зарыл болгон жоошутуу ыкмаларынын ичинен эң жумшагыраагы жана ылайыктуусу колдонулушу керек;
c) жоошутуу каражаттары зарыл болгон убакыт ичинде гана пайдаланылышы керек жана эч кандай чектөөсүз башка жакка которууга байланышкан тобокелдиктер жоюлгандан кийин болушунча эртерээк алып салынууга тийиш.
2. Жоошутуу каражаттары аялдарга карата толгоо, төрөт учурунда жана төрөөр замат колдонулбашы керек.
Эреже 49
Түрмө администрациясы жоошутуу каражаттарын колдонуу зарылдыгын жокко чыгарган же алардын катаалдыгын жумшарткан көзөмөлдөө ыкмаларын пайдаланууга умтулушу керек, ошондой эле аларды колдонуудагы кесиптик даярдыкты камсыздоого тийиш.
Эреже 50
Камактагыларды жана камераларды тинтүү иштерин жөнгө салган мыйзамдар менен ченемдик-укуктук актылар тийиштүү түрмө
мекемесиндеги коопсуздукту камсыздоонун зарылдыгына көңүл буруу менен эл аралык укуктук милдеттенмелерге шайкеш болуп, эл аралык стандарттар менен ченемдерди эске алышы керек. Тинтүү иштери адамдын ар-намысына жана тинтүүгө дуушар болуп жаткан адамдын жеке турмушунун кол тийбестигине сый-урмат менен мамиле кылынышын, шайкештик, мыйзамдуулук жана зарылдык принциптерин сактоону камсыздай тургандай болуп жүргүзүлүшү керек.
Эреже 51
Тинтүүлөр камактагы адамды коркутуп коюу же жеке турмушуна өзүм билемдикке салып кийлигишүү максатында колдонулбашы керек.
Отчеттуулук максатында түрмө администрациясы тинтүүлөр, анын ичинде толук чечинтип, денесинин бардык бөлүктөрүн карап чыгуу жана камераларды тинтүү туурасындагы тийиштүү отчетторду сактап коюшу керек, ошондой эле мындай тинтүү жүргүзүүнүн себептери, аларды жүргүзгөн адамдар жана тинтүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
Эреже 52
1. Интрузивдик тинтүүлөр, анын ичинде толук чечинтип, денесинин бардык бөлүктөрүн карап чыгуу өтө зарыл болгон учурларда гана жүргүзүлүшү керек. Түрмө администрациясына тинтүүнүн интрузивдик формасына байланышпаган тинтүүнүн альтернативалуу тийиштүү ыкмаларын иштеп чыгуу жана колдонуу сунушталат. Интрузивдүү тинтүүлөр жабык эшик артында өткөрүлөт жана камактагы адам кайсы жыныста болсо, ошол жыныстагы, тийиштүү даярдыктан өткөн кызматкер тарабынан ишке ашырылат.
2. Дененин бардык бөлүктөрүн карап чыгууга байланышкан тинтүүлөр камактагыларга кам көрүү үчүн негизги жоопкерчилик тартпаган квалификациялуу медициналык адистер, же болбосо гигиена, ден- соолукту сактоо жана коопсуздук стандарттарын сактоо маселелери боюнча медициналык адистердин даярдыгынан өткөн кызматкерлер тарабынан гана ишке ашырылат.
Эреже 53
Камактагыларга өздөрүнүн иштерине байланышкан өндүрүшкө тиешелүү документтер жеткиликтүү болушу керек, же болбосо аларга түрмө администрациясына жеткиликтүү болбогон мындай документтер өздөрүндө болушуна уруксат берилиши керек.
Камактагыларды маалымдоо жана алардын даттанууларды бериши
Эреже 54
Түрмөгө кабыл алууда ар бир камалган адамга токтоосуз түрдө төмөнкүлөргө байланышкан жазуу жүзүндөгү маалыматты берүү керек:
a) түрмөгө байланышкан мыйзамдар жана түрмө мекемесинин ички тартибинин колдонуудагы эрежелери;
b) анын укуктары, анын ичинде маалымат алуунун уруксат берилген ыкмалары, юридикалык кеп-кеңеш алуунун жеткиликтүү болушу, анын ичинде юридикалык жардам берүү, арыздарды же даттанууларды берүү жол-жоболору тутуму аркылуу жеткиликтүү болушу;
c) анын милдеттери, анын ичинде колдонулган тартиптик жазалоо чаралары;
d) камактагы адамдын түрмө мекемесиндеги жашоо шарттарына көнүп кетүүсү үчүн зарыл болгон бардык башка маселелер.
Эреже 55
1. 54-эрежеде сөз болгон маалымат түрмө контингентинин муктаждыктарына шайкеш көбүрөөк колдонулган тилде берилиши керек. Эгер камактагы адам бул тилдердин бирин да түшүнбөсө, ага котормочунун жардамын камсыздоо зарыл.
2. Сабатсыз камактагы адамдарга маалыматты оозеки түрдө берсе болот. Сенсордук майыптыктын тигил же бул формасынан жабыркаган камактагы адамдарга маалыматты алардын муктаждыктарына жараша берүү керек.
3. Түрмө администрациясы аталган маалыматтын кыскача баяндалышын түрмө мекемесинин жалпы колдонулуучу жайларындагы көрүнүктүү жерлерге илип коюуга тийиш.
Эреже 56
1. Ар бир камактагы адам күнүнө түрмө мекемесинин директоруна же ыйгарым укуктуу кызматкерге арыздары же даттануулары менен кайрылып турууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.
2. Түрмө инспекторлору инспекция жүргүзгөн мезгилде аларга арыздар же даттануулар менен кайрылууга мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш. Камактагы адамдардын инспектор же инспекциянын кайсы бир кызматкери менен ээн-эркин жана директор же мекеменин башка
кызматкерлери катышпай, толук купуялуулук сакталган шартта сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек.
3. Ар бир камактагы адам түрмө башкармалыгынын борбордук органдарына жана сот же башка компетенттүү органдарга, анын ичинде ишти кайра кароого ыйгарым укуктары бар же абалды оңдоо боюнча чара көрө ала тургандарга өзүнө жасалган мамиле боюнча арыз же даттануу менен кайрылууга мүмкүнчүлүгү болууга тийиш, бул кайрылуулардын мазмуну эч кандай цензурага дуушар болбошу керек.
4. Ушул эреженин 1-3 пункттарында каралган укуктар камактагы адамдын жактоочусуна да тийиштүү болушу керек. Камактагы адамдын да, анын жактоочусунун да мындай укуктарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда муну камактагы адамдын үй-бүлө мүчөсү же иштин жагдайын билген каалагандай башка адам жасаса болот.
Эреже 57
1. Бардык арыздар менен даттануулар тез арада каралышы керек жана аларга эч кандай кечеңдетүүсүз жооп берилүүгө тийиш. Арыз же даттануу четке кагылган же аларды кароо жүйөсүз эле кечеңдетилген учурларда арыз же даттануу берген адам аларды сот же башка органга жөнөтүүгө укугу болушу керек.
2. Арыз же даттануу бергиси келген камактагы адам өтүнгөн учурда ал арыздары менен даттанууларын коопсуз жана купуя жол менен жөнөтүшү үчүн кепилдиктер каралышы керек. Камактагы адам же 56-эреженин
4-пунктунда сөз болгон башка адам арыз же даттануу бергендиги үчүн эч канадй өч алууларга, коркутууларга же башка терс таасирлерге дуушар болбошу керек.
3. Камактагылардын кыйноолор же башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамилелерге же жазаларга дуушар болгондугу жөнүндө арыздары токтоосуз каралып, 71-эреженин 1 жана
2- пункттарына ылайык көз карандысыз мамлекеттик орган жүргүзгөн ыкчам жана бейтарап иликтөөгө негиз болуп бериши керек.
Эреже 58
1. Камактагыларга алардын үй-бүлөлөрү же достору менен тийиштүү көзөмөл алдында жана белгилүү бир убакыт аралыгында такай жолугуп турушуна мүмкүнчүлүк берүү керек:
a) жазуу жүзүндөгү кат алышуулар же, эгер мындай мүмкүнчүлүк болсо, телекоммуникациялык, электрондук, санариптик жана башка каражаттар аркылуу; жана
b) жолугушуулардын жүрүшүндө.
2. Жубайлардын жолугушуусуна уруксат берилген учурларда бул укук эч кандай басмырлоосуз берилиши керек жана камактагы аялдар бул укугун эркектер менен катар эле ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл. Коопсуздукту сактоо жана ар-намысын урматтоо маселелери тийиштүү деңгээлде эске алынган жана адилеттүүлүк менен тең укуктуулук принциби сакталган шартта жолугушууну камсыздоо үчүн тиешелүү жол-жоболор каралып, жайлар бөлүнүп берилиши керек.
Эреже 59
Камактагылар, мүмкүнчүлүккө жараша, өздөрүнүн үйлөрүнө же алардын социалдык реабилитациялануу жерлерине жакын жайгашкан түрмө мекемелерине жайгаштырылышы керек.
Эреже 60
1. Түрмө мекемесине келген адамдарды ичкери киргизүү алардын текшерип, кароодон өтүүгө макулдук беришине байланыштуу болот. Келген адам каалаган учурда макулдук берүү жөнүндө чечимин өзгөртүп коюшу ыктымал, мындай жагдайда түрмө администрациясы аны ичкери киргизүүдөн баш тартышы ыктымал.
2. Келген адамдарды текшерип, кароо жана ичкери киргизүү жол- жоболору басынткан мүнөздө болбошу керек жана, жок дегенде,
50-52-эрежелерде баяндалган жана коргоочу мүнөзгө ээ болгон принциптер менен жөнгө салынууга тийиш. Мында дененин бардык бөлүктөрүн текшерип караган тинтүүдөн баш тартып, балдарды эч качан тинтүүгө албоо керек.
Эреже 61
1. Камактагыларга өздөрү тандаган убакытта жана шартта жолугушуу, жактоочусу же юридикалык жардам көрсөткөн адам менен баарлашуу жана андан кеп-кеңеш алуу үчүн мүмкүнчүлүктөр эч кандай кечеңдетүүсүз, кийлигишүүсүз же цензурасыз жана колдонуудагы ички мыйзамдарга шайкеш каалаган юридикалык маселе боюнча купуялуулук толук сакталган шартта берилиши зарыл. Кеп-кеңеш берүү иши түрмө кызматкеринин көз алдында, бирок ал укпай тургандай шартта берилсе болот.
2. Камактагылар жергиликтүү тилде сүйлөй албаган жагдайларда түрмө администрациясы көз карандысыз квалификациялуу котормочунун кызматы жеткиликтүү болушун камсыздашы керек.
3. Камактагыларга натыйжалуу юридикалык жардам жеткиликтүү болушу зарыл.
Эреже 62
1. Камалган чет элдик жарандарга алардын өлкөсүнүн дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү менен байланышта болуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш.
2. Ушул мамлекетте дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгү жок болгон өлкөнүн жарандары болгон камактагы адамдар, ошондой эле качкындар жана жарандыгы жок адамдар алардын кызыкчылыгын коргоо милдетин өзүнө алган мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же аларды коргоо менен алектенген каалагандай улуттук же эл аралык орган менен байланышта болууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.
Эреже 63
Камактагы адамдарды гезит, журналдарды жана өзгөчө түрмөлүк басылмаларды окуп, радио угуп жана лекцияларга катышууга уруксат берүү менен, же түрмө администрациясынын органдары көзөмөлдөп турган жана уруксат берген каалагандай башка каражаттардын жардамы менен маанилүү жаңылыктардан такай кабардар кылып туруу зарыл.
Эреже 64
Ар бир түрмө мекемесинде камактагылардын бардык категориясы үчүн жеткиликтүү болгон жана көңүл ачуучу, ошондой эле билим берүүчү мүнөздөгү китептерди камтыган китепканалар болушу керек. Бардык камактагыларды китепкананын кызматынан колдонууга шыктандырып туруу зарыл.
Эреже 65
1. Эгер түрмө мекемесинде бир эле диний ынанымда болгон жетиштүү сандагы камалган адамдар болсо, ошол диндин квалификациялуу кызматкерин дайындап же тийиштүү диний жөрөлгөлөрдү аткарып турууга ага уруксат берүү керек. Эгер мындай камалган адамдардын саны жетишээрлик деңгээлде жогору болсо жана тийиштүү мүмкүнчүлүктөр бар болсо, мындай диний кызматкерди туруктуу негизде дайындап койсо болот.
2. Ушул эрежелердин 1-пунктунун негизинде дайындалган жана түрмө мекемесине кирүүгө укугу бар диний кызматкер такай диний
жөрөлгөлөрдү жасап турууга жана бул үчүн белгиленген убакытта өзүнүн дининде болгон камактагы адам менен мезгил-мезгили менен көзмө- көз жолугушуп, диний темалар боюнча баарлашып турууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.
3. Камактагы адамдарды каалагандай диний ынанымдагы дин кызматкери менен жолугушуп туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга болбойт. Экинчи жагынан алганда, эгер камактагы адам дин кызматкери ага келишине каршы болсо, анын мындай чечимине сый-урмат менен мамиле кылынууга тийиш.
Эреже 66
Иш жүзүндөгү мүмкүнчүлүккө жараша, ар бир камактагы адамга түрмө мекемесинин ичиндеги диний жөрөлгөлөргө катышып жана анын диний ынанымына тиешелүү болгон диний жазууларга ээ болуу менен өзүнүн диний керектөөлөрүн канааттандырып турууга уруксат берилиши керек.
Эреже 67
1. Түрмө мекемесиндеги колдонуудагы эрежелерге ылайык, камактагы адам түрмө мекемесине жаңы келген учурда анын жанында алып жүрүүгө укугу жок болгон баалуу буюмдары, акчасы, кийим-кечеги жана башка нерселер сактоо үчүн өткөрүлүп берилет. Мындай мүлктүн тизмесине камалган адам өзү кол коет. Аталган нерселер жакшы шартта сакталышы үчүн тийиштүү чаралар көрүлүүгө тийиш.
2. Камактагы адам бошотулган учурда ага коротууга уруксат берилген суммадан, түрмө мекемесинен тышкаркы жерлерге жөнөтүүгө уруксат берилген буюмдардан же санитардык себептерден улам жок кылуу зарыл болгон кийим-кечектеринен тышкары ага тиешелүү болгон бардык мүлк жана акча кайтарылып берилүүгө тийиш. Камактагы адам ага тиешелүү болгон акчаларын жана буюмдарын алгандыгы туурасында тил катка кол коюп берет.
3. Ушул эле нерселер камактагы адам ушул мекемеде болгон учурда алган каалагандай акча менен буюмдарга да тийиштүү болуп саналат.
4. Эгер камактагы адамдын жанында дары-дармектер же медициналык багыттагы буюм-тайымдар болсо, аларды эмне кылуу жөнүндө чечим дарыгер же башка квалификациялуу медициналык кызматкер тарабынан кабыл алынат.
Эреже 68
Ар бир камактагы адамдын өзүнүн камалгандыгы, башка мекемеге которулгандыгы, оор дартка чалдыккандыгы же денесине зыян келтирилгендиги жөнүндө токтоосуз өз үй-бүлөсүнө же байланышуу үчүн дайындалган башка адамга кабар берүүгө укугу, ошондой эле мүмкүнчүлүгү жана каражаты болушу керек. Камактагылардын жеке маалыматтарын берүү ички мыйзамдар менен жөнгө салынат.
Эреже 69
Камактагы адам каза болгон учурда түрмө мекемесинин директору бул туурасында токтоосуз түрдө анын жакын тууганына же өзгөчө кырдаалдар учурунда байланышуу керек болгон адамга кабар берет. Директор камактагы адам өзү анын ден-соолугунун абалы туурасында маалымат берилсе болот деп көрсөткөн адамдарга камактагы адамдын оор дартка чалдыккандыгы, денесине зыян келгендиги же медициналык мекемеге которулгандыгы туурасында кабаралйт. Камактагы адамдын жолдошуна же жубайына, же жакын тууганына ооруп калгандыгы же денесине зыян келгендиги жөнүндө айтпоо жөнүндө өтүнүчүнө сый-урмат менен мамиле кылуу зарыл.
Эреже 70
Түрмө администрациясы камактагы адамга жакын тууганынын же башка кымбат адамынын оор дартка чалдыккандыгы же каза болгондугу жөнүндө токтоосуз кабарлайт. Жагдайлар мүмкүндүк берген учурда камактагы адамга жакын тууганы же башка кымбат адамы оор акыбалда болгон кезде, жакын тууганынын же башка кымбат адамынын сөөк
коюу зыйнатына катышуу үчүн өз алдынча же кайтаруу алдында барып келүүсүнө уруксат берилиши керек.
Эреже 71
1. Ички иликтөөлөрдүн башталганына карабастан, түрмө мекемесинин директору камакта орун алган каза болуу, жоголуп кетүү же денеге
оор залака келтирүү учурлары туурасында токтоосуз түрдө түрмө администрациясына көз каранды болбогон, ушундай учурлардын жагдайларын жана себептерин тез арада, бейтарап жана натыйжалуу иликтөө тапшырылган сот же башка компетенттүү органга кабар берет. Түрмө администрациясы бул орган менен толук кандуу кызматташып, бардык далилдердин сакталышын камсыздашы зарыл.
2. Ушул эреженин 1-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенме расмий даттануу берилгенине же берилбегенине карабастан, түрмө мекемесинде кыйноолор же башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамиле кылуу же жазалоо орун алгандыгы жөнүндө негиздүү жүйөлөр болгон бардык учурларга карата колдонулса болот.
3. Ушул эреженин 2-пунктунда сөз болгон актылар орун алгандыгы туурасында негиздүү жүйөлөр бар болсо, окуяга тиешеси болушу ыктымал болгон бардык адамдар иликтөөгө такыр аралаштырылбай, күбөлөр, жабырлануучу же анын үй-бүлөсү менен эч кандай байланышы болбошу үчүн токтоосуз түрдө зарыл болгон чаралар көрүлүшү керек.
Эреже 72
Түрмө администрациясы каза болгон камактагы адамдын сөөгүнө татыктуу жана сый-урмат менен мамиле кылышы керек. Каза болгон камактагы адамдын сөөгү анын жакын туугандарына болушунча кыска мөөнөттө жана эң кеч дегенде иликтөөнүн аякташы менен өткөрүлүп берилиши керек. Түрмө администрациясы сөөк коюу зыйнатын өткөрүүнү каалаган же муну аткара ала турган башка тарап жок болгон учурда бул иш-чаранын маданий каада-салтты эске алуу менен өткөрүлүшүнө көмөк кылышы керек жана бул маселе боюнча бардык материалдарды сактап коюуга тийиш.
Эреже 73
1. Камалган адамдар камакка жөнөтүлгөндө же бир камактан экинчи камакка которулганда аларды колдон келишинче чоочун адамдардын көзүнөн жашырып, кемсинтүүдөн, обу жок кызыгуудан жана ачыкка чыгаруунун каалагандай түрүнөн коргоо үчүн бардык чаралар көрүлүшү керек.
2. Камактагы адамдарды бир жерден экинчи жерге жетиштүү желдетилбеген же жарыктандырылбаган, же дене-бою үчүн оорчулук алып келген оор шарттарда которууга тыюу салынышы керек.
3. Камактагы адамдар бир жерден экинчи жерге түрмө администрациясынын эсебинен которулат, мында аларды которуу иши бардыгы үчүн бирдей шартта ишке ашырылышы керек.
Эреже 74
1. Түрмө администрациясы бардык категориядагы кызматкерлерди тыкыр тандап алууга кам көрүшү керек, анткени түрмө мекемесин тийиштүү деңгээлде башкаруу ушул кызматкерлердин ак ниеттүүлүгүнөн, гумандуулугунан, компетенттүүлүгүнөн жана жеке инсандык сапаттарынан көз каранды болот.
2. Түрмө администрациясы өз кызматкерлерине жана коомчулукка алардын иши абдан чоң коомдук мааниге ээ экендигин талыкпай түшүндүрүп, буга ынандырып турууга тийиш. Бул үчүн ал коомдук маалыматтын мүмкүнчүлүктөрүн колдонушу керек.
3. Жогоруда сөз болгон максаттарга жетүү үчүн кызматкерлерди мамлекеттик кызматкердин макамына ээ жана алардын жүрүм-туруму жакшы, иши натыйжалуу жана дене-боюнун жөндөмдүүлүктөрү аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга ылайыктуу болгон шартта өз кызматын сактап калууга мүмкүнчүлүгү боло турганына ишеними бар болгон атайылаштырылган түрмө кызматкери катары толук жумушчу убакытка дайындоо керек. Алардын айлык акысынын көлөмү бул ишке аны аткарууга жөндөмдүү эркектер менен аялдарды тартып, кармап калууга дараметтүү боло тургандай деңгээлде болушу зарыл. Бул иштин өтө оор шарттарын эске алуу менен бул адамдарга тийиштүү жеңилдиктерди жана эмгек шарттарын камсыздоо керек.
Эреже 75
1. Бардык түрмө кызматкерлери жетиштүү деңгээлде билимдүү болушу керек жана өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрү менен каражаттары болушу зарыл.
2. Ишке орношуу алдында бардык кызматкерлер түрмө кызматкерлеринин жалпы жана конкреттүү милдеттенмелерин эске алуу менен кылмыш-жаза-укуктук илимдердеги заманбап негиздүү мыкты практиканы чагылдырган атайын даярдыктан өтүүгө тийиш. Түрмө мекемелериндеги ишке ушундай окутуунун аягында теориялык жана практикалык сыноолорду мыкты тапшырган талапкерлер гана алынышы керек.
3. Түрмө администрациясы аларды ишке алгандан кийин жана андан кийинки бардык ишмердүүлүгүндө өз кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү жана кесиптик квалификациясын жогорулатып туруу максатында аларды иштен ажыратпастан такай негизде окуу курстарын уюштуруп турууга тийиш.
Эреже 76
1. 75-эреженин 2-пунктунда сөз болгон даярдыкка жок дегенде төмөнкү маселелер боюнча окутуу иши камтылышы керек:
a) түрмө кызматкерлери өз ишинде жана камактагы адамдар менен иштешкенде алардын жоболорун жетекчиликке алышы керек болгон тийиштүү улуттук мыйзамдар, ченемдик-укуктук актылар жана саясат, ошондой эле колдонуудагы эл аралык жана аймактык документтер;
b) түрмө кызматкерлеринин өз функцияларын аткаруудагы укуктары менен милдеттери, анын ичинде бардык камактагы адамдардын ар- намысын сыйлоо, жүрүм-турумдун тыюу салынган түрлөрү, анын ичинде кыйноолор же ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамиле кылуунун же жазалоонун түрлөрү;
c) кайтаруу жана коопсуздук, анын ичинде динамикалык коопсуздук концепциясы, күч жана жоошутуу каражаттарын колдонуу, сүйлөшүүлөр жана ортомчулук сыяктуу жагдайды жөнгө салуу ыкмаларын жана алдын алуучу ыкмаларды тийиштүү түрдө эске алуу менен агрессивдүү укук бузуучуларга жасалган мамиле;
d) алгачкы жардам көрсөтүү, камактагылардын психосоциалдык муктаждыктары жана түрмө шарттарындагы тийиштүү динамика, ошондой эле социалдык жардам жана көмөктөшүү, анын ичинде психикалык саламаттыгына байланышкан көйгөйлөрдү эртелеп аныктоо.
2. Түрмө мекемелеринин камактагылардын белгилүү бир категориялары менен жүргүзүлгөн ишке жооптуу болгон же атайылаштырылган функцияларды аткаруу тапшырылган кызматкерлери атайын даярдыктан өтүшөт жана анын жүрүшүндө тийиштүү маселелерге өзгөчө көңүл бурулат.
Эреже 77
Түрмө мекемелеринин бардык кызматкерлери камактагылар үчүн үлгү
болуп, алардын урмат-сыйына татыктуу болуш үчүн дайыма өздөрүн татыктуу алып жүрүп, милдеттерин мыкты аткарып турушу зарыл.
Эреже 78
1. Мүмкүнчүлүккө жараша, түрмө кызматкерлеринин арасында психиатрлар, психологдор, социалдык кызматкерлер, мугалимдер жана кол өнөрчүлүк сабактарынын мугалимдери сыяктуу адистердин саны жетиштүү болушу керек.
2. Социалдык кызматкерлерди, мугалимдерди жана кол өнөрчүлүк сабактарынын окутуучуларын такай негизде иштеген кызматкерлер катары дайындоо керек, ошол эле учурда толук эмес жумушчу күн иштеген же ыктыярдуу негизде иштеген жумушчулар да ишке алынса болот.
Эреже 79
1. Түрмө мекемелеринин директорлорунун кызматына алардын мүнөзү, административдик жөндөмдүүлүктөрү, тийиштүү даярдыгы жана тажрыйбасы боюнча жетиштүү деңгээлде квалификациялуу болгон адамдарды дайындоо керек.
2. Түрмө мекемесинин директору бардык убактысын кызматтык милдеттерин аткарууга арнап, толук жумушчу ставкада иштеши керек. Ал же өзү башкарган түрмө мекемесинин аймагында, же болбосо ага жакын жайгашкан жерде жашашы керек.
3. Бир эле директорго эки же андан көп түрмө мекемелерин башкаруу милдети жүктөлгөн учурда ал алардын ар бирине кыска убакыт аралыктарында такай барып турууга тийиш. Ушул мекемелерди башкаруу иши ал жерде жашаган жооптуу кызматкерге жүктөлүшү керек.
Эреже 80
1. Директор, анын орун басары жана түрмө мекемесинин башка кызматкерлеринин көпчүлүгү камактагылардын көпчүлүгү сүйлөгөн тилди, же болбосо камактагылардын көпчүлүгү үчүн түшүнүктүү болгон тилди билиши керек.
2. Зарыл болгон жерлерде компетенттүү котормочунун кызматынан пайдаланса болот.
Эреже 81
1. Эркектер да, аялдар да камалган түрмө мекемелеринде аялдардын бөлүмү жооптуу кызматкер аялдын карамагында болушу керек, аталган бөлүмгө кире турган эшиктердин ачкычтары ушул кызматкер аялдын колунда болууга тийиш.
2. Жанында кызматкер аял коштоп жүрбөгөн учурда бир дагы кызматкер эркектин аялдардын бөлүмүнө кирүүсүнө жол берилбейт.
3. Камактагы аялдарга кам көрүү иши жана аларды көзөмөлдөө милдети аял кызматкерлерге гана жүктөлүүгө тийиш. Антсе да бул эркек кызматкерлерге, анын ичинде дарыгерлерге жана мугалимдерге аялдардын түзөтүү мекемелеринде же аялдарга бөлүнүп берилген түрмө мекемелеринде өз кесиптик милдеттерин аткарууга жолтоо болбошу керек.
Эреже 82
1. Камактагылар менен болгон мамилелерде түрмө кызматкерлеринин өзүн коргоого муктаж болгондо же качууга аракет жасалганда, ошондой эле мыйзамдарга жана ченемдик-укуктук актыларга негизделген буйруктарга активдүү же пассивдүү каршылык кылынган учурларда күч колдонууга укугу бар. Күч колдонгон кызматкерлер зарыл болгон иш- аракеттерди гана жасашы керек жана мындай инциденттер туурасында токтоосуз түрдө түрмө мекемесинин директоруна кабарлоого тийиш.
2. Түрмө мекемелеринин кызматкерлери үчүн агрессивдүү ниеттерин көрсөткөн камактагы адамдарды жоошутууга мүмкүнчүлүк бере турган атайын дене-бойлук даярдыкты камсыздап туруу зарыл.
3. Өз милдеттерин аткарууда камактагы адамдар менен түздөн- түз байланышта иштеген түрмө мекемелеринин кызматкерлери өзгөчө учурлардан тышкары мезгилде курал алып жүрбөшү керек. Андан тышкары, түрмө мекемелеринин тийиштүү даярдыктан өткөн кызматкерлери гана курал алып жүрүүгө укуктуу болушу керек.
Эреже 83
1. Түрмө мекемелерин жана пенитенциардык кызматтарды такай инспекциялоонун экилтик тутуму болушу керек:
a) түрмө башкармалыгынын борбордук органдары өткөргөн ички жана административдик инспекциялар;
b) түрмө администрациясына көз каранды болбогон орган, анын ичинде компетенттүү эл аралык же акймактык орган жүргүзгөн тышкы текшерүүлөр.
2. Ушул эки учурда тең инспекциялардын максаты – түрмө мекемелерин башкаруу колдонуудагы мыйзамдарга, ченемдик-укуктук актыларга, саясатка жана жол-жоболорго шайкеш жүргүзүлүп жаткандыгына, алардын иши пенитенциардык жана түзөтүү кызматтарынын алдына коюлган милдеттерге шайкеш келе тургандыгына жана камактагы адамдардын укуктары сакталып жаткандыгына ынануу болуп саналат.
Эреже 84
1. Инспекторлор төмөнкүлөргө укуктуу болушу керек:
a) камакта кармоо жайларында камалган адамдардын саны, мындай жайлардын жалпы саны жана алар жайгашкан жерлер жөнүндө бардык маалымат жеткиликтүү болушуна, ошондой эле камактагыларга мамиле кылууга, анын ичинде алардын каттоо документтерине жана камактагы жашоо-шарттарына байланышкан маалымат жеткиликтүү болушуна;
b) өздөрү барууну каалаган түрмө мекемелерин жана өздөрү баарлашууну каалаган камактагы адамдарды, анын ичинде өз демилгеси менен алдын ала пландаштырылбаган инспекцияларды өткөрүү жолу менен эч кандай тоскоолдуксуз тандап алууга;
c) түрмө мекемелерине барган учурда камактагы адамдар жана түрмө кызматкерлери менен күбөлөрсүз жана толук кандуу купуялуулук сакталган негизде маектешүүгө;
d) түрмө администрациясына жана башка компетенттүү органдарга сунуштамаларды берүүгө.
2. Тышкы текшерүү топторунун курамына компетенттүү орган дайындаган квалификациялуу жана тажрыйбалуу медициналык адистер кириши керек. Эркектер менен аялдардын тең салмактуу өкүлчүлүгүнө тийиштүү көңүл бурулушу зарыл.
Эреже 85
1. Ар бир инспекциянын жыйынтыгы боюнча компетенттүү органга жазуу жүзүндө отчет берилиши керек. Тышкы текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетторду ачыктоого тийиштүү көңүл буруу зарыл, мында камактагылар макулдугун бербеген учурда алардын жекече маалыматтары жарыяланбашы керек.
2. Түрмө администрациясы же башка компетенттүү органдар, жагдайга жараша, белгилүү бир мөөнөт ичинде тышкы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштамаларды аткарабы-жокпу - көрсөтүп бериши керек болот.
II. ӨЗГӨЧӨ КАТЕГОРИЯЛАРГА КАРАТА КОЛДОНУЛГАН ЭРЕЖЕЛЕР
А. СОТТОЛГОН КАМАКТАГЫЛАР
Жетектөөчү принциптер
Эреже 86
Төмөндө баяндалган жетектөөчү принциптер пенитенциардык мекемелерди башкарууга керек болгон демди жана бул мекемелер ушул эрежелердин 1-алдын ала эскертмелеринен улам жетүүгө умтулушу керек болгон максаттарды чагылдырып турат.
Эреже 87
Жаза өтөө мөөнөтү аяктоонун алдында камактагы адамдын акырындап коомдогу кадимки турмушка кайрылып келүүсү үчүн чаралар көрүлүшү жөндүү болот. Ар бир укук бузуучунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, эркиндикке чыгарылып жаткандарга же ал отурган түрмөнүн өзүндө, же кандайдыр бир башка мекемеде өзгөчө режим түзүп берүү, же камактагы адамды сыноо мөөнөтүнө бошотуу аркылуу бул максатка жетсе болот.
Сыноо мөөнөтү учурунда алар көзөмөл алдында болуусун улантышат, бирок көзөмөл кылуу милдети полиция бийлигине жүктөлбөйт жана натыйжалуу социалдык жардам менен коштолот.
Эреже 88
1. Камактагыларга мамиле кылууда алардын коомдон четтеп калгандыгын эмес, тескерисинче, ошол коомдун мүчөсү боюнча кала бере тургандыгын баса белгилеп туруу зарыл. Ошондуктан коомдук уюмдарды мүмкүн болгон бардык жерлерде камактагыларды коомдогу турмушка кайрып алып келүү максатында түрмө кызматкерлери менен кызматташууга тартып туруу керек.
2. Ар бир түрмө мекемесинде камактагы адамдын өз үй-бүлөсү жана ага пайдасы тие турган социалдык уюмдар менен мамилеси үзүлбөй,
бекемделип турушу жөнүндө кам көргөн социалдык кызматкерлер болушу керек. Камактагы адамдар өздөрүнүн жарандык кызыкчылыктары, социалдык камсыздоо жана башка социалдык жеңилдиктери жаатындагы укуктарын, анын ичинде - мыйзамдар жана алардын өкүмүнүн шарттары менен айкалышкан укуктарын болушунча сактап калышына чара көрүү зарыл.
Эреже 89
1. Бул принциптерди жүзөгө ашыруу камактагыларга жекече мамиле кылууну, демек, аларды топторго бөлүүнүн ийкемдүү классификациялоо тутуму болушун талап кылат. Ошондуктан, мындай топтор алардын
ар бири менен иштөөгө ылайыкталган өзүнчө түрмө мекемелерине жайгаштырылганы жакшы болот.
2. Мындай түрмө мекемелеринде ар бир топту кайтаруу үчүн бирдей чараларды көрүү зарыл эмес. Ошондой эле бул чаралардын катаалдыгын да топторго ылайыктап бөлүштүрүү туура болот. Тыкыр тандалып алынган камактагы адамдарды кайра тарбиялоо үчүн көбүрөөк жагымдуу шарттар ачык түрмө мекемелеринде орун алган, мында качып кетүүлөрдү болтурбоонун каражаттарына эмес, өзүн-өзү тартипке чакырууга басым жасалат.
3. Жабык түрмө мекемелеринде отурган камактагы адамдардын саны өтө көп болбогону жакшы, анткени бул аларга жекече мамиле кылууга мүмкүндүк берет. Айрым өлкөлөрдө мындай түрмө мекемелериндеги контингенттин саны 500 адамдан ашпашы керек деп эсептелинет. Ачык түрмө мекемелеринде камакта отургандардын саны болушунча азыраак болушу керек.
4. Экинчи жактан алганда, түрмөлөр аларда тийиштүү мүмкүнчүлүктөр менен тейлөөнү камсыздоо үчүн жетиштүү көлөмдө болушу зарыл.
Эреже 90
Коомдун милдеттери камактагы адам эркиндикке чыгышы менен токтолуп калбайт. Ошондуктан эркиндикке чыгып жаткан камактагы адамдар жөнүндө кам көрө турган, алардын кайрадан коомго аралашып кетүүсүнө жардам бере турган, алардын жаманатты болушуна каршы күрөшкөн мамлекеттик же жеке органдар болушу керек.
Эреже 91
Түрмөгө камалууга же буга окшогон башка жазалоого өкүм кылынган адамдарга мамиле кылууда алардын жаза мөөнөтүнүн узактыгын эске алуу менен мыйзамдарга баш ийип жашоого жана эркиндикке чыккандан кийинки жашоосун жөндөп кетүүгө умтулууга шыктандырып, ошондой эле жаңы турмушка көнүп кетүүсүнө жардам берүү керек. Аларга жасалган мамиле аларда өзүн сыйлоо жана өзүнүн жоопкерчилигин сезе билүү сезимин бекемдеп турууга тийиш.
Эреже 92
1. Бул максатта бул үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү керек, анын ичинде мүмкүн болгон өлкөлөрдө диний тейлөөнү, окутууну, кесиптик даярдыкты жана багыттама берүүнү, конкреттүү социалдык окуяларды изилдөөнү, ишке орноштуруу жаатындагы кеп-кеңештерди, дене тарбиясын жана мүнөзүн бекемдөөнү камсыдап, ар бир камактагы адамдын жекече керектөөлөрүн, анын социалдык жана кылмыштуу өтмүшүн, анын дене-бойлук жана акыл-эс жөндөмдүүлүктөрүн, темпераментин, камактагы жаза мөөнөтүнүн узактыгын жана боштондукка чыккандан кийинки мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен чараларды көрүү зарыл.
2. Жетиштүү деңгээлдеги узак мөөнөткө өкүм кылынган ар бир камактагы адамга карата түрмө мекемесинин директору аны кабыл алгандан кийин тез аранын ичинде ушул эреженин 1-пунктунда тизмектелген маселелер боюнча толук кандуу маалыматтарды алышы керек. Бул маалыматтарда дайыма дарыгердин же башка
квалификациялуу медициналык кызматкердин камактагы адамдын дене- бойлук жана психикалык абалы жөнүндө маалыматы камтылышы керек.
3. Бул баяндамалар жана камактагы адамга тиешеси бар башка документтер анын жеке документтер топтомуна тиркелип коюлушу керек. Жекече документтер топтому дайыма жаңы маалыматтар менен
толукталып турушу зарыл жана аны тийиштүү кызматкерлер зарыл болгон учурда керектүү маалыматтарын алса боло тургандай кылып сактоо керек.
Эреже 93
1. Классификациялоонун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
a) камактагы адамдарды өзүнүн кылмыштуу өтмүшүнөн же мүнөзүнөн улам аларга жаман таасир этиши мүмкүн болгондордон бөлүп коюу;
b) камактагылар менен аларды коомдогу жашоосуна кайтаруу максатында иштешүүнү жеңилдеткен категорияларга бөлүп коюу.
2. Камактагылардын ар кыл категориялары менен ишти, мүмкүнчүлүккө жараша, ар кайсы түрмө мекемелеринде же бир эле түрмө мекемесинин ар кайсы бөлүмдөрүндө жүргүзүү керек.
Эреже 94
Ар бир жетишээрлик узак мөөнөткө камалган адамды кабыл алгандан кийинки кыска мөөнөт ичинде жана анын мүнөзүн изилдөөнүн негизинде анын жеке керектөөлөрү, жөндөмдүүлүктөрү жана ыктуулуктары жөнүндө маалыматка таянып, аны менен иштешүү программасын иштеп чыгуу зарыл.
Эреже 95
Ар бир түрмө мекемесинде жеңилдиктер тутуму болушу керек жана камактагыларды жакшы жүрүм-турумда болууга, жоопкерчилик сезимин өнүктүрүүгө, кайра тарбияланууга кызыгуусун жаратууга жана кызматташууга умтулууга шыктандыруу үчүн алардын ар кыл
категориясына мамиле кылуунун ар кыл ыкмаларын иштеп чыгуу зарыл.
Эреже 96
1. Соттолгон камактагы адамдардын дарыгер же башка квалификациялуу медициналык адистер тарабынан алардын дене-бойлук жана психикалык жарактуулугу тастыкталган шартта иштөөгө жана/же өзүнүн реабилитациялануусуна активдүү катышууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.
2. Камактагы адамдарга кадимки толук жумушчу күнү боло тургандай кылып пайдалуу ишти аткаруу милдетин жүктөө керек.
Эреже 97
1. Камактагылардын эмгеги аларды азапка салбай тургандай болушу керек.
2. Камактагылар кулчулукта же мажбурланган абалда болбошу керек.
3. Бир дагы камактагы адам түрмө кызматкерлеринин жеке пайдасы үчүн иштеп берүүгө милдеттүү эмес.
Эреже 98
1. Камактагыларга камсыздалган иш, мүмкүнчүлүккө жараша, аларга квалификация бере турган же квалификациясын жогорулата турган, эркиндикке чыккандан кийин адал эмгек кылууга мүмкүнчүлүк берген иш болушу керек.
2. Мындан пайда алууга жөндөмдүү болгон камактагы адамдарды, өзгөчө жаш балдарды пайдалуу кол өнөрчүлүккө үйрөтүү керек.
3. Бул өнөрдү туура тандоого жана администрациянын талаптары, тийиштүү мекемедеги тартипке айкалыштырууга мүмкүн болгон учурларда камактагы адамдардын өзү тандаган ишти аткарууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.
Эреже 99
1. Түрмө мекемелериндеги ишти уюштуруу жана иштөө ыкмалары түрмөнүн сыртындагы тийиштүү жагдайларга болушунча жакын болушу керек, анткени мындай жол менен камактагы адамдар эркиндиктеги эмгек шарттарын өздөштүрүп алышат.
2. Ошол эле учурда камактагылардын кызыкчылыктарын жана алардын кесиптик даярдыгын түрмө өндүрүшүнөн каржылык пайда алууну көздөөгө бай ийдирүү керек эмес.
Эреже 100
1. Түзөтүү мекемелериндеги өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн жетектөө милдетин жеке подрядчиктерге эмес, түрмө администрациясына жүктөө жакшы болот.
2. Түрмө администрациясы көзөмөлдөбөгөн ишти аткарган камактагы адамдар түрмө мекемелеринин кызматкерлеринин такай байкоосу алдында болушу керек. Иш берүүчүлөр камактагы адамдар башка өкмөт мекемелери үчүн жумуш аткарган учурлардан тышкаркы мезгилде түрмө администрациясына тийиштүү ишти аткаргандыгы үчүн айлык акынын толук ставкасын төлөп бериши керек, мында камактагылардын эмгегинин өндүрүмдүүлүгү эске алынат.
Эреже 101
1. Эркин жумушчулардын коопсуздугун жана ден-соолугун сактоого байланышкан эрежелер түрмө мекемелеринде да колдонулушу керек.
2. Өндүрүштө денесине залака келтирилсе же кесиптик дартка дуушар болсо камактагыларга кенемте төлөнүп берилүүгө тийиш. Бул кенемтенин шарттары эркин жумушчуларга мыйзамда каралган кенемтенин шарттарынан кем калышпагандай болушу керек. Ж
Эреже 102
1. Жумушчу күндүн же жуманын максималдуу узактыгы мыйзам тарабынан же административдик токтомдордун негизинде эркин жумушчулардын эмгек шарттары жаатындагы салттарды же жергиликтүү эрежелерди эске алуу менен бекитилет.
2. Жумушчу убактысы камактагы адамдар жок дегенде жумасына бир күн эс алгыдай жана аларды кайра тарбиялоо үчүн зарыл болгон ишмердүүлүктүн башка түрлөрү менен окуу үчүн жетиштүү убактысы болгудай кылып бөлүштүрүлүшү керек.
Эреже 103
1. Камактагылар өз эмгеги үчүн тийиштүү тутумдун алкагында адилет сый акы алышы керек.
2. Бул тутумга ылайык камактагылар иштеп тапкан акчасына жеке пайдалана турган нерселерди сатып алууга жана тапкан акчасынын бир бөлүгүн үй-бүлөсүнө жөнөтүп турууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.
3. Бул тутумга ылайык, камактагы адам иштеп тапкан акчанын бир бөлүгү түрмө администрациясында сакталып, ал боштондукка чыккан учурда ага өткөрүлүп берилиши керек.
Эреже 104
1. Мындан өзүнө пайда алууга жөндөмдүү болгон бардык камактагы адамдарга буга жол берилген өлкөлөрдө билим алууга, анын ичинде диний жаатта тарбияланууга мүмкүнчүлүктөр камсыздалууга тийиш. Сабатсыз камактагы адамдарды жана жаш балдарды окутуу иши милдеттүү мүнөзгө ээ болушу керек жана түрмө администрациясы буга өзгөчө көңүл бурушу зарыл.
2. Камактагыларды окутуу иши колдон келишинче өлкөдөгү билим берүү тутумуна байланышкан болушу керек, анткени бул камактан бошотулган адамдарга эч кандай кыйынчылыксыз эле окуусун улантууга шарт түзөт.
Эреже 105
Бардык түрмө мекемелериндеги камактагы адамдарга алардын дене- бойлук жана психикалык саламаттыгын көздөө менен эс алуу жана маданий ишмердүүлүк мүмкүнчүлүктөрү камсыздалууга тийиш.
Эркиндикке чыккандан кийинки социалдык байланыштар жана камкордукка алуу
Эреже 106
Камактагы адам менен анын үй-бүлөсүнүн ортосундагы байланыштарды колдоо жана бекемдөө маселесине өзгөчө көңүл буруу зарыл, бул эки тараптын кызыкчылыгына тең жооп берет.
Эреже 107
Жаза мөөнөтүн өтөөнүн башталышында эле камактагы адамдын келечеги, ал эркиндикке чыкканда аны эмне күтүп тургандыгы туурасында ойлонуу керек. Аны буга шыктандырып, ага түрмөдөн сырткары жактардагы коомдун турмушуна аралашууга көмөктөшүп, анын үй- бүлөсүнүн кызыкчылыктарын коргой ала турган адамдар жана мекемелер менен байланышты колдоого жана бекемдөөгө жардам берип туруу зарыл.
Эреже 108
1. Эркиндикке чыккан камактагы адамдарга коомдогу өз орун табууга жардам берген өкмөттүк же башка кызматтар же уюмдар мүмкүн жана зарыл болгон жерлерде мындай адамдардын зарыл болгон документтерин жана күбөлүктөрүн алуусуна, ылайыктуу турак-жай менен жумуш табуусуна, климат менен жыл мезгилине ылайык кийим-кечеси болушуна жана эркиндикке чыккандан кийин өзү жашай турган жерге жетип алуусу жана жашоосу үчүн жетиштүү каражаты болушуна кам көрүшү керек.
2. Мындай уюмдардын аккредитациядан өткөн өкүлдөрү түрмө мекемелерине барууга жана андагы камалган адамдарга жолугууга мүмкүнчүлүктөрү болушу керек. Алар менен камактагы адамдардын жаза мөөнөтү башталган учурдан тартып бул адамдардын кийинки жашоо- турмушу туурасында кеңешип туруу зарыл.
3. Мындай уюмдардын ишмердүүлүгү алардын ишинин болушунча натыйжалуу болушун камсыздоо максатында борборлоштурулган же координацияланган негизде жүргүзүлүшү керек.
B. ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ООРУЛУУ ЖАНА/ЖЕ ДЕН- СООЛУГУ ООР АБАЛДА БОЛГОН КАМАКТАГЫ АДАМДАР Эреже 109
1. Кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деп эсептелген же олуттуу психикалык дарты бар жана/же ден-соолугу оор абалда болгон камактагы адамдар үчүн түрмө шартында болуу абалын начарлатып жибериши ыктымал болгондо аларды түрмө мекемелеринде кармоо керек эмес
жана тез арада психиатриялык клиникаларга которуу мүмкүнчүлүгү үчүн чараларды көрүү керек.
2. Зарыл болгон учурларда психикалык оорулары бар жана/же ден- соолугу оор абалда болгон камактагы адамдар квалификациялуу медициналык адистердин көзөмөлү алдында атайылаштырылган мекемелерде дарылануудан өтсө болот.
3. Медициналык кызмат мындай дарылоого муктаж болгон бардык камактагы адамдарды психиатриялык дарылоо менен камсыздашы керек.
Эреже 110
Зарыл болгон учурларда, эркиндикке чыккан камактагыларга психиатриялык кам көрүүнү, ошондой эле аларды социалдык- психиатриялык камкордукка алууну камсыздоо үчүн компетенттүү мекемелер менен макулдашуу боюнча чара көрүү максатка ылайык болот.
C. КАМАККА АЛЫНГАН ЖЕ СОТТУ КҮТҮП ЖАТКАН АДАМДАР
Эреже 111
1. Кылмыш жасады деген айып тагуу боюнча камакка алынган же камалган жана полиция участкасында же түрмө мекемелеринде (тергөө изоляторлорунда) отурган, бирок сотко чакырыла элек жана соттоло элек адамдар төмөнкү эрежелерде иши тергөөдө болгон камактагы адамдар деп аталат.
2. Иши тергөөдө болгон камактагы адамдар күнөөсүз болуп саналат, ошондуктан аларга тийиштүү түрдө мамиле кылуу керек.
3. Мыйзамдын инсандын эркиндигин коргоого тиешелүү болгон же иши тергөөдө болгон камактагы адамдарга мамиле кылуу жол-жоболорун камтыган ченемдерине каршы келтирбестен бул камактагы адамдарга төмөнкү эрежелерде баяндала турган өзгөчө режимди колдонуу керек, төмөндө бул режимдин негизги талаптары гана баяндалат.
Эреже 112
1. Иши тергөөдө болгон камактагы адамдарды соттолгон адамдардан өзүнчө бөлүп жайгаштыруу зарыл.
2. Иши тергөөдө болгон жаш камактагы адамдарды улуу адамдардан бөлүп, өзүнчө башка мекемелерге жайгаштыруу зарыл.
Эреже 113
Түнкүсүн иши тергөөдө болгон камактагы адамдарды климаттык шарттар менен түшүндүрүлгөн жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бир-бирден өз-өзүнчө жайларга жайгаштыруу зарыл.
Эреже 114
Тийиштүү мекемеде кабыл алынган тартипти бузбаган учурда иши тергөөдө болгон камактагы адамдарга, эгер алар кааласа, сырт жактан өз эсебинен, же түрмө администрациясынын органдары аркылуу, же үй-бүлө мүчөлөрү же достору аркылуу тамак-аш киргизүүгө уруксат берсе болот. Мындай болбогон учурда камактагы адамдын тамак-ашы администрация тарабынан камсыздалат.
Эреже 115
Иши тергөөдө болгон камактагы адамдар ылайыктуу жана таза кийинип жүрө алса, өзү кийимдерин кийип жүрсө болот. Эгер иши тергөөдө болгон камактагы адам түрмө формасын кие турган болсо, анын формасы соттолгон адамдардыкынан айырмаланып турушу керек.
Эреже 116
Иши тергөөдө болгон камактагы адамдарга иштегенге дайыма мүмкүнчүлүк берилиши керек, бирок алар сөзсүз иштөөгө милдеттүү эмес. Эгер мындай камактагы адам иштегиси келсе, анын эмгегине акы төлөнүшү керек.
Эреже 117
Эгер бул сот адилеттигин ишке ашыруу кызыкчылыгына, тийиштүү мекемедеги коопсуздук жана кабыл алынган тартип талаптары менен айкалышса, иши тергөөдө болгон бардык камактагы адамдардын өз каражаттарына же башка адамдардын эсебинен китептерди, гезиттерди, жазуу үчүн керектүү нерселерди жана аларга убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген башка буюмдарды сатып алууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.
Эреже 118
Эгер бул өтүнүчү жүйөөлүү болсо жана алар буга байланышкан чыгымдарды көтөрө алса, иши тергөөдө болгон бардык камактагы адамдарга алар түрмөдө болгон учурларда өз дарыгеринин же тиш дарыгеринин кызматынан пайдаланууга уруксат берүү керек.
Эреже 119
1. Иши тергөөдө болгон камактагы ар бир адам тез арада ал эмне себептен кармалгандыгы жана ага тагылган айыптар туурасында маалымдалууга акысы бар.
2. Эгер иши тергөөдө болгон камактагы адамдын өзү тандаган жактоочусу жок болсо, сот адилеттигинын кызыкчылыктары талап кылган бардык учурларда анын сот же башка орган тарабынан дайындалган жактоочусу болушу керек, эгер иши тергөөдө болгон камактагы адамдын анын кызмат көрсөтүүсүнө төлөп берүүгө жетиштүү каражаты болбосо,
эч кандай акы төлөбөй койсо деле болот. Жактоочу дайындоодон баш тарткан учурлар токтоосуз түрдө көз карандысыз органдар тарабынан каралышы керек.
Эреже 120
1. Иши тергөөдө болгон камактагы адамдын өзүн коргоо максатында жактоочуга же юридикалык жардам берген адамга жолугушууларын жөнгө салган укуктар менен шарттар 61-эрежеде көрсөтүлгөн принциптер менен жөнгө салынат.
2. Иши тергөөдө болгон камактагы адамга ал талап кылган мезгилде аны коргоого байланышкан документтерди, анын ичинде анын жактоочусу же ага юридикалык жардам көрсөткөн адам үчүн купуя нускамаларды даярдоо максатында жазуу үчүн керектүү нерселер берилиши керек.
D. ЖАРАНДЫК ИШТЕР БОЮНЧА КАМАЛГАН АДАМДАР
Эреже 121
Мыйзамдары карыздык милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбаган иштерге байланыштуу соттун буйругу менен камоого уруксат берген өлкөлөрдө ушундай тартипте камалган адамдарды ишенимдүү көзөмөл жана тийиштүү тартип үчүн зарыл болгон чектөөлөрдү же мамилелерди андан да катаалыраак кылып колдонууга дуушар кылуунун кереги жок. Мындай адамдарга иши тергөөдө болгон камактагы адамдарга жасалгандай эле мамиле жасалууга тийиш, мындагы болгон айырмачылык - булардын иштөөгө милдеттүү болушу ыктымал экендиги болуп саналат.
E. АЙЫБЫ УГУЗУЛБАСТАН КАМАККА АЛЫНГАН ЖЕ КАМАЛГАН АДАМДАР
Эреже 122
Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын3
9-беренесинин жоболоруна залакасын тийгизбестен, айыбын угузбастан эле камакка алынган же камалган адамдар ушул эрежелердин I бөлүгүндөгү жана II бөлүгүнүн С бөлүмүндөгү адамдардай эле коргоого алынат. Ушул эрежелердин II бөлүгүнүн А бөлүмүнүн тийиштүү жоболору да аларды колдонуу камакка алынган адамдардын ушул өзгөчө тобуна пайда алып келген учурларда пайдаланылат, мында түзөтүү же кайра тарбиялоо ыкмалары кандайдыр бир кылмыш иши үчүн соттолбогон адамдарга карата колдонулат дегенди билдирген чаралар көрүлбөйт деген шарт сакталышы керек.