Пробация боюнча кеңеш деген эмне?
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдындагы пробация кеңеши (мындан кийин - Кеңеш) жергиликтүү деңгээлде пробацияны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешүүчү жана консультациялык орган болуп саналат.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
Кеңеш төмөнкү аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт:
- иш менен камсыз кылуу жана социалдык коргоо органдарынын;
- билим берүү органдарынын;
- аламаттык сактоо органдарынын;
- ички иштер органдарынын;
- калкты каттоо органдарынын.
Кеңештин курамына коомчулуктун өкүлдөрү да (аксакалдар сотторунун, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, эмгек жамааттарынын же бизнес коомчулуктун) кире алышат. Кеңештин курамы 11 кишиден ашпашы керек.
Кеңеш өзүнүн ишин пландык негизде ишке ашырат жана кварталына бир жолудан кем эмес жыйын өткөрөт.
Кеңештин жетекчиси болуп Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы саналат. Кеңештин жетекчиси Кеңештин ишин уюштурат, Кеңештин ишине тиешелүү арыздар жана билдирүүлөр менен чыгат, Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
Кеңештин жеке курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечими менен бекитилет.
Кеңештин катчылыгынын функцияларын пробациянын аймактык органы аткарат.
Кеңештин катчылыгы:
- жыйын өткөрүлүүчү датага чейин үч күндөн кечиктирбестен жыйын өтүүчү убакыт жана жер, кароого киргизилген маселелердин тизмеси жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө маалымдайт;
- Кеңештин жыйындарынын протоколдорун жүргүзөт;
- Кеңештин жыйындарында кабыл алынган документтерди Кеңештин мүчөлөрүнө жиберүүнү камсыз кылат;
- Кеңештин чечимдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессин координациялайт;
- Кеңештин иши менен байланышкан маалыматты жалпылайт.
Кеңеш Кеңештин жалпы санынын квалификациялуу көпчүлүгү болгон, жыйынга анын курамынын 2/3ү милдеттүү катышкан учурда чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
Кеңештин жыйынынын процессинде аныкталган пробация маселелерин ыкчам чечүү максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан тиешелүү чечим (токтом, буйрук) чыгарылат.
Кеңеш төмөнкү принциптердин негизинде иштейт:
- мыйзамдуулукту сактоо;
- ар бир аймактык мамлекеттик органдын макулдашылган чечимдерди аткарууда өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынчалуулугу;
- макулдашылган чечимдерди аткарууда аткаруучулардын жеке жоопкерчилиги;
- маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
- кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо.
Кеңештин негизги максаты мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун жана башка катышуучулардын пробациялык ишти жүзөгө ашырууга жана өнүктүрүүгө багытталган чараларын координациялоо жана күч аракеттерин бириктирүү болуп саналат.
Кеңештин негизги милдеттери пробациялык ишти жүзөгө ашыруу жана өнүктүрүү боюнча ар жылдык пландарды иштеп чыгуу жана ушул Тартиптин 144-пунктунда белгиленген мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан анын ишке ашырылышын контролдоо болуп саналат.
Кеңеш максатка жетүү жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
- аймактык пробация органы тарабынан берилген пробацияны ишке ашыруу жаатындагы абалдын кырдаалын талдоо жана анын өзгөрүү динамикасы жөнүндө маалыматты угат;
- жергиликтүү деңгээлдеги пробация системасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин отчетторун, ошондой эле пробация жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы менен байланышкан көйгөйлүү маселелерди угат;
- кардарлардын социалдык адаптациялануусуна, кайра социалдашуусуна жардам көрсөтүү (билим алуу, ишке орноштуруу, медициналык тейлөө; реабилитациялык программаларга катышуу, кардарларды социалдык мекемелерге бөлүштүрүү, документтерин жана жоготулган укуктарын калыбына келтирүү ж.б.) жана кардарлардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча пробациялык иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- реалдуу өнөктөштүк мамилелер принциптеринде иш алып барат жана бардык мүчөлөрдү чечимдерди кабыл алуу процессинде катышууга жана өз пикирин айтууга толук укугу бар бирдей өнөктөш катары карайт.
Кеңеш өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан пробация маселелери боюнча анын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга укуктуу.