Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Президент Сооронбай Жээнбеков юстиция органдарын санариптештирүү маселеси боюнча юстиция министри Марат Джаманкуловду кабыл алды

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Президент Сооронбай Жээнбеков юстиция органдарын санариптештирүү маселеси боюнча юстиция министри Марат Джаманкуловду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков юстиция органдарын санариптештирүү маселеси боюнча юстиция министри Марат Джаманкуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкуловду кабыл алды.

2020-жылды региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкты ишке ашыруу чаралары талкууланды.

Марат Джаманкулов өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Юстиция министрлиги тарабынан санариптик технологияны киргизүүгө байланыштуу калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча тыкыр иштер жүргүзүлгөнүн маалымдады. Мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү Юстиция министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Юридикалык жактарды каттоого табыштамаларды берүү процессин автоматташтырып, жөнөтүлгөн табыштамалар тууралуу маалыматты онлайн режимде берүүгө жана көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн «Юридикалык жактарды онлайн каттоо» маалыматтык системасы иштелип чыгып, өлкөнүн бардык аймактарында пилоттук режимде ишке киргизилгени белгиленди. Сот органдары документтерди карап чыккандан кийин, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк 3 күн ичинде берилет.

Ошондой эле «Электрондук нотариат» автоматташтырылган маалымат системасы өлкөнүн бардык аймактарында пилоттук режимде ишке киргизилген. Ал «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу нотариустун Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка мамлекеттик органдардан маалымат алуусуна мүмкүндүк берет.

Бул чаралар калктын убактысын үнөмдөп, чыгымдарын азайтууга, юридикалык жактарды каттоодо, ошондой эле нотариустардын ишинде коррупциялык тобокелдерди жоюуга өбөлгө болот.

“2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Ачык Өкмөттү” куруу боюнча улуттук иш-аракеттер планынын алкагында Юстиция министрлиги “Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча бирдиктүү электрондук порталы” маалыматтык системасын ишке киргизүү боюнча иш жүргүзүп жатат.

Марат Джаманкулов 2019-жылдын сентябрынан тартып соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу алкагында Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн Пробация департаменти толук кандуу иштей баштаганын кошумчалады. Азыркы учурда конкурстук тандоо менен Департаменттин штаттык курамын толуктоо жүргүзүлүп жатат. Үстүбүздөгү жылы пробация органдары үчүн автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгып, аны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүү пландаштырылып жатат.

Ошону менен бирге юстиция министри калкка квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

2019-жылы 14 441 кишиге квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Адвокаттардын жардамы менен соттор алгачкы жолу 8 актоо өкүмүн чыгарышты. Эгерде мурда буга бюджеттен 16-20 млн сом бөлүнсө, 2019-жылы адвокаттардын көрсөткөн кызматы үчүн 77 млн сом бөлүнгөн. Калкка кылмыш иштери боюнча гана эмес, жарандык жана административдик иштер боюнча да акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүүдө.

Азыркы учурда, 26 акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунда жарандардын электрондук каттоо системасын киргизилген. Адвокаттардын реестринде 328 адвокат катталган.

Ошондой эле, Марат Джаманкулов, укуктук системаны жана анын элементтерин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо максатында Укуктук саясаттын Концепциясынын долбоору иштелип чыгууда жана өлкөдө укук үстөмдүгүн камсыз кылуу максатында 2020-2030-жылдарга карата Юстиция органдарын өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип жаткандыгын белгилеп өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү, ченем жаратуу процесстерин автоматташтыруу жана 2020-жылы юстиция органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча иштерди улантуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы көрсөтүлүп жаткан квалификациялуу юридикалык жардамдардын жана Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн экспертизалардын сапатын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...
  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER