Пробация департаменти терроризмди, экстремизмди жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча тренинг өткөрүүдө
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти терроризмди, экстремизмди жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча тренинг өткөрүүдө
Экстремизм жана терроризм Кыргызстан жана бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн олуттуу коркунуч туудурат.
Кыргызстанда иштөөгө тыюу салынган уюмдардын тизмесине ылайык, бүгүнкү күндө 21 уюм террористтик жана экстремисттик деп таанылган.
Бүгүнкү күндө пробация органдарынын эсебинде бүткүл Кыргызстан боюнча диний ырастоосу бар, анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон 138 адам турат.
Алардын ичинде:
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктагы пробациянын 107 кардары;
- Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктагы пробациянын 23 кардары;
- Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктагы пробациянын 8 кардары.
Диний кылмыштар боюнча соттолгондор, б.а. КР Жаза кодексинин диний кылмыштарга байланыштуу жоопкерчиликти караштырган беренелери боюнча соттолгондор да, соттун чечиминин негизинде пробациянын кардарлары боло алышат. Булар негизинен КР ЖК 314- жана 315-беренелери боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандар (КР ЖК 314-б. 1- жана 3-б. жана 315-б 1-б.*).
2021-жылдын 19-апрелинен 23-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти (мындан ары-Департамент) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары-ДИМК) менен бирдикте, ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгүнүн алкагында Европа Биримдиги каржылаган «Азияда (STRIVE Asia) зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» БУУӨП долбоорунун колдоосу менен "Пробациянын кардарларынын арасында экстремизмди, терроризмди жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу" темасына пробациянын аймактык органдарынын кызматкерлери жана диний кылмыштары үчүн жана үй-бүлөлүк зомбулук үчүн соттолгон кардарларга тренинг өткөрүүдө.
Иш-чара Департамент, ДИМК жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 25-январында түзүлгөн "Диний, экстремисттик жана террорчулук мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгон пробациянын кардарлары менен иштөө боюнча биргелешкен иш чаралар планын" ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт.
Тренерлер:
- Карабаев Медер Жаныбекович-КР ДИМКнын директору;
- Абдылдаев Марат Табалдиевич УКМК институтунун кафедрасынын начальниги, полковник;
- Аманбаев Манас Каримжанович-КР ИИМ милициянын подполковниги. Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызмат;
- Ажимаматов Зайлабидин Касымович-Ош Мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы, философия доктору;
- Фронтбек кызы Жамал – ПООЖ "Муткалим";
- Каримова Гульсара – Жалал-Абад казыятынын айымдарды окутуу бөлүмүнүн адиси;
- Эсенаманова Нургуль Сатындиевна-саясат илимдеринин кандидаты, Кыргыз Мамлекеттик юридикалык университетинин философия кафедрасынын доценти.бдылдаев Марат Табалдиевич-полковник, УКМК институтунун кафедра башчысы;
- Камчыбеков Асланбек Советбекович – " PROFILING KG GROUP" окутуу курстардын жетекчиси, мимика жана эмоция боюнча адис, профайлер - криминалист;
- Чакырылган эксперттер-КМДБнын Ош шаарындагы өкүлдөр.
19-21-апрелде эксперттер пробация органдарынын кызматкерлерине экстремисттик жана террордук агымдарга каршы туруу боюнча эл аралык жана улуттук мыйзамдар жөнүндө, исламдын негизги багыттары тууралуу айтып беришип, экстремизм жана терроризм түшүнүгү жана алардын багыттары тууралуу сөз жүргүзүшүп, Кыргызстанда иштөөгө тыюу салынган диний уюмдар менен тааныштырууда.
Тренингде биздин кесиптештер экстремисттик жана террористтик топтор азгыруун жалдоо түрлөрүн жана механизмдерин, диний кылмыштар үчүн соттолгон пробациянын кардарлары менен иштөө спецификасын жана ошол кардардын социалдык-психологиялык сүрөттөмөсүн, анын жүрүм-турум моделдерин, радикалдашуу даражаларын аныктоо, ошондой эле психологиялык изилдөө ыкмаларын жана башка көп нерселер тууралуу үйрөнүүдө.
Ошондой эле, 2021-жылдын 22-апрелинде пробациянын кардарларына исламдын багыттары жана Кыргызстанда иш жүргүзүүгө тыюу салынган диний уюмдарды кантип таануу, экстремисттик жана террористтик топторго катышууга чакырууга каршы туруу, диний, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчилик тууралуу, ошондой эле террористтик уюмдарга жана секталарга тартуунун кесепеттери тууралуу айтып беришет.
Мындан тышкары, бүткүл тренингдин ичинде жана тренинг бүткөн соң дагы бир нече күн бою экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча эксперттер диний кылмыштары үчүн соттолгон пробациянын кардарлары менен жеке иштерди жүргүзүшөт.
2021-жылдын 23-апрелинде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча эксперттер үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн соттолгон пробациянын кардарларына лекция өткөрүшөт. Аларга үй-бүлөдөгү зомбулуктун балдардын психологиясына жана жалпы коомго тийгизген таасири, ошондой эле аны колдонуу жоопкерчилиги тууралуу айтып беришет.
Ошондой эле ушул сыяктуу тренинг, май айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөрүү пландаштырылууда.