Пробация органдарында бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүлөт
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация органдарында бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүлөт
Кененирээк: https://probation.minjust.gov.kg/kg/o-departamente/2020-11-24-vakansiyalar.html
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти (мындан ары - Пробация департаменти) пробация органдарынын кадрларынын ички резервинде турган адамдардын арасында улук жана кенже бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына конкурс жарыялайт.
Конкурс Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципаллдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун 19-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
- Бишкек шаары боюнча борбордук аппаратта 4 бош кызмат орду;
- Нарын облусунун Жумгал району боюнча 1 бош кызмат орду;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Тоң району боюнча 2 бош кызмат орундар;
- Чүй облусунун Токмок ш., Чүй, Панфилов, Ысык-Ата райондору боюнча 5 бош кызмат орду;
- Талас облусунун Талас ш., Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондору боюнча 3 бош кызмат орду;
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгында 2 бош кызмат орун;
- Ош облусунун Кара-Суу жана Кара-Кулжа району боюнча 2 бош кызмат орун;
- Жалал-Абад ш., Таш-Көмүр ш., Сузак жана Чаткал району боюнча 4 бош кызмат орун;
- Баткен облусунун Кызыл-Кыя ш., Сүлүктү ш. жана Лейлек району боюнча 2 бош кызмат орун.
Маалымат телефону: 0990770712 Усманов Алмаз Олжобаевич – кадрлар секторунун башкы адиси.