Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан 2020-жылдын 14-июлунда жарыяланган бош иш орундары боюнча маектешүү өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан 2020-жылдын 14-июлунда жарыяланган бош иш орундары боюнча маектешүү өткөрүлдү
2020 -жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан 2020-жылдын 14 июлунда жарыяланган 34 вакансиянын 16 бош оруну боюнча аңгемелешүү болуп өттү.
Бош мамлекеттик административдик кызмат орундарына тестирлөө ушул жылдын 16-сентябрынан 22-сентябрына чейин Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөрүлгөн.
Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Пробация Департаменти конкурстук комиссиянын отурумун өткөрүп, төмөнкү кызмат орундарына талапкерлер менен жолугушту:
— Борбордук аппаратка: пенитенциардык пробация бөлүмүнүн башкы адиси жана адиси, ошондой эле окуу-методикалык бөлүмүнүн башкы адиси.
— Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгына: Бишкек шаарынын Свердлов районунун адиси, Чүй облусунун Сокулук районунун адиси, Жайыл районунун жетектөөчү адиси жана адиси, Москва районунун жетектөөчү адиси, Кемин районунун жетектөөчү адиси, Аламүдүн районунун адиси.
— Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгына: пенитенциардык пробация боюнча жетектөөчү адис, Ош облусунун Өзгөн районунун адиси, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жетектөөчү адиси жана Аксы районунун жетектөөчү адиси, Баткен облусунун Кадамжай районунун жетектөөчү адиси.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен 15 конкурсант кызматка дайындоого сунушталган.
Сурап-билүү телефону: +996 559 177 885 – кадрлар секторунун башкы адиси А.О. Усманов.
#probationkg #probation #probation_vacancy