Жалал-Абад шаарында пробация кардарларын жумушка орнотуу жана окутуу боюнча иш-чара өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Жалал-Абад шаарында пробация кардарларын жумушка орнотуу жана окутуу боюнча иш-чара өттү
2020-жылдын 16-октябрында Жалал-Абад шаардык Пробация органы, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүм менен биргеликте, пробация органында каттоодо турган 20 кардарга бош иш орундуктар жана жөлөк пул чегерүү боюнча иш-чара өткөргөн.
Иш-чаранын негизги максаты- жумушу жок кардарларды кесипке ээ кылуу жана жумушсуз жарандарды азайтуу.
Жолугушууда адистер азыр Жалал-Абадда пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу үчүн бош вакансиялар жөнүндө, пробациянын кардарлары ишене ала турган жөлөкпулдар жөнүндө, пробациянын кардарларын адистик алуу үчүн окутуучу 3 айлык акысыз курстар жөнүндө кеңири айтып беришти.
Ошондой эле кардарлар тарабынан берилген суроолорго жооп берип, кардарлар адистерден кызыктырган суроолоруна канаттандыраарлык жоопторду алышты.