Психоактивдүү заттарды колдонууну алдын алуу
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Психоактивдүү заттарды колдонууну алдын алуу
2020-жылдын 5-октябрында пробация органдарынын кызматкерлери AFEW Кыргызстан колдоосу менен Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь, Свердлов райондорунун органдарынын жашы жете элек кардарлары үчүн психоактивдүү заттарды колдонууну алдын алуу боюнча тренинг өткөрүштү.
Психологдор жана пробация органдарынын кызматкерлери өспүрүмдөр менен баңги заттарын колдонуу себептерин жана натыйжаларын талкуулашты.
Окутуунун максаты баңгиликтин жана баңги кылмыштуулугунун алдын алуу, ошондой эле баңги заттарга каршы көз карашты калыптандыруу жана сергек жашоо ыңгайы үчүн шарттарды түзүү.