Пробациянын кардары Талас облусундагы аз камсыз болгон он үй - бүлөгө азык-түлүк жардамын көрсөттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробациянын кардары Талас облусундагы аз камсыз болгон он үй - бүлөгө азык-түлүк жардамын көрсөттү
#Оңолууга_мүмкүнчүлүк
2020-жылдын 30-сентябрында Талас шаары жана Талас районунун пробация органы пробация кардарлары үчүн кайрымдуулук акцияциясын өткөрдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренесинде көрсөтүлгөн жорукту жазагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган, Талас шаары боюнча пробация органында каттоодо турган, белгисиз калууну каалаган кардардын, демилгеси жана колдоосу менен өткөрүлдү.
Кайрымдуулук акциясы муктаждыка чалдыккан кардарлардын пробация органына кайрылуусунун жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн Жеке программасынын натыйжасында ишке ашырылды.
Акциянын алкагында жардамга аз-камсыз болгон он пробация кардарларынын үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткизилди.
Маалымат катары: Бүгүнкү күндө Талас шаары жана Талас районунун пробация органында 93 кардар каттоодо турат.