Ак-Талаа пробация органы “ЖАРДАМ” аталыштагы иш-чара өткөрүштү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ак-Талаа пробация органы “ЖАРДАМ” аталыштагы иш-чара өткөрүштү
2020-жылдын 22-сентябрында Ак-Талаа райондук пробация органында “ЖАРДАМ” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Ак-Талаа райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн, Билим беруу бөлүмүнүн, ЖААК жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн, Үй-бүлөлүк медициналык бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Жогоруда айтылган мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте пробация органынын каттоосунда турган кардарларды ишке орноштуруу, документтерин калыбына келтируу, кайра окутуу, медициналык концультация алуу маселелери боюнча бетме-бет сүйлөшүүлөр уюштурулуп, Ак-Талаа районунун пробация органдарында катталган кардарлар чакыртылган адистерден кызыктырган суроолоруна жоопторду жана кенештерди алышты.