Талас облусунун пробация кызматкерлери жана соттордун өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Талас облусунун пробация кызматкерлери жана соттордун өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү
2020-жылдын 28-сентябрында Талас облусунун пробация органынын кызматкерлери Талас облусунун сотунун өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Жаза-аткаруу кодексинин, Жоруктар жөнүндө кодексинин, Пробация жөнүндөгү мыйзамдарынын, жана анын сот практикасында жана пробация органдарында колдонуу, ишке ашыруу жана практикалык иш жүзүндө процесстик иш жүргүзүү жагдайларына терең талкуу жүргүзүлгөн.
Мындан ары пробация жөнүндөгү мыйзамдарды жана аталган кодекстердин пробацияга байланыштуу аткарылышына максаттуу багыттар көрсөтүлгөн жана иш практикада жаралган орчундуу маселер боюнча жолугушууларды өткөрүп туруу керектиги белгиленген.