Пробация органынын жети кардары "Жардам" иш-чарасында консультация алды
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация органынын жети кардары "Жардам" иш-чарасында консультация алды
2020-жылдын 17-сентябрында Жумгал району боюнча пробация органынын кызматкерлери, жергиликтүү аткаруу бийлигинин жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүн өкүдөрү менен биргеликте, Жумгалдын пробация кардарларына кайра социалдаштырууга жана оор турмуштуктук кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүү максатында “ЖАРДАМ” иш-чарасын уюштурган.
Иш чарага Жумгал районунун администрациясынын юристи, билим берүү бөлүмүнүн өкүлү, үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборнун өкүлү, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн өкүлү катышып, пробация органынын 7 кардары тиешелуу социалдык-укуктук жардам, медициналык жардам, консультация алышты.