Түп районунун пробация кызматкерлери кардарларын окууга жөнөттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Түп районунун пробация кызматкерлери кардарларын окууга жөнөттү
2020-жылдын 22-сентябрында Ысык-көл жана Нарын облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгынын Түп райондук пробация органынын кызматкерлери, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистеринин катышуусу менен “ЖАРДАМ” иш чарасын өткөрүштү.
Ал иш-чарага Түп районунун алты пробация кардары катышты. Кардарлар менен маектешүүлөр жүргүзүлүп, кардарлар тараптан берилген суроолорго соц.өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлеринен толук кандуу жооп алышты.
Ошондой эле, Каракол шаарында жайгашкан №-2 лицейден окуудан өткөн бир пробация кардарына тракторчу-машинист кесипке ээ болгондугу тууралуу сертификат тапшырылган, ал үч айлык окууну Түп районунун пробация органынын жана соц.өнуктүрүү башкармалыгынын кызматкерлеринин көмөктөшүсү менен, стипендия алып, окуп бүткөн. Азыркы учурда дагы эки пробация кардары жогоруда аталган лицейде сварщик жана повар кесибине окуп жатышат.
Кийинки жылга кесиптик окуу жайларга окуганга дагы төрт пробация кардары катталышты.