Пробация кызматкерлери Нарында “ЖАРДАМ” акциясын өткөрүштү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация кызматкерлери Нарында “ЖАРДАМ” акциясын өткөрүштү
2020-жылдын 18-сентябрында Нарын шаары жана Нарын району боюнча пробация органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте «ЖАРДАМ» аттуу иш-чарасын өткөрүштү.
“ЖАРДАМ”га Нарын шаары жана Нарын району боюнча пробация органынын жана саламаттык сактоо уюмдардын кызматкерлери, калкты жумуш менен камсыз кылуу борборунун, билим берүү бөлүмүнүн, Нарын облусу боюнча юстиция башкармалыгынын, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Нарын шаары жана Нарын району боюнча пробация органынын каттоосунда турган 22 адам аталган иш-чарага келип, тиешелүү адистерге кайрылып, кеңеш алган.
Пробациянын кардарлары эң эле көп суроолору менен – Нарын шаары жана Нарын району боюнча билим берүү борборуна кайрылган, аларга 22 кардар өзүнүн жана бала-чакасынын билим алуусу боюнча суроолорго жооп алган.
Калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнө 20 кардар кайрылган, алардын ичинен 2 кардар паспортун жоготуп алгандыгын билдирип, адистен документтерди кайра жасатуу боюнча маалымат берилген.
Калкты жумуш менен камсыз кылуу борборунун өкүлүнө 20 кардар кайрылып, ишке орношуу, жөлөкпул алуу, кандайдыр бир адистикке ээ болуу үчүн курстарга окуу жөнүндө суроолор менен кайрылган.
Медициналык кызматкерге 19 кардар кайрылып, кан басымдарын өлчөп, ден-соолукка туура кам көрүү боюнча кеңеш алган. Маалымат үчүн туура тамактануу жөнүндө баракчалар таратылып берилген.
Юстиция башкармалыгынын өкүлдөрүнө 16 кардар кайрылып, адистен "Пробация жөнүндө" Мыйзамы жана Үй-бүлө кодекси боюнча консультация алган.