Жаңыланган пробация органдарынын үч офиси өз кардарлары үчүн эшигин ачты
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Жаңыланган пробация органдарынын үч офиси өз кардарлары үчүн эшигин ачты
Пробация институтун калыптандыруу жана материалдык-техникалык базаны түзүү боюнча иштер толук кандуу жүрүүдө.
2020-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгынын үч органынын (Ош ш., Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя ш.) кеңселеринин 2 500,0 миң сом суммасында БУУ БКБ донорлорунун колдоосу менен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, оргтехника жана кеңсе эмеректери менен камсыздоо бүткөндөн кийин ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын юстиция министри Марат Жаманкулов, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана КР Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу катышышты.
Пробация департаменти түзүлгөн учурдан тартып донорлордун колдоосунда дагы төрт пробация органдарында оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Алсак, БУУ БКБнын колдоосунда Аламүдүн районунун пробация органында 338,3 миң сомго жана Бишкек шаары жана Чүй, Талас облустары боюнча ААБында жана Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондору боюнча пробация органдарында, 2 534,3 миң сомго оргтехника жана кеңсе эмеректери менен камсыз кылынып, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен эки пробация органында: Токмок ш. 535,1 миң сом суммада жана Ош облусунун Алай районунун 114,5 миң сом суммада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Пробациянын кардарлары менен иштөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү бул органдын ишинин натыйжаларына сөзсүз таасирин тийгизээрин белгилеп, көрсөтүлгөн колдоо үчүн донорлорго ыраазычылыгыбызды билдиребиз.