Пробация департаменти бир да кайрылууну жообу жок калтырбайт
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти бир да кайрылууну жообу жок калтырбайт
КР Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти өзүнүн негизги ишмердүүлүгү менен бир катар, пробациянын кардарларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу, басмырлоо жана өз катарында коррупция менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Ай сайын Пробация департаментинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө тийиштүү аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүлөт, анда коррупцияга каршы аракеттердин стандарттары, кызыкчылыктардын кагылышында мамлекеттик кызматчынын жүрүш-турушу, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик түшүндүрүлөт.
Биздин кызматкерлер пробация органдарынын кызматкерлери тарабынан болобу, же пробациянын кардарларынын укуктарын көрсөтүүчү жактар тарабынан болобу, укукка каршы аракеттердин баарына бөгөт коюуга, кызматтык ыйгарым укуктарын кунт коюп жана так аткарууга жана КР мыйзамдарын так сактоого милдеттүү.
Пробация департаментинин probation.minjust.gov.kg сайтынын башкы бетинде коррупциялык көрүнүштөргө, басмырлоого, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузулуусуна туш болгон жарандар үчүн атайын бөлүм жайгаштырылган.
Шилтеме аркылуу өтүп жана атайын форманы толтуруу менен ар бир адам бизге онлайн кайрылууну жөнөтө алат, бул кайрылуу дароо иштелип чыгып, жарандардын кайрылууларын каттоо журналында катталып, тиешелүү чараларды көрүү үчүн пробация департаментинин жетекчилигине өткөрүлүп берилет.
Коррупция фактылары жөнүндө маалыматтарды камтыган ар бир кайрылуу боюнча кылдат текшерүү жүргүзүлөт, факты аныкталса, күнөөлүү адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаза тартат.
Ошондой эле, пробация органдарынын ар бир аймактык бөлүгүндө атайын жабык жана мөөр басылып бекитилген ишеним ящиктери бар, ага жарандар өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү арыздарын, даттанууларын жана сунуштарын калтыра алышат.
Мындан тышкары, бизге төмөнкү дарек боюнча кат жазып, аны жөнөтсөңүз болот: Бишкек ш., ч. Айтматов проспекти, 1 же электрондук почта аркылуу: probationkg@gmail.com, 0312 315-949 телефонунун номери боюнча чалыңыз.