Пробация департаментинин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун катышуучулары үчүн эссе темалары
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун катышуучулары үчүн эссе темалары
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин мамлекеттик жарандык кызматынын бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурстун катышуучулары!
2020-жылдагы 1-июль тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эссе жазуу жана аңгемелешүү 2020-жылдын 4-августунда саат 10:00дө Бишкек шаары, Ч.Айтматов пр. №1 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин алдындагы Пробация департаментинде өткөрүлөт. Сөзсүз түрдө, өзүңүз менен паспортуңузду, же башка өздүгүңүздү тастыктоочу документиңизди алып келиңиз, ошондой эле жаныңызда калем сап, медициналык кол кап жана бет кап болуусу зарыл.
Эссенин темалары
Кызмат орун: Каржы-чарба бөлүмүнүн (сатып алуулар боюнча) адиси
1. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жол-жоболору;
2. Мамлекеттик сатып алуулардын усулдары;
3. Негизги каражаттар.
Кызмат орун: Электрондук эсепке алуу жана мониторинг секторунун башкы адиси
1. Локалдык тармактын түзүмү жана мүмкүнчүлүгү.
2. Пробациянын автоматташтырылган маалымат тутумдарындагы (системаларындагы) маалыматтык коопсуздуктун ролу.
3. Операциондук системалардын артыкчылыктары жана кемчиликтери.
Кызмат орун: Аймак аралык башкармалыктардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкы адиси
1. Кайра социалдаштыруу процессинде пробациянын кардарларына социалдык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча жеке программанын ролу;
2. Кылмыштык сот өндүрүмүндөгү сотко чейинки пробациянын ролу;
3. Жашы жете электерге карата тарбия берүү мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларынын жана эскертүү берүү менен жүрүм-турумун чектөөнүн өзгөчөлүктөрү.
Кызмат орун: Аймак аралык башкармалыктардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетектөөчү адиси
1. Пробациянын кардарын коомго реинтеграциялоо.
2. Укук бузууларды алдын алуунун түрлөрү.
3. Коомдук жумуштары менен түзөтүү жумуштарынын айырмалары.
Кызмат орун: Жетектөөчү адиси (бухгалтер)
1. Бухгалтердик кызматтын милдети жана милдеттенмеси;
2. Эмгекке акы төлөө боюнча негизги түшүнүктөр;
3. Иш сапардык чыгымдарды эсепке алуу.