Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө Тартиби бекитилди
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө Тартиби бекитилди
Пробациянын бардык түрлөрүндө максаттаргаэффективдүү жетүү жана милдеттерди аткаруу максатында пробациянын кардарларынын жүрүм-турумун түзөөгө жана оңдоого катышууга коомчулук жана волонтерлор ыктыярдуу негизде тартылат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө Тартиби бекитилди.
Аталган документ волонтерлорду тандоону, пробация волонтерлорунун ишинин багыттарын жана уюштуруусун аныктайт.
Волонтерлорду тартуу пробациянын кардарынын социалдык байланыштарын калыбына келтирүүгө, кардарга оор турмуштук кырдаалдан чыгууга, кардарга тарбиялык таасир этүүдө жардам берүүгө, жазык-аткаруу системасынын айкындыгын жана ачыктыгын өнүктүрүүгө жагымдуу таасирин тийгизет.