КР Өкмөтү тарабынан КР Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин символика белгиси бекитилди
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / КР Өкмөтү тарабынан КР Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин символика белгиси бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнунда № 312 токтому менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин символика белгиси бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин символика белгисинин сүрөттөлүшү
Пробация департаментинин символикасы көк түс менен жээктелген алтын түстөгү алкактан турат, анын ортосунда коргоонун символу катары тегерек калкандын сүрөтү жайгашкан, ошондой эле ал бекемдиктин, асылдыктын, күч-кубаттын белгиси болуп саналат.
Анын ортосунда жаңы жашоого мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышынын символу катары оймолору менен улуттук оймолору менен ачкычтын сүрөтү жайгашкан. Жогорку планда тараза – адилетүүлүктүн атрибуту, төмөнкү планда эркиндикти, келечекке карай бийик ойлор менен көз караштарды билдирүүчү символ катары канатын жайган бүркүттүн сүрөтү тартылган.
Сүрөт алкакка алынып, анын жогорку иймегине “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ” деген сөздөр, төмөнкү иймегине “ПРОБАЦИЯ ДЕПАРТАМЕНТИ” деген сөздөр жайгаштырылган.
Улуттук оймолордун элементтери улуттук тарых менен маданияттын өнүгүү динамикасын чагылдырып, кыргыздын байлыгын жана байыркы эл экендигин көрсөтүп турат.
Символикада үч түс колдонулган – көк, ак жана алтын түс. Ак түс аруулукту, ак ниеттүүлүктү, чындыкты, ал эми көк — адилеттүүлүктү, акылмандыкты жана адам укуктарынын жогорку баалуулугун, алтын түс - руханий агартууну жана тунук ойлорду билдирет.