Пробация департаментинин сегиз кеңсесинде оңдоо иштери аяктады
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинин сегиз кеңсесинде оңдоо иштери аяктады
Кыргызстанда пробация органдарынын оңдоо-курулуш жумуштары аяктады.
2019-жылы жалпы 8 объектини оңдоо жана аларды тиешелүү кеңсе жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоо пландалган.
Соңку жылдын аягына карата пробациянын үч кеңсесинде ремонт иштери жүргүзүлдү, анын ичинде Пробация департаментинин Борбордук аппаратынын административдик имаратын реконструкциялоо да кирген.
Ремонт иштерине чейинки сурөт:
Ремонт иштеринен кийинки сүрөт:
2020-жылга карата региондордо пробация органдарынын беш офисинде оңдоо иштери аяктады:
– Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгынын кеңсесинде (Ош шаары);
– Жалал-Абад шаарынын пробация органынын кеңсесинде;
– Кызыл-Кыя шаарынын пробация органынын кеңсесинде;
– Ош облусунун Алай районунун пробация органынын кеңсесинде;
– Чүй облусунун Токмок шаарынын пробация органынын кеңсесинде.
Ремонт иштерине чейинки сурөт:
Ремонт иштеринен кийинки сүрөт:
Оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү, кеңселерди оргтехника жана эмерек менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бюджеттик каражаттардын эсебинен, ошондой эле БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана БУУӨПтүн колдоосу менен каржыланды.