Пробация органдары Ысык-Көлдүн блокпостторун ысык тамак менен камсыз кылышты
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация органдары Ысык-Көлдүн блокпостторун ысык тамак менен камсыз кылышты
2020-жылдын 11-апрелинде КР Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгынын (мындан ары Аймак аралык башкармалык) кызматкерлери Каракол шаарынын төрт карантиндик постун ысык тамак менен камсыз кылышты.
Контролдук блокпосттор республиканын облустук штабы тарабынан Covid-19 вирусунун тарашын алдын алуу үчүн уюштурулган – бул региондун калкын коргоо үчүн зарыл чара.
Ар бир постто милиция кызматкерлери, медиктер, ошондой эле элдик кошундардын ыктыярчылары турат.
Ошондой эле, Аймак аралык башкармалыгы, Кочкор райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте өзгөчө кырдаал учурунда кирешеси жок калган Кочкор районунун он беш пробация кардарларына 50 килограммдан 15 кап ун жеткизишти.
Аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Эрнест Намазбековдун айтымында Ысык-Көл жана Нарын облустарынын пробация кызматкерлери блокпосттордун ыкчам кызматкерлерине жана пробациянын кардарларына мындан ары да колдон келген жардам көрсөтүүнү улантат.
КР Юстиция министрлигин алдындагы Пробация департаменти бардык кыргызстандыктарды коменданттык саатты бузбоого жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сактоого чакырат!