Токмок шаарынын жана Чүй районунун пробация органы өз кардарларына азык-түлүк түрүндө көмөк көрсөттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Токмок шаарынын жана Чүй районунун пробация органы өз кардарларына азык-түлүк түрүндө көмөк көрсөттү
Токмок шаарынын жана Чүй районунун пробация органы оор абалга чалдыккан кардарларына азык-түлүк түрүндө көмөк көрсөттү.
2020-жылдын 1-апрелинде Токмок шаарынын жана Чүй районунун пробация органы, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте пробация кардарлары үчүн кайрымдуулук акция өткөрүштү.
Пробациянын кызматкерлери Кыргызстанда Covid-19 пандемиясын жеңүү үчүн киргизилген өзгөчө кырдаал учурунда кирешесиз калган беш пробация кардарларынын үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткизип беришкен.
Акциянын алкагында үй-бүлөсүнүн курамына жараша, бир кардарга 20 килограммдан баштап 1 капка чейин картошка; бир литрден: суюк май, томат пастасы, коюлтулган сүт; эки килограмм кесме, бир килограмм печенье, чай жана кант берилди.
Кайрымдуулук акциясы тамак-ашка муктаж жана аз камсыз болгон кардарлардын Токмок шаарынын жана Чүй районунун пробация органына кайрылуусунун натыйжасында ишке ашырылды.
Маалымат катары: Бүгүнкү күндө Токмок шаары жана Чүй районунун пробация органында 137 кардар каттоодо турат.