Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча ААБнын башчысы БУУнун Тынчтыкты куруу Фондунун өкүлдөрү менен жолугушуусу
2020-жылдын 2-мартында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгынын башчысы – Марс Сансызбаевдын БУУнун Тынчтыкты куруу жана медиация боюнча консультанты – Катинка Петчер-Хелбек жана эсеп жана мониторинг боюнча адиси – Ромейн Луцер менен иш жолугушуусу болуп өттү.
Пробация органдарынын конокторуна Кыргыз Республикасындагы пробация институту жөнүндө жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын пробация органдарынын иши, пробациянын кардарлары менен иш алып баруу, социалдык, психологиялык жардам көрсөтүү, пробациянын кардарларына жоготулган укуктарын жана документтерин калыбына келтирүү, аларга көмөк көрсөтүү башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жөнүндө айтып беришти. БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондунун өкүлдөрү Ош шаарында эсепте турган пробациянын кардарлары менен маектешип өттү.
Жолугушуунун алкагында БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондунун өкүлдөрү БУУнун БКБнын көмөгү алдында капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн пробация органдарынын кызматтык жайларына барышты.
Марс Сансызбаев БУУ БКБ пробация органдарына баа жеткис эксперттик-техникалык, материалдык жана техникалык жардам көрсөтүп келгендигине токтолуп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.